НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
19-март 2015-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын мэриясынын 2014-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
2015-жылдын 1 –январына карата экономика жана өнөр жай тармагы боюнча 623 млн.668 миң сомго өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн же 106, 3 пайызды түзгөн бул көрсөтүч былтыркы жылга салыштырмалуу 500 миң сомго ашыкча продукция өндүрүлгөн. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1млрд 796 млн.сомду түзүп, 107,6 пайызга аткарылган бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 126,449 миң сомго өсүш берген. Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 569,9 млн сомго аткарылып111,5 пайызды түзүп, 2014-жылдын 1-январына салыштырмалуу 59млн.215 миң сомго жогорулаган. Салык тармагы боюнча Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети салык жана салык эмес кирешеси 2014-жылга карата 80142,0 миң сомго план берилсе, 80509,4 миң сомго аткарылып, 100,5 пайызды түзгөн. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгына салык чогултуу боюнча 128808,6 миң сом план тапшырма берилилсе, 132655,6 миң сомго же 103 пайызга аткарылып 3847 миң сом көп жыйналган.Мунун ичинен жергиликтүү бюджетке 64322 миң сомго план берилсе 65277,6 миң сомго аткарылган. 2014-жылга карата Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн программасы боюнча “Жол картасына” 2млрд 527млн 198 миң сомдук 77 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылса, бул долбоордун 41 долбоорго жалпысынан алганда 833,6 млн сомго мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылып иш алынып барылган. Муниципалды менчик багытында бүгүнкү күндө Нарын шаары боюнча 67 обьект жана инфраструктура Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн №827 токтому менен муниципалдык менчике берилген.Учурда шаар боюнча ижарага берилген жер аянтынын жана муниципалдык обьектердин саны 720. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше болугүн толтурууга 2100,0 миң сомго план тапшырма берилсе, 2208,9 миң сомго, же 105,2 миң сомду түзгөн.Жыл ичинде 7 жолу курулуш куруу жана жер комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, каралган 124 маселенинин ичинен 52 маселе канаттандырылып 16667,2 чарчы метр жер аянты убактылуу ижарага берилген. Нарын шаардык муниципалдык ички ресурстары көп болсо да мекеменин финансылык абалы учурдагы талабына ылайык болбостон, мекеме тарабынан жергиликтүү бюджетке 2208,9 сом жергиликтүү бюджетке түшсө, жалпы чыгым 2500,0 сомду түзүп, өзүн өзү каржылабастан кирешесинен чыгашасы көп.
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык багытында Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасы 17 көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы беттери акиленип, көчө жак беттери түнкүсүн күйүүчү дюралайт менен кооздолуп, шаардын 4 кире бериш тарабына 74 фонарлар жана көрк берүүчү светильник мамычарары орнотулган.Шаардын санитардык тазалыгын камсыз кылу таштанды төгүү боюнча 225 точка уюштурулган.Жалпы таштанды чыгаруу боюнча 9 маршрут түзүлүп 2014-жылы 5893 метр куб тиричилик таштандылары чыгарылган. Жыл ичинде таштанды үчүн элден 2813,8 миң чогултулуп,416,2 миң сомго эле кызмат көрсөтүлгөн.”Таза-Нарын” ишканасынын жалпы кирешеси 3292,7 миң сом болсо,жергиликтүү бюджеттен 15180,0 миң сом каржыланган.2014-жылдын аягында ишкананын аймак башчылары,контролер жана стат бөлүмү менен биргеликте мал каттоо болуп шаар боюнча жалпы бодо малдын саны 2082 түзсө, кой-эчки 21856 баш, ал эми канаттуулардын саны 6064 даананы түзгөн.
Шаар ичин жашылдандыруу багытында 2014-жылдын апрель айынан баштап ишембиликтер өткөрүлүп парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп шаар ичине 3000ден ашык тал-терек, 362 карагайдын көчөттөрү көчө жээктерине жана парктарга тигилди.Мындан сырткары гүл көчөттөрү отургузулуп, айрым парктардын тосмолору жана отургучтары сырдалып арыктар жана өткөөлдөр тазаланган.Жергиликтүү бюджеттен 474,3 миң сом акча каражаты каралып РТС аймагындагы Б.Жапаралиев паркы толугу менен кайрадан реконструкциядан өткөрүлүп, айланасы тосулуп, парктын ичине суу чыгарылып, отургуч , түнкү жарык берүүчү фонарлар жана балдар ойноочу ар кандай оюнчуктар орнотулган. Мындан сырткары 2835 тал терек жана 30 карагай көчөттөрү отургузулган.Ленин көчөсүндөгү профсоюуз уюмунун имаратынан Таалай көчөсүнө чейинки арыктарга лоток жаткаруу иштери үчүн 423,0 миң сомго 288 даана лотоктор алынып келинген. Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды тазалоо боюнча 2015-жылдын 1-январына карата шаардын калкы менен мекеме-ишканаларды таза суу менен камсыз кылуу боюнча 1200,0 м3 таза суу берилип, 732 миң метр ыплас суу тазалоодон өткөрүлгөн.2014-жылы шаардын Төш- Булак аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча АРИС программасы менен биргеликте 37 млн сомдук долбоорду ишке ашырып Төш-Булак аймагынын калкы толук таза суу менен камсыз болушкан.Бүгүнкү күндө шаар ичиндеги суу түтүктөрүнүн көпчүлүгүнүн эскилиги жетип, жылдан жылга жарылуулар көбөйүп келүүдө. Нарын шаарында таза суу пайдалануучу абонеттердин саны 8692 түтүндү же 26600 адамды түзөт.Нарын суу канал ишканасынын 2015-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 6313,3 миң сом, ал эми кредитордук карызы 1810, миң сомду түзөт.
2014-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде план 15250,8 миң сомго кабыл аынса, 14956,6 миң сом жыйналган же 98,1 пайызга гана аткарылган. Шаар элин жана социалдык обьектилерди күз кыш мезгилине карата даярдоо жана көмүр отун менен камсыз кылуу боюнча шаар боюнча 5297 тонна көмүр керектеле тургандыгы пландалса, бул көмүр толугу менен тартылып 100 пайызга аткарылган.Мунун ичинен Нарын жылуулук берүү ишканасына 2700,0 тонна, билим берүү тармагына 80 тонна,саламаттыкты сактоо тармагына 15 тонна, элге 2500 тонна көмүр тартылган.Мындан сырткары Нарын облустук ыйгарымукуктуу өкүлүнүн жардамы менен Нарын шаарына жалпы 2010 тонна көмүр отуну тартылып аз камсыз болгон үйбүлөлөргөжана мүмкүнчүлүгү чектелген 546 адамга жергиликтүү бюджеттен 546, миң бөлүнгөн. Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси тарабынан от жагуу мезгилине карата 22 откана 4055,9 сомго ремонттон өткөрүлүп баардыгы 82 көп кабаттуу турак жайларды, 31 менчик үйлөрдү, 19 республикалык бюджеттеги, 17 жергиликтүү бюджеттеги мекемелерди жана 1565 абонентти жылуулук менен камсыз кылат. 2014-жыл ичинде ишкана тарабынан 25340,9 Гкалория жылуулук өндүрүлүп план 105,9 пайызга аткарылган.Ишкананын 2015-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 26675,2 миң сом, ал эми “Чыгышэлектр” ААК ишканасына карызы 75689,6 миң сом болсо, мунун ичинен электр энергиясы үчүн 24937,3 миң сом болсо, үстөгү (пения) 50752,4 миң сомду түзөт.Энергетика тармагы боюнча электр тармактар ишканасы тарабынан өткөн жылы накталап ремонттоо иштерине план боюнча 1814,6 миң сом каралып, 3457,2 миң сомго ремонт иштери жазалып, план 190,5 пайызга аткарылган.Учурдагы оңдоого 1038,4 миң сом пландалса, оңдоо иштери 1675,6 миң сомго оңдоо иштери жасалып, 161,6 пайызга аткарылган, жыл ичинде 53 трансформатор ремонттон өткөрүлгөн.Шаардык электр тармактар ишканасы шаар боюнча 10500 жеке кардарды жана 1056 мекеме-ишканаларды, же 11556 кардарды электр энергиясы менен камсыз кылат.2014-жыл ичинде ишкана тарабынан 164741,9 миң кВт саат электр энергиясы же 136 590,5 миң сомго энергия сатылган.Кабыл алынган электр энергиянын ичинен коромдор 27065,2 миң кВт саат, же 16,43 пайызды түзөт. Ишкана тарабынан комерциялык жоготуларды азайтуу жана төлөмдөрдү жогорулатуу максатында рейддик иштер болуп кардарларга акт протокол түзүлүп Мыйзам бузган кардарлардын электр энергиясы өчүп 2533,8 миң сом кайрадан эсепке алынса да, дебитордук карыз 58941,6 миң сомду түзөт. 58941,6 миң сомдун ичинен элдин карызы 8295,8 миң сом, мекеме-ишканалардын карызы 50645,8 миң сом. Курулуш тармагы 2014-жылы шаар боюнча 111 млн 608 миң сомду түзгөн 27 обьект курулуп пайдаланууга берилген. Алсак 2 соода борбору, 3 контора-офис,13 соода борборлору, 2 кафе-ресторан, 2 техникалык тейлөө станцияларынын курулушу, 3 уюлдук байланыштардын базалык станциялары жана шаардын таза суу түтуктөрүн реабилитациялоо жумуштары. Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун жана социалдык мекеме-ишканалары тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылган. Саламаттыкты сактоо боюнча Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык –санитардык жардам көрсөтүүдө 5-ҮДТру жана тез жардам бөлүмү иш алып барат. Уй бүлөлүк медицина борборунда дарыгерлер менен камсыз болушу 61,5, ал эми орто медициналык кызматкерлер менен камсыз болушу 100 пайызды түзөт.Тактап атйканда 24 дарыгер жетишпейт (14 үй-бүлөлүк дарыгер, онколог, нарколог,рентгенолог, логопед, уролог, эндоскопист, иммунолог, физиотерепевт адистери). Иштеп жаткан дарыгерлердин 61,5 пайызы 55-60 жаштан өткөндөр, ал эми 35 жашка чейинки дарыгерлер 5,1 пайызды гана түзөт.2013-2014-жылдары депозит менен иш алып барууга жалпы 5 дарыгер тартылса, 3 дарыгер облустук бириктирилген ооруканасында, шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна 2 дарыгер келип орношуп эмгектенишүүдө.Алар үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 92000 миң сом батирлерине төлөнүп берилген.2014-жыл ичинде ҮМБнун материалдык техникалык базасын чыңдоого ОМСтин эсебинен гинекологиялык видео кольпоскоп 315000 сомго, ФЭК колориметр 148000 сомгоавтоклав 684283 сомго, партативный ЭКГ 86511 сомго жана 224687 сомго башка мед жабдыктар, 65500 сомго компьтер, принтер, ксерокс алынган. №2 ҮДТ нун имаратына 2 кошумча кабинет уюштурулуп, 102582 сомго ремонт иштери жүргүзүлгөн.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин 20.06.2006 №332 “Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы” боюнча амбулатордук шартта бекер дары-дармек менен камсыз кылууда жалпысынан 747 рецепт жазылып, 370354 сом дарыканаларга которулуп берилген. ФОМС тарабынан дары дармек боюнча кошумча пакет програмасынын негизинде 6635 рецепт жазылып 13355705 сом оорулуулардын дары-дармектери үчүн каржыланган. Же бул лимит 104 пайызга аткарылган.Министирлик тарабынан жыл ичинде дары дармекке 1980 016 сом ал эми 8360370 сомго гуманитардык жардам келип өз багытында таратылып келүүдө. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигинин №578-буйругунун негизинде тез жардам бөлүмү шаардык жана райондук болуп бөлүнүп, бүгункү күндө шаарды 1 гана тез жардам бригадасы тейлеп, чакыруулар өз убагында тейленбей 30-90 минутка чейин кечигүүлөр болууда.2014-жыл ичинде Нарын шаары боюнча жалпы өлгөндөрдүн саны 234 болуп, 2013-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга азайган. Шаар боюнча 2014-жылы 1058 бала төрөлгөн, 2013-жылга салыштырмалуу 127 балага көп төрөлгөн.Өлүү төрөлгөн балдардын саны 8, 1-жашка чейинки өлгөн балдардын саны 21, 14 жашка чейинки өлгөн ббалдардын саны 22.2013-жылга салыштырмалуу балдардын өлүмү 9 учурга азайган. ВИЧ/СПИД боюнча 2014-жылы СПИД оорусу менен 1 учур катталган. Ал эми бул оору менен ооругандардын саны 9 адам. Жугуштуу оорулардын саны 672 учур катталган, бурцелез оорусу менен 18 учур катталган, сарык оорусу 57 учур катталган, кургак учук оорусу боюнча 80 оору каттоодо турса, 2014жыл бул оору менен катталгандардын саны 50, өспүрүмдөр арасында катталгандардын саны 3. “Калкты кургак учуктан сактоо” Мыйзамына ылайык оорулууларга санаториялык жана ооруканага дарылоого 2014-жылы 70,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен болунүп берилген.
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар, оорулар боюнча 4 маселе бекитилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Бүгункү күндө саламаттык сактоо тармагында медициналык жабдыктар, дарыгерлер жетишсиз. Ак-Коргон чөлкөмүнө караштуу №3 дарыгерлер тобунун имараты начар, тез жардамдын эски имараты пайдаланууга мүмкун болбогондугуа байланыштуу жабылып турат. Билим берүү бөлүмү боюнча шаарда жаш муундарга окуу тарбия берүүчү 8 мектеп жана 6 бала-бакча, 2 спорт мектеби бар.Орто мектептерде 2014-2015-окуу жылына карата 7105 окуучуга 529 мугалим, ал эми бакчадагы 1799 тарбиялануучуга 77 тарбиячы-педагогогдор билим тарбия беришет.Билим берүү тармагы боюнча мектептердин жана бала-бакчалардын ремонт иштери үчүн өткөн окуу жылында 2 млн 408 миң 700 сом акча каражат берилсе, мунуничинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн735миң 800сом, республикалык бюджеттен 672900 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ысык тамак боюнча 1-4-класстарынын 3097 окуучусуна респубикалык бюджеттин эсебинен ар бир балага 10 сом өлчөмундө, жалпысы 5 млн 262 миң 200 сомго ысык тамак берилип жатат. Мектептерде жана бала-бакчаларда ысык тамак менен камсыз кылууга азык түлүк сатып алуу тендердик негизде өткөрүлөт.Мектептерде жана бала-бакчалардын материалдык техникалык базасын жакшыртуу, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө багытында жалпы 3519 954 сом тартылса, мунун ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 1142 228сом акча каражаты бөлүнүп берилген.МэрсиКО Эл аралык уюмунун программасына катышып шаардагы мектептер жана бала-бакчалар ашканаларды жакшыртуу, ашкана эмеректерин жаңыртылса, экинчи этабында балдар үчүн тамак аштар берилди. Долбоордун жалпы суммасы 1 787 954 сом болсо жергиликтүү бюджеттин 30 пайыз өздүк салым үчүн 555850 сом которулуп берилген. Мектептерде аш позчу штаты чечилбей келгендигине байланыштуу 2015-жылдын май айына чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 мектепке 5000 сомдон 20000 сом акча каражаты чечилип берилип үстүбүздөгү жылдын 19-январынан бери 4 мектептерде каша жана булочка берилүүдө. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги тарабынан 100 инновациялык программа боюнча мектеп директорлоруна ачык сынак жарыяланып, сынакка шаардагы №2 Чкалов атындагы мектеп гимназия жана №7 М.сыдыков атындагы орто мектеп катышып 2млн сомдук инвестиция тартылып жогорудагы мектептерге предметтик кабинеттерге эмеректер алынып келинип окуучуларга сабак берүүдө колдонулуп жатат. Предметтик олимпияда боюнча Нарын шаарындагы №8 А.Буйлаш уулу орто мекебинин 1 окуучусу1-орунду камсыз кылса, №10 Ж.Чолпонбаев орто мектебинин 2 окуучусу 4-6-орундарды,№7 М.сыдыков орто мектебинин 1 окуучусу 5-орунду камсыз кылган. Ал эми жалпы билим берүүчү орто мектептер арасында өткөн 11 сабак боюнча өткөн 8 мектептин 9-10-11-класстар арасынан 295 окуучу катышып, алардын ичинен 52 окуучу 1-орунду камсыз кылган.Жалпы мектептер боюнча алганда №10 Ж.Чолпонбаев орто мектеби 1-орунда, №2Чкалов мектеп гимназиясы 2-орунга, №8 Арстанбек Буйлаш уулу орто мектеби 3-орунга, №7 М.Сыдыков орто мектеби 4-орунга ээ болушкан.2013-2014- окуу жылында 9-класстагы 618 окуучунун ичинен 55 окуучу, 11-класстагы 376 окуучунун ичинен 36 окуучу артыкчылык күбөлүктөрүнө жана атестаттарына талапкер болуп, улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 11 окуучу артыкчылык атестатына татыктуу болушкан.Улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча №8 А.Буйлаш уулу орто мектебинин 2 окуучусу 200 баллдан жогору алышса, №2 Чкалов мектеп гимназиясынын 1 окуучусу 196 балл алган. Жалпы орто мектептер боюнча алганда компьютер менен 50%, принтер, факс, ксерокс жана методикалык китептер менен камсыз болуу 77% түзөт. Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептин “Наристе” бийчилер тобу “Жаш талант-2014” кароо сынагынын республикалык туруна катышып, 1-орунду камсыз кылышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу окүлчүлугү тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты бала-бакчасы” кароо сынагында шаардагы №14”Алтын балалык” балдар бакчасы “Мыкты бала бакча наамына” ээ болуп. 100 000 сом жана дипломго ээ болгон.Экс Президент Р.Отунбаеванын “мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун бири болгон “жайлоо шартындагы балдар бакчасын” ишке ашыруу максатында шаардагы 5 бала бакчага шаардык мэрия жана шаардык Кеңеш тарабынан 115000 сомго боз үй алынып берилген. Шаарыбызда учурдагы социалдык тармактагы көйгөйлүү маселеленинин бири болуп мектеп жашына чейинки балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу бала-бакчанын жетишсиздиги. Шаардагы 6 бала бакчасына нормага ылайык 700 бала тарбияланыш керек болсо, бугунку күндө 1799 бала тарбияланууда. 2014-жылы Нарын шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган 8 кылмыш иши катталган. Бул катталган кылмыш иши 12 өспүрүм тарабынан катталса, алардын ичинен 7 мектеп окуучусу, 1 орто окуу жайдын окуучусу, 4 окубаган өспүрүмдөр , 4 өспүрүм кылмыш ишин жасагандан кийин 18 жашка чыгышкан.Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда 36 жаш өспүрүм ар кандай тартип бузгандыгы жана коомго жат көрүнүш жасагандыгы тууралуу каттоодо турат.Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун , укук бузуулардын алдын алуу максатында шаардык мэрия, ички иштер бөлүмү, билим берүү болүмү менен биргеликте алдын алуу иш чаралары өткөрүлүп рейддер болуп турат. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2015-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду төлөөгө жалпы керектелүүчү сумма 80231, 4 миң сомду түзөт. Бир айга керектелүүчү каражат 9 млн сом. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.11.2011-жылдагы №727 токтомуна ылайык республикалык бюджеттен эмгекке жарамсыздык баракчасы жана расымдык жөлөкпүл (погребление) баардыгы 640 жаранга 17612,4 миң сом дайындалып, республикалык бюджеттен толугу менен каржыланган. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27 жаранга расымдык жөлөкпул үчүн 51,9 миң сом берилген.
Акчалай компенсация чектөө боюнча Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 01.01.2015-жылга карата акчалай компенсация алууга укуктуу 523 жаран каттоодо турат жана бул жарандарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.12.2009-жылдагы №795 токтомуна ылайык 11554,4 миң сом чектелип толөнүп берилген.Жергиликтүү бюджеттин жеңилдиктер статясынан 992,3 сом каралып, төлөнгөн.45 жоокер интенационолистке жана 2 курман болгон жоокердин үй бүлөсүнө, тактап айтканда 47 адамга республикалык бюджеттин эсебинен 235,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 47,0 миң сом материалдык жардам жана иш чара өткөрүүгө 30,0 миң сом болүнгөн. Мындан сырткары шаардык мэриянын буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринине жана ооруктун майыптарына 38,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.Нарын шаарында 1676 ден-соолугу боюнча мүмкунчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №469 токтомунун негизинде бөлмө ичинде жүрүүчү коляска менен 8 адам камсыз болушса, 24 жаранга дарылануу үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министирлигине берилген өтүнүчтүн негизинде курорттук-санаторияларга жолдомо акысыз берилген. Нарын шаарында 4587 үй бүлөгө же 18170 адамга соц паспорттор толтурулуп, жакырчылыктын деңгээли 37,4 пайызды түзөт.2015-жылга карта шаарда тоголок жетимдердин саны 39, жарты жетимдердин саны 290, соц жетимдердин саны 35.Толтурулган социалдык паспорттун негизинде жалгыз бой пенсионерлердин саны 87, мунун ичинен багууга жакын адамы жок жалгыз бойлордун саны 37. Мындан сырткары Нарын шаардык мэриясы жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 1-июнь балдарды коргоо күнунө, 8-март аялдардын эл аралык майрамына, 1-октябрь улгайган адамдардын, 7-апрель Элдик революция күндөрүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардамдарды беришип атайын иш чараларды уюштуруп келишет. Нарын райондук Социалдык фонд башкармалыгы 2014-жыл ичинде Нарын шаары боюнча пенсия алуучу жарандардын саны 7765 адамды түзөт. Бир айга пенсия толөмдөрү үчүн төлөнүүчү каражат 40млн 600 миң сомго жетет. Пенсиянын орточо колөмү 5224 сом.2014-жыл ичинде 335 адамга пенсия жаңы дайындалган. Нарын шаары боюнча Нарын райондук социалдык фондунун башкармалыгына камсыздандыруу взносторун өз убагында төлөбөй,карыздары өсүп жаткан мекемелердин саны 3, жалпы суммасы 1300, 3 миң сом. Алсак, Нарын суу канал ишканасы — 240,0 миң сом, Нарын турак жай башкармалыгы 789,6 миң сом, Нарын Троллейбус ДЭПОсу 270,7 миң сом. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министирлигинин Нарын райондук-Нарын шаардык бөлүмүнө 2014-жылы жумуш табуу максатында 770 атуул кайрылган, жалпы 1678 атуул жмумушсуздук боюнча каттоодо турат. Жмуушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууда өз алдынча жумуш менен алектенүүсү үчүн мал чарбачылык иштерин жүргүзүүгө жана соода сатык иштерине 2014-жылы 33 адамга, жалпы суммасы 1244,0 миң кайтарымдуу кредиттер берилген. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар уюштурулуп жыл ичинде 53 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган.Алардын эмгек акысы 1500 сомду түзөт. Жумушсуздар арасында өз кесибин өзгортүүнү каалаган же кесиби жокторго кесиптик жактан багыт берүүдө 2014-жылы ичинде 81 жумушсуз жаштар кесиптик окууга жиберилип алар №87 кесипчилик лицейинде, Борбордук Азия Универститетинин алдындагы үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде жана элди окутуу борборлорунда окушуп, жумушсуздар эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге, жыгач уста, үйлөрдү жылуулоо, жеке ишкердик жүргүзүү, компьтерде иштөө, тигүүчү жана бухгалтердик эсеп боюнча билим алышкан. Жыл ичинде 4 адамга жумушсуздук боюнча жөлөкпул чектелген. Нарын шаардык китепканасында “Токтом” системасын пайдалануу менен укуктук маалыматтар берилип турат. Китепканда ата-энелер үчүн ресурстук борбор ачылып, 1 компьтер берилген.Китепкананын жалпы китеп фонду 61067ни түзсө 2014-жылы 499 нуска илимдин тармактары жана көркөм адабияттар менен толукталып алардын баасы 91 920 сомду түзөт. 2014-жылы китеп пайдалануучулардын саны 8650 адам, китепканага келген окурмандардын саны 108 397, ал эми китептин берилиш саны 172 449. Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде окуучулар комуз, фортепиано, баян-аккардеон, чоор-сыбызгы болүмдөрүндө улуттук аспап боюнча 5 жыл окуп бүтушкөндөн Маданият жана маалымат министирлигинин күбөлүгүнө ээ болушат.2013-2014 –окуу жылында 17 окуучу музыкалык билимге ээ болушкан.Мектептин ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 45000 сом каражат, мектептин жылуулугу боюнча кыш мезгилинде 14 контрамарка жагылып, 80 тонна көмүр керектелет.Көмүргө кректелүучү 260 000 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен толөнүп берилген. Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин 1938- жылы курулуп, имарат авариялык абалда болгондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жаңы имарат куруу боюнча каттар жөнөтүлүп. Учурда заманбап Өкмөт тарабынан 2015-жылдын капиталдык салымдардын эсебинен курулуучу обьктилердин тизмесине киргизилип, долбоору бүткөрүлуп курулуш иштери башталган турат. Нарын шаардык маданият бөлүмү тарабынан 2014-жылы “2014-жыл Мамлекетти бекемдөө” жылына карата маданий массалык иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлгөн. Жалпысы ыр-кесеге шаардык мекеме, ишканалардан куралган 10 команда катышты. Бүгүнкү күндө шаардык маданият болүмүнун көйгөйлүү маселелеринин бири имараттын тардыгы, кесипкөй кадрлардын жоктугу. Мындан сырткары атайын каражатка берилген план аткарылбай келет. Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө 2014-жылга спорттун массалык түрун уюштуруп өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 205 500 сом бөлүнгөн. Республикалык бюджеттен 636 226 сом, демөөрчүлөрдөн 568 100 сом, жалпысы 1 409 826 сом жыл ичинде спорттун түрлөрү боюнча иш чараларды уюштуруп өткөрүүгө жумшалган. Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинде 438 бала спорттун 5 турунөн ( шахмат, волейбол, баскетбол,стол үстүндөгү теннис жана грек- рим күрөшү) машыгып келишет. 2014-жылы спорттук иш чараларды уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 300 000 сом бөлүнгөн.
2014-жылы ден соолукту чыңдоо борборунун ФОК 175 000 сомго тосулуп,бул каражат КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өнүктүрүү фондусунан, ал эми ички ремонтуна бөлүнгөн 230 000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп тиешелүү деңгээлде ремонт иштери жүргүзүлгөн. С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш мектебинде 320 кыз-улан эркин күрөш боюнча машыгып келе жатышат.2014-жыл ичинде спорттук иш-чараларды уюштуруп өткөрүүгө жана мелдештерге катышууга жергиликтүү бюджеттен 290 000 сом, ремонт иштери үчүн 50 000 сом бөлүнүп өз багытында жумшалган.Мындан сырткары спорт мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында Республикалык штанга федерациясы тарабынан 1 даана баасы 180 000 сомдук олимпиядалык штанга берилген.Аталган мектептин машыгуучуларынан Абдыкадырова Эльза Кыргыз Республикасынын аялдар арасында мелдеште 1-орунду, Астана шаарында өткөн эркин курөш боюнча Эл аралык мелдеште 5-орунду ,Түркмөнстанда аялдар арасында “бел боо” күрөшү боюнча өткөн дүйнолүк биринчиликте 3-орунду ээлеген. Кыргыз элин дүйногө тааныткандыгы үчүн жеңүүчүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Төрөбаев Ауиди А4 үлгүсундөгү авоунаасын, эл эми машыктыруучу К.Сыдыковго Степвагон үлгүсундөгү жеңил автоунаа белекке берилген.Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Жолдошбеков Улук 1-орунду камсыз кылган. Жогорудагы аткарылып жаткан иштерге карабастан Нарын шаарындагы билим берүү тармагына тиешелүү айрым мектептердин коллективинен , айрым бала бакчалар боюнча шаар тургундары тарабынан шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына, фракция депутаттарына арыз даттануулар келүүдө. Нарын шаардык мэриясынын тармактары боюнча 2014-жылда аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык мэриясынын тармактары боюнча 2014-жылда жалпы аткарылган иштер жөнүндө Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө салык жана салык эмес кирешелерге бекитилген план тапшырмаларын өз убагында аткаруу Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев), шаардык салык башкармалыгына (Ж.Мамырбаев) тапшырылсын.
3. Нарын шаарынын ген планын бүтүрүү жана Нарын шаарындагы орто мектептерге, бала-бакчаларга жергиликтүү бюджеттин акча каражатын үнөмдөө максатында суу ченемдерин орнотуу, Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасын ирээтке, тартипке келтирүү шаардык Кеңештин XXIV-XXV- XXVI- чакырылыштагы депутаттары тарабынан айтылып келсе дагы дээрлик 10 жылдан ашуун убакыттан бери бул иш аткарылбай келгендиги, шаардык мэрия тарабынан шаардык Кеңештин токтомдору менен аткарууга берилген бул маселе аткаруусуз жылдан жылга калып жаткандыгы белгиленсин жана 2015-жылы бул иштерди бүткөрүүнү колго алуу Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге милдеттендирилсин.
4. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын”, Нарын суу канал ишканаларынын өндурүшүнө пайдаланууга долбоорлорду жазуу, инвестицияларды тартуу менен жаңы техникалар менен камсыз кылуу, Нарын шаарынын жарыктана элек көчөлөрүн түнкү жарыктар менен камсыз кылууну, шаардын керектүү жерлерине жаңы светафор аппараттарын орнотууну, шаардын санитардык тазалыгын сактоого карата алгылыктуу иш аракеттер жасалып, таштанды үчүн чогулуучу акча каражаттарды өз убагында жыйноо жана чогулган акча каражаттарын өз багытында жумшоо Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев, А.Суранов) Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жетекчиси Б.Жакиев тарабынан колго алынсын.
5. Инвестицияларды тартуу менен чакан кичи ишканаларды ачып жумушчу орундарын түзүү, чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, көп кабаттуу турак жайларды курууга, мектеп жашына чейинки балдарды бала-бакчага тартуу үчүн жаңы бала-бакча курууга алгылыктуу иш аракеттерди көрүү шаардын мэри Р.Адиевге тапшырылсын.
- Шаардагы орто мектептердеги педагогикалык коллектив ортосунда ынтымакты чыңдоо, мектеп коллективи жана мектеп директорлорунун, бала-бакчалардын жетекчилери менен ата-энелердин ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюу, ынтымакта иш алып баруу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен республикалык олимпиядаларда алдынкы орундарды камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз аракеттерди жасоо, мектептин, бала-бакчалардын материалдык -техникалык базасын чыңдоо, инвестицияларды тартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, шаардык мэрияга (С.Эсенамановага), шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев), шаардык билим берүү бөлүмүнө (У.Турсунов) тапшырылсын.
7. «Таза-Нарын» ишканасынын, муниципалдык менчик департаментинин финансылык абалын жакшыртуу менен жогорудагы мекемелердин тапкан кирешесин чыгашасынан жогорулатуу үчүн тиешелүү деңгээлде иш алып баруу, берилген жыйымдардын пландарын көбөйтүү жана аларды жергиликтүү бюджеттен датациялоону азайтууга карата шаардык мэрия (Р.Адиев, А.Суранов) “Таза-Нарын” ишканасы (Б.Жакиев), муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов) иштиктүү аракеттер көрүлсүн.
8. Нарын шаарында жаш балдардын өлүмүн кыскартууга, жугуштуу ооруларды алдын алууга, шаар элине сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылууга, социалдык жактан муктаж калктын аярлуу катмарынын муктаждыктарын чечүүгө карата чараларды көрүү Нарын шаардык мэриясынын вице- мэри С.Эсенамановага, үй-бүлөлүк медицина борборунун директору А.Бердикожоевага тапшырылсын.
9. Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси (У.Айтиев) суу канал ишканасы ( Н.Максуталиев) , электр тармактар ишканасы (Т.Алымбаев) тарабынан дебитордук карыздарды өз убагында чогултууга жана Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо мекемеси (У.Айтиев) “Чыгышэлектр” ААК ишканасына, Нарын суу канал ишканасы (Н.Максуталиев), турак жай башкармалыгы (С.Орозобеков), Нарын толлейбус ДЭПОсу (Ж.Осмоналиев) райондук социалдык фонд башкармалыгына болгон кредитордук карыздарын жоюуга карата аракеттерди көрүшсүн.
10. Жаңы курулуучу ыплас сууларды тазалоочу жайдын , Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштерин баштоого, “Ак-Бечел” суу сактоочу жайдын курулуш иштерин бүткөрүүгө ыкчам аракеттерди көрүү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге милдеттендирилсин.
11. Нарын шаарындагы орто мектептердеги “МерсиКо” уюму аркылуу берилген азык -түлүктөрдүн ашып калгандарын окуу жылынын аягына чейин башка мектептерге же бала-бакчаларга берүү жолун “МерсиКо” уюму менен такташып чечүү Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев, С.Эсенаманова), шаардык билим берүү бөлүмүнө (У.Турсунов) тапшырылсын.
12. Нарын шаарында саламаттык сактоо тармагында жаш кесипкөй дарыгерлердин жетишсиздигин эске алып, жаш дарыгерлердин эмгектенүүсүнө шарт түзүү менен Нарын шаарына дарыгерлерди тартууга карата Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев, С.Эсенаманова) алгылыктуу иш аракеттерди көрүүнү колго алышсын.
13. Нарын шаарынынын парктарында, скверлериндеги жашыл аянттарга, бак-дарактарга зыян келтирип жаткан малдарды коруу боюнча шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан алыгылыктуу иш аракеттер көрүлбөй жаткандыгы белгиленсин жана Нарын шаардык мэриясы (А.Суранов), шаардык жашылдандыруу мекемеси (А.Токонов) тарабынан бул ишти колго алуу жагы тапшырылсын.
14. Нарын шаарындагы муниципалдык жер аянттарын тез арада тактап чыгуу, жер аянттарын каттоодон өткөрүү шаардык мэрия (Р.Адиев), шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) милдеттендирилсин.
15. Нарын шаарындагы көчөлөрдун аттарын тактоо, такталарга көчө номерин жазуу менен турак үйлөргө тагуу жагы шаардык мэрия (А.Суранов), шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына (Б.Жакиев) милдеттендирилсин жана аткарууга алынсын.
16. Нарын шаарынын элин сапаттуу жана өз учурунда тейлөө максатында Нарын шаарынын өзүнчө тез жардам бөлүмүнө кошумча медициналык бригада ачуу жана 1 реанимобиль менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте иш алып барып, маселени чечүү Нарын шаардык мэриясына(Р.Адиев, С.Эсенаманова), Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору А.Бердикожоевага тапшырылсын.
17. Шаардык Кеңештин бул токтомун аткаруу Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) милдеттендирилсин, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына, жылуулук берүү ишканасына, Таза-Нарын ишканасына, билим берүү бөлүмүнө, ЦСМге, ММДга, электр тармактар ишканасына, жашылдандыруу мекемесине, салык башкармалыгына