НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН    XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ            КЕЗЕКТЕГИ  XIX  СЕССИЯСЫНЫН                                                                                                  №  4 ТОКТОМУ

4-декабрь 2014-жыл                                                                       Нарын шаары

Нарын шаарындагы жумушсуз статусун алган жарандарды  иш менен камсыз кылууда Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн  аткарып жаткан иштери жөнүндө

                        Кыргыз Республикасынын  эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын райондук-Нарын шаардык  бөлүмү Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн, эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Нарын облустук башкармалыгы жана жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсун тездетүү боюнча коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча иш жүргүзөт.                                                                                     Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү» мыйзамынын  жана мыйзамга ылайык чыгарылган жоболорунун, жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча  Кыргыз Республикасынын токтомдорунун аткарылышы алкагында  иштер  аткарылат.  Нарын райондук- Нарын шаардык  бөлүмүнө жумуш табуу  максатында  2014-жылдын 9-айынында 592 атуул кайрылса, 2013-жылдын 9 айына  633 адам  кайрылып, 94,0 пайызды түзөт.  2014-жылдын 1- октябрына     карата 1705 жумушсуз  атуулдар каттоодо турса, мунун ичинен 16-28 жашка чейинки жаштар   57,0 пайызын же  975 адамды  түзөт.                                                              Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан  2014-жылдын Ш кварталында  152 адам  ишке орноштурулган. Эмгек рыногунда ишке орношкондордун ичинен 55,9 пайызы аялдар,16- 28 жашка чейинки жаштарды 43,0 пайызды түзөт. Негизги жумушчу күчүнө  болгон суроо талапты жеке кызмат көрсөтүү 94,0%, айыл чарба тармагында 2,0%, жана майда өндүрүш ишканалары 4,0% түзөт.                                                                                                                                   Ар  бир  айдын  15  числосунда    маалыматтык кеңеш берүү  борбору менен бирдикте "бош жумуш орундарынын  жарманкеси" болуп өтөт. Жалпысынан жарманкеге 450 ( эки жолку жарманкеде)  ашуун адамдар келип,  жумуш берүүчүлөрдөн түшкөн  бош орундардын маалыматынын негизинде  215   адамга   кеп — кеңештер  берилген. Нарын ГЭСнын курулушуна  иштөөнү каалаган  2620 адам каттоого алынып, тиешелүү маалыматтарды алышкан. Каттоого алынган жарандардын ичинен жаштары 16-28 жашка чейинкиси 72,0  пайыз болгон.                                       Жумушсуз  жарандарды иш менен камсыз кылууда өз алдынча жумуш менен алектенүүсү үчүн кичи кредиттердин берилиши жакшы жолго коюлуп, 2014-жылдын Ш -кварталында I8 адамга жалпы суммасы 559,0 мин сомго кайтарымдуу кичи кредиттер  берилген. Булар  мал — чарбачылык иштери жүргүзүүгө жана соода – сатык иштерине берилген.       Жумушсуздукту басаңдатуу, элдин социалдык абалын жакшыртууда кошумча киреше табуу, жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыздоонун приоритеттүү жолу болуп саналган акы төлөнүүчү коомдук жумуштар  уюштурулуп, мындай жумуштарга 2014-жылдын 9-айынын ичинде 42 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга   тартылган. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар негизинен шаардын социалдык- маданий обьектилерин ремонттоо иштерине багытталып, жумушсуздар убактылуу жумуштар менен камсыз кылынган. Атасак жаштардын сергек жашоосу учун спорт комплексинин ремонту, жаштар үйүнүн канализациясынын ремонту, Нарын райондук мамлекеттик администрациясында, шаардык ички иштер бөлүмүндө жана жол кайгуул кызматында кагаз иштери боюнча жумуштар аткарылган.  Нарын шаарындагы ардагерлер ооруканасынын сантүтүктөрү ремонттолгон.Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген  адамдардын  эмгек акысы 1500 сомду түзөт.                                                                                                                             Жумушсуздар арасынан өз кесибин өзгөртүүнү каалаган же кесиби  жокторго кесиптик жактан багыт берүү аталган бөлүмдүн активдүү иш — чараларынын бир түрү болгондуктан, 2014- жылдын 9-айында 67  жумушсуз жаштар кесиптик окууга жиберилип, булар Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде, Борбордук Азия Университетинин алдындагы үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде жана элди окутуу борборлорунда  окуу  иштери жүргүзүлгөн.  Бөлүм тарабынан окууга жиберилген жумушсуздар  эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге чач тарач, электр ширетүүчү,жыгач уста, үйлөрдү жылуулоо, жеке ишкердик жүргүзүү, компьютерде иштөө ыкмаларына, тигүүчү жана бухгалтердик эсеп иштери боюнча билим алышкан.   Миграция багытында Нарын шаарынын  аймагында  чет өлкөлүк жарандарды ишке тартуу максатында   иш берүүчүлөргө башкача айтканда облустук, шаардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жана  Нарын облустук мамлекеттик коопсуздук кызматынын  тиешелүү кызматкерлери менен бирдикте  Нарын шаарынын Ак-Кыя чөлкөмүндөгү Борбордук Азия Университетинин курулушунда иштеп жаткан чет өлкөлүк  жарандарды текшерип, жеринде акты түзүлгөн. Текшеруу учурунда кээ бир  чет элдик жарандардын мыйзамсыз иштеп жаткандыгы боюнча жана  тийиштуу документтерин белгилүү убакытка чейин албаса мыйзам чегинде чара  колдонулаары эскертилген.   2014-жылдын Ш — кварталында 5 адамга  жумушсуздук жөлөкпул чектелип, жумушсуздук жөлөкпул өз учурунда берилет.                                                                                                                            2014-жылдын Ш кварталында экономиканын формалдык эмес секторунда бардыгы болуп 2128 жаны жумушчу орундары түзүлгөн. Булар айыл чарба тармагына 40, өнөр жайында 30,  курулушта 203, соода; автомобилдерди, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке колдонулуучу нерселерди оңдоодо 1198, мейманканалар жана ресторандарда 104, транспорт жана байланышта 341, кыймылсыз мүлк болгон операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө тейлөө көрсөтүүгө ,  билим берүүдө 7, билим беруудо 58,  саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлоолорду корсотуудо 2,коммуналдык ,социалдык жана жеке тейлөөлөрдү көрсөтүүдө 136, экономикалык ишмердиктин башка турлорундо 7  жумуш орду түзүлгөн. Бул түзүлгөн жумуш ордулары  жарандардын өз каражаттарынын эсебинен түзүлүп,  ошону менен катар эле  206 жумуш орду жоюлган.        Бөлүмгө 2014-жылдын Ш — кварталында 126  кат , 2 арыз — даттануулар  келип түшкөн.

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы Нарын шаарындагы жумушсуз статусун алган жарандарды  иш менен камсыз кылууда Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн  аткарып жаткан иштерин жеринде барып көргөн мезгилде Нарын шаарындагы ички жана тышкы миграция боюнча бөлүмдөн так маалымат ала алышкан эмес, так цифра жок. Мындан сырткары  Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн имараты толук капиталдык ремонттон өтүүгө муктаж.

 

Нарын шаарындагы жумушсуз статусун алган жарандарды  иш менен камсыз кылууда Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн  аткарып жаткан иштери жөнүндө бөлүмдүн  башчысы Т.Өмүшовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаарындагы жумушсуз статусун алган жарандарды  иш менен камсыз кылууда Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн  аткарып жаткан иштери жөнүндө бөлүмдүн  башчысы Т.Өмүшовдун билдирүүсү эске алынсын.                                                                                                                                                    

2. Жумушсуздукту басаңдатуу, элдин социалдык абалын жакшыртууда кошумча киреше табуу, жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыздоонун приоритеттүү жолун изденүү менен жумуш сурап кайрылган жарандарга убактылуу жумуш оруну менен камсыз кылууга Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Т.Өмүшов) тарабынан алгылыктуу иш аракеттер көрүлсүн.                                                                                                                

3.Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан Нарын шаары боюнча ички жана тышкы миграциянын так саны аныкталбагандыгы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 20-беренесине ылайык шаардык мэрия жана  Нарын шаарындагы мекемелер менен бош кызмат орундары ( вакансия)  боюнча тыгыз иш алып барылбагандыгы белгиленсин жана бөлүм тарабынан бул иштерди аткаруу жагы колго алынсын.                                             

4.Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн имараты толук каптиталдык  ремонт талап кылгандыктан,  2015-жылга  ремонт иштери үчүн             Кыргыз Республикасынын  эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен акча каражатын бөлдүрүүгө бөлүмдүн башчысы  Т.Өмүшовго  жеткиликтүү аракеттерди көрүү жагы  тапшырылсын.               

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы«Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                   Төрага                                                                   Э.Турсуналиев   Каттоо№2014-74

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүнө  

Обсуждение закрыто.