НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 7/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН№  7/1 ТОКТОМУ

 

19-март  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарынын 2015-жылдын 1-январына карата

калган акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

             Нарын шаарынын 2015-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү»   Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Нарын шаарынын 2015-жылдын 1-январына карата жергиликтүү  бюджетте  калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекеме – ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин 2015-жылдын 1-январына карата суу кызматы үчүн карызды жабууга Нарын суу канал ишканасына 1948,6 миң сом (тиркеме тиркелет);

3.    Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык жана салык эмес жыйымдарды чогултууга келишимдин негизинде 3(үч) штаттык бирдик үчүн айлык акы жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 500,0 миң сом.

4.    Нарын Троллейбус ДЭПОсунун электр энергиясынын карызына 80,0 миң сом, социалдык фондко  карызына 80,0 миң сом, салык карыздары үчүн 40,0 миң сом, баардыгы   200,0 миң сом.

5.    Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                  Э.Турсуналиев

_____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине,     Нарын шаардык мэрияга, Нарын шаардык финансы бөлүмүнө.

Обсуждение закрыто.