НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVII СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVII  СЕССИЯСЫНЫН

№  7  ТОКТОМУ

21-декабрь  2016-жыл                                                                                                                                    Нарын шаары

Нарын шаарында социалдык обьектилердин курулушун курууга шаардык мэрия тарабынан сунушталган жер тилкелерине макулдук берүү жөнундө

Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарынын инфроструктурасын жакшыртууга байланыштуу  шаарга курулуучу социалдык обьектилерге жер тилкесин бөлүүгө макулдук берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз  сессиясынын күн тартибине киргизүүгө 2016-жылдын 21-декабрында  №03\2093  сунуш каты менен кайрылган. Сунушта шаардык мэрия А.Садыков атындагы №9   мектепти жаңы куруу үчүн Нарын шаарынын Батыш тарабында жайгашкан шаардык  Питомниктин  жер аянтынан, №10 Ж.Чолпонбаев орто мектебин жаңы  куруу үчүн РТС чөлкөмүнүн Жаңы-Жер аймагынан жер тилкелерин бөлүп берүүгө  макулдук берүүнү өтүнгөн.

Нарын шаарынын инфроструктурасын жакшыртууга байланыштуу  шаарга курулуучу социалдык обьектилерге жер тилкесин бөлүүгө макулдук берүү боюнча Нарын шаарынын  1-вице мэри  А.Сурановдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын инфроструктурасын жакшыртууга байланыштуу Нарын шаарындагы А.Садыков атындагы №9   мектепти жаңы куруу үчүн  шаардын  Батыш тарабында жайгашкан шаардык  Питомниктин  жер аянтынан, №10 Ж.Чолпонбаев орто мектебин жаңы куруу үчүн РТС чөлкөмүнүн Жаңы-Жер аймагынан жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

.

 

  Төрага                                                                                   Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга

Добавить комментарий