НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
19-март 2015-жыл Нарын шаары
2013-2014-жылдары Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы депутаттары тарабынан 2013-2014-жыл ичинде 19 сессия өткөрүлүп, жалпысынан 106 токтом кабыл алынган. Болуп өткөн сессиялардын ичинен 1 сессия уюштуруу маселеси боюнча, 5 сессия кезексиз, ал эми калган 14 сессия кезектеги тартипте өткөрүлгөн. Кабыл алынган 106 токтомдун ичинен 37 маселеге атайын бекитилген иш пландагы маселелер боюнча токтом кабыл алынган. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттары тарабынан сунушталган 33 маселеси сессиянын күн тартибине киргизилсе, 23 маселе шаардык мэрия жана шаардык мекемелердин атайын сунуш катынын негизинде тиешелүү туруктуу комиссиянын кароосунан кийин сессияга сунушталып токтом кабыл алынган. Шаар туругундарынын атайын сунуш катынын негизинде туруктуу комиссиянын макулдугу менен 3 маселе сессияга киргизилип, токтом кабыл алынса, атайын шаардык Кеңештин буйругунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын билдирүүлөрүнүн негизинде 3 токтом, мекемелердин сунуш катынын негизинде туруктуу комиссиянын кароосунан кийин сессияга сунушталып, бирок депутаттардын колдоосуна ээ болбогондуктан 5 токтом кабал алынган .
Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында 2013-2014-жылдарда кабыл алынып шаардык мэрияга жана тиешелүү мекемелерге аткарууга берилген токтомдордун айрымдары тиешелүү деңгээлде аткарылган жок десек болот. Шаардык мэрия тарабынан аткарууга берилген токтомдор боюнча келген жооптор учкай, кыска мааниде, же аткарылчу иштер боюнча “бул маселе боюнча иштерди аткаруу пландаштырылууда”, “аткаруу үчүн иш планга киргизилди”, “тиешелүү жактарга каттар жөнөтүлдү”, “ аткаруу үчүн түшундүрүү иштери жүргүзүлүүдө” деген гана жооптор келген. Алсак, 2013-жылдын 12-мартында Нарын шаардык Кеңешинин IV сессиясынында Нарын шаардык мэриясынын 2012-жыл үчүн аткарган иштери тууралуу отчетундакабыл алынган шаардык мэрияга аткарууга берилген №1 токтомдун 14 пункту, башкача айтканда шаардын социалдык экономикалык өсүшүнө багытталган бир катар маселелер боюнча иштерди аткаруу тапшырылгандыгына карабастан алгылыктуу иш аракеттер көрүлгөн эмес. Токтомдо шаардагы менчиктештирилген ири жер аянттарын жана ага төлөнүүчү төлөмдөрүн, базарларда иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди кайрадан тактоо, Инвестицияларды тартууга карата шаардын мекемелерин, ишканаларынын, мектептердин, бала-бакчалардын жетекчилери менен бирдикте жетиштүү чараларды көрүү, шаардын генпланын иштеп чыгууга тийиштүү мекемелер менен келишим түзүү, Шаардык мэрия тарабынан шаарга азык-түлүк азыктарын иштетүүчү чакан ишканаларды ачууга, ветеринардык тейлөөнү жакшыртууга, чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды курууга, борбордук көчөнүн жолун оңдоо иштерин улантууга, Нарын шаарында мектеп жашына жете элек бала-бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала-бакча курууга инвестиция тартуу маселесин тез арада чечүү, шаардын суу канал ишканасына тендер өткөрүү менен бир эксковатор техникасын өндүрүшкө пайдаланууга сатып алуу, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мектептерге, бала-бакчаларга сууга төлөнүүчү төлөмдөрдү (акча каражатын) кыскартуу максатында суу ченемдерин( водомер) орнотуу, Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин жылуулук системасын электрдик жылытууга өткөрүү жагы тапшырылган. 2013-жылы 30-апрель V сессиясынын №2 токтому менен Нарын шаардык куткаруу кызматына куткаруу иштерин жүргүзүүдө эң керектүү болгон жабдыктар үйлөтмө кайык, суу костюмдары, куткаруучу жилеттер менен камсыз кылуу жагы тапшырылып, бул маселе боюнча шаардык мэрия жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылса да тиешелүү иш аракеттер көрүлбөгөн. Ал эми Нарын шаарынын билим берүү тармагы боюнча шаардык Кеңештин сессияларында мектептерде балдардын билим сапатын жогорулатуу, республикалык олимпиядаларга катышуу боюнча алдынкы орундарды камсыз кылуу, долбоорлорду жазуу менен мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча, мектеп окуучулар арасында кылмыштуулукту болтурбоого карата аткарууга берилген бир нече токтомдор кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдорду аткарууда шаардык мэриянын тиешелүү тармагы токтомдун аткарылышы боюнча конкреттүү иш аракеттер боюнча белгилеп көрсөтпөстөн аткарылган иштер боюнча учкай гана маалыматтарды берип келүүдө. Акыркы мезгилдерде шаардагы орто мектептердин, бала-бакчалардын жетекчилеринин ишмердүүлүгү боюнча шаардык Кеңешке бир катар арыз даттануулар келип түшүүдө. Билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгү боюнча бир катар токтомдор кабыл алынып аткарууга берилсе да бүгүнкү күнгө чейин токтомдун аткарылышы боюнча так маалыматтар берилбей келет.
26-август 2013-жылдагы VIII сессиясынын №4 токтому менен Нарын шаарынын Чыгыш аймагын ( РТС ) “ Кыргызстан- Бириккен Араб Эмираттары элдеринин Достук “ аймагы деп атоого макулдук берилип токтомдо аталган аймактын инфростуртурасын жакшыртуу, инженердик -коммуникациясын куруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү, “Хьюман Эппиел Интернейшнл” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 2013-2014-жылдардагы аткарылуучу иштердин иш чараларын аныктап, Мыйзамга ылайык эки тараптуу атайын өз ара келишимдерди түзүү жана шаардык Кеңештин сессиясына маалымат берүү жагы шаардык мэрияга тапшырылса да,бүгүнкү күнгө чейин жасалып жаткан иштер боюнча так маалымат берилген эмес. Ушул эле сессияда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурунку урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн имараттарын ошол жерде жашаган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кийин сатып алуу менен жеңилдетилген шартта узак мөөнөттүү ижарага берүү жөнүндө 8-токтому кабыл алынып,шаардык Кеңеш бул токтомду көрсөтүлгөн мыйзам талаптарына жараша кабыл алып аткарууга берсе да, бүгүнкү күндө оорукана боюнча шаардык мэрия жана муниципалдык менчик департаменти тарабынан токтомду аткаруу толук бүткөрүлбөгөндүктөн, шаардык Кеңешке шаар тургундары тарабынан кайрылуулар болуп жатат. Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык жашылдандыруу мекемесинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселеси 2013-2014-жылдары шаардык Кеңештин иш планына киргизилип бир катар маселелерди аткаруу IX сессия 2-токтому менен XIXсессия 1 токтому менен тапшырылган. Алсак, Нарын шаарынын элине жашылча, жемиштерди жана гүлдөрдүн көчөтөрүн отургузуп, өстүрүп сатууну уюштуруу максатында “Теплицанын” сметалык проектисин түзүп, шаардык Кеңешке сунуш берүү, Нарын шаарындагы Б.Жапаралиев, Ж.Акималиев парктарына фонтан чыгаруу жана парктын ичине балдар көңүл ачуучу ар кандай ойноочу жайларды уюштуруу, Тайлак Баатырдын эстелиги орнотулган аянттын ичине суу киргизип, гүл жана жашыл чөптөрдү айдоону, Чабандес скверинин айланасын тосуп ичине газон чөп, гүл айдоо, Сүрөт-Булак скверин тосуу жана ичтерин жасоо, Жаңы-Жер аймагына сквер куруу, Нарын шаарынын кире бериш аймагына карагай көчөттөрүн отургузуу иштерин аткаруу, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин имаратынын бир жагындагы ремонту жок бөлүмүн толук капиталдык ремонттон өткөрүп гүл уруктарын өстүрүучү жай жасоо жумуштарын аткаруу боюнча бир катар иштер тапшырылса, тапшырылган иштерди аткаруу боюнча конкреттүү иш аракеттер көрүлбөгөн. Шаар элин паспорт менен камсыз кылууда Нарын шаардык жана райондук паспорттук визалык калкты каттоо бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө, Нарын шаарындагы айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан иштери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө маселелери бекитилген иш пландын негизинде тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан каралып, токтомдор кабыл алынган. Жогорудагы мекемелерге Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн иш бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө, калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында атайын инвентарлар менен камсыз кылууга акча каражатын чечүү райондук жана шаардык паспорттук визалык каттоо бөлүмү(А.Байгелдиева ) тарабынан атайын сунуш кат жиберүү, аткарууга алуу, Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнө тиешелүү имарат жоктугун белгилөө менен атайын кат жолдоо, тиешелүү иш аракеттерди көрүү Нарын шаарындагы мурдагы атайын автоунаа айдап үйрөтүүчү жер аянты шаардын тургундарына жеке менчик үй салууга берилип кеткендигин эске алуу менен аларга жер аянтын караштырып көрүү жагы шаардык мэрияга жана бөлүмдүн жетекчиси Б.Абдылдаевге, ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмү шаардын борборунда жайгашкандыгын эске алуу менен имараттын сырткы көрүнүшүн оңдоп түзөө, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери бөлүмдүн башчысы Ж.Мурзабекова тарабынан колго алынбагандыгы, тиешелүү иш аракеттер көрүлбөгөндүгү белгиленген жана 2015-жылы бул иштерди аткарууну колго алуу жагы милдеттендирилген. Жогоруда аткарууга милдеттендирилген токтомдор боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын Нарын облусундагы мекемелери токтомдун белгиленген пункттары боюнча, же аткарууга алынган иштер боюнча шаардык Кеңешке ушул күнгө чейин маалымат берилген эмес. Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин мурунку чакырылыштын жана азыркы чакырылыштын депутаттары тарабынан да атайын бекитилген иш пландын негизинде сессиянын күн тартибине киргизилип, аткарууга алуу үчүн бир катар тапшырмалар берилсе да шаардык мэрия жана шаардык муниципалдык менчик департаменти тарабынан башталган иштер аягына чыкпастан ошол бойдон калган. Нарын шаардык Кеңеши тарабынан сессияга катышкан депутаттардын сунуштарынын негизинде шаардын ар кандай тармактары боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө жана тиешелүү министиликтерге Кайрылуулар жолдонуп келүүдө. Жолдонгон Кайрылуулардын айрымдарына жооп келсе, айрымдарына тиешелүү жооптор келген жок. Алсак Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө Нарын шаарында жашаган ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге турак жай кууруп берүү маселеси менен жолдонгон Кайрылууга тиешелүү жооп келген жок. Ал эми электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашы боюнча жөнөтүлгөн Кайрылуу боюнча тиешелүү министирликтен жооп келип депутаттарга тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматына ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн жылуулук системасын калыбына келтирүү жана капиталдык ремонту боюнча атайын депутаттардын атынан Кайрылуу жөнөтүлүп, Мамлекеттик каттоо кызматынан 2015-жылдын февраль айында ремонт иштерин жасоо быйылкы жылдын иш планына киргизилип жатканкандыгы боюнча жоопту ала алдык. Нарын шаардык Кеңешине шаардагы мекемелер тарабынан келген Кайрылуулар, депутаттар тарабынан сессиянын күн тартибине киргизилип, маселени жеринде барып чечүү боюнча атайын депутаттык комиссиялар түзүлүп, депутаттык комиссиялардын билдирүүлөрү боюнча кайрадан сессияда маалыматтар берилип Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мекетебиндеги, Нарын шаардык суу канал ишканасындагы айрым Мыйзам талаптарына ылайык келбеген маселелер боюнча депутаттык комиссиянын кортундуларынан кийин жогорудагы мекемелердин жетекчилеринин кызмат абалдары чечилген. Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы депутаттары тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин 12-пунктуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында шаардык Кеңештин өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган токтомдор Нарын шаардык мэриясы жана тиешелүү аймакта турган баардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 12-пунктуна ылайык шаардык Кеңештин депутаттары жана туруктуу комиссиялары тарабынан Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы көзөмөлдүкө жана аткарууга алынсын.
3. Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев, А.Суранов, С.Эсенаманова) жана тиешелүү аймакта турган баардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында аларга тиешелүү аткарууга берилген токтомдордо көрсөтүлгөн маселелер боюнча конкреттүү иш аракеттер көрүлүп, шаардык Кеңешке аткарылган иштер тууралуу так маалымат берилсин.
4. Нарын шаардык мэриясына жана мекеме ишканаларга аткарууга берилген токтомдор боюнча үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү жана белгиленген мөөнөткө жараша токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү туруктуу комиссияга жана шаардык Кеңештин сессияларында маалымат берүү Нарын шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
5. Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев) тарабынан шаардагы менчигинин түрүнө карабастан баардык мекемелерге Нарын шаардык Кеңеши тарабынан аткарууга берилген баардык токтомдорду өз убагында аткарып жоопторун өз убагында так жана түшүнүктүү берип туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана ушул токтомдун пункуттарын тааныштыруу боюнча иш аракеттер көрүлсүн.
6. Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарына ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбестен шаардык Кеңештин naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялоону камсыз кылуу Нарын шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга