НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 2ТОКТОМУ
4-декабрь 2014-жыл Нарын шаары
Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин 26.09.2013-жылдагы №104 буйругуна ылайык 29 штаттык бирдик каралган. Мунун ичинен 17 мамлекеттик кызматкер, 7 социалдык кызматкер, 2 техникалык тейлөө кызматкер,3 кенже тейлөө кызматкер эмгектенет.2014-жылдын 9 ай ичинде башкармалыка 489 арыз даттануулар келип түшкөн. Анын ичинен 43 арыз башкармалыктын жогорку органы аркылуу келсе, 446 арыз башкармалыктын өзүнүн дарегине келген.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпүл жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык 1122 аз камсыз болгон үй-бүлөгө, же 2580 балага ай сайын берилүүчү суммасы 31062,5 миң сомдук жөлөкпул чектелген.Ал эми жөлөкпул алуучулардын саны 1226 адамды түзөт. 2014-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик жөлөкпулду төлөөгө жалпы керектелүүчү сумма 59794,9 миң сом түзөт. Өткөн жылдын жөлөкпул төлөөгө карата карызын эсепке алганда жалпы 60136,5 миң сомго каржыланып, же керектелүучү сумма 100,1 пайызга каржыланган. 2013-жылдын 9 айына салыштырганда ай сайын берилүучү жөлөкпул алуучу үй бүлөнүн саны 343 үй бүлөгө азайган.Мунун себеби жөлөкпул алуучу үй- бүлөлөрдүн балдарынын санынын азайышы болуп эсептелинет. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №587 токтомунун негизинде КМК (кепилденген минималдуу киреше) 640 сомго жогорулатылышы , талап кылынган акча каражатынын көбөйүшүнө шарт түздү. Тактап айтканда социалдык жөлөкпул алуучу үй бүлөлөөрдүн саны 2013-жылдын 9 айына салдыштырганда 123 үй бүлөгө көбөйүп талап кылынган акча каражаты 2025,0 миң сомго жогорулаган.Жогорулоонун себеби болуп жылдан жылга бала кезинен майыптардын, 18 жашка чейинки бала кезинен майыптардын, шал оорусу менен ооругандардын, багуучу адамынан ажырагандардын, бийик тоолуу шартта жашаган пенсия алууга укугу жок жергиликтүү кары адамдардын өсүшүнүн жана 1-2-3- майыптарга берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнүн көбөйүшү себеп болууда.Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин талабына ылайык 7-апрель 2010-жылы жаракат алып майып болгон 2 адамга ар бирине 3700 сомдон ай сайын жөлөкпул төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.11.2011-жылдагы, «Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» жөнүндөгү №727 токтомуна ылайык 2014-жылдын 9 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча баардыгы 500 жаранга 13116,7 мин сом эсептелинген. Акчалай компенсация чектөө боюнча Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2014-жылдын 1-октябрына карата 523 жаран каттоодо турушат. Каттоодо турган бул категориядагы жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-декабрдагы №795 токтомуна ылайык 2014-жыцлдын 9 айында 523 жаранга 8708,9 миң сом чектелип, төлөө толугу менен жүргузүлгөн. Мындан сырткары башкармалыкта каттоодо турган 45 жоокер интернационалистке, 2 курман болгон жоокердин үй бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн№88 токтомуна республикалык бюджеттин эсебинен 47 адамга, же45 жоокер интернационалистке жана 2 курман болгон жоокердин үй бүлөсүнө беш мин сомдон, бардыгы 235,0 мин сом төлөнгөн. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине бир мин сомдон 47,0 мин сом материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 15.04.1996-жылдагы №170 токтомуна ылайык Нарын шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусуна, майыптарына жана ооруктун эмгекчилерине 85000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул республикалык бюджеттин эсебинен төлөнүп берилген, мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен согуштун 13 ардагерине 1000 сомдон 13000 сом материалдык жардам көрсөтүлгөн. Мандан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын шаардык мэриясы, “Замандаш”саясий партиясы, “Бай Түшүм” банкы, “Мегаком”, “Билайн” мобилдик компаниялары, жеке ишкер Мырзабаев Куттубай тарабынан акчалай жана баалуу белектер тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 802 токтомуна ылайык 01.10.2014-жылга карата Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 4852 үй-бүлөгө же 19307 адамга, башкача айтканда жалпы түтүндүн 52,9 пайызына жаңы үлгүдөгү социалдык паспорттор толтурулган. Мындан сырткары министрликтин 2013-жылдын 20-майындагы №39 буйругуна ылайык жакыр үй бүлөлөрдүн электрондук социалдык паспортун программалык камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Толтурулган социалдык паспорт боюнча 01.10.2014-жылга карата томолой жетимдердин саны 39, жарты жетимдердин саны 292, социалдык жетимдердин саны 36 баланы жалгыз бой пенсионерлердин саны 95 адам, мунун ичинен багып каралашууга жакын адамы жок жалгыз бой пенсионерлердин саны 39 адам.
Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүдө башкармалыкта каттоодо турган 107 үй бүлөгө башкармалык тарабынан маалымдамалар берилип, ооруканага жатып дарылануудан жеңилдиктер алышып, ал эми 53 үй бүлөгө талап кылган жерлерге көрсөтүү үчүн маалымдамалар берилип, тиешелүү жерлерден жеңилдиктерди алышкан.
Нарын облустук өнүктүрүү фондусунун эсебинен 49 тн. 580 кг таш көмүр таратылып келип, өкүлчүлүктүн көрсөтмөсүнө ылайык “Айкөл Ала Тоо” коомунун, “2010-жылдын 7-апрелиндеги Эл баатырларынын”, “Үмүт Кутман” майыптар коомунун, “Азиздер дүлөйлөр” коомунун Нарын аймактык уюмунун, мындан сырткары Нарын шаардык социалдык өнүгнүү башкармалыгынын тизмесине ылайык бардыгы 96 үй бүлөлөргү 500 кг-700 кг чейин бекер таш көмүр таратылып берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Нарын шаарында жашаган айрым аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген 12 үй бүлөгө бардыгы 80,0 мин сом акчалай жардам берилген.8-март аялдардын эл аралык майрамына карата башкармалыктын каттоосунда турган 20 аз камсыз болгон энелерге, Нарын шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250-300 сомго чейинки белектер берилген.
Жеке ишкер М.Жумаканов аз камсыз болгон 15 үй бүлөгө тамак аштан, 500 кг. таш көмүрдөн, ”КЮНЕТ” компаниясы 5 аз камсыз болгон үй бүлөлөргө ар бирине 2000 сомдук тамак аштан жардам беришкен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын аймактык башкармалыгына 6 аз камсыз болгон үй бүлөгө медицина кызматкерлери тарабынан ар кандай даректүү жардамдарды алышкан. Мындан сырткары, жүрөгү оорулуу Эркинбаев Исламга 2500 сом акчалай жана 6 үй бүлөгө 10000 сомго тамак аштан жана кийим кечеден жардамдар берилген.2010-жылдын 7-апрелинде жаракат алган 27 жаранга ар бирине 1000 сомдон же бардыгы 27000 сом бир жолку акчалай материалдык жардамдар берилген.
2014-жылдын 1-июнь балдарды коргоо күнүно карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 11500 сом акча каражаты каржыланып, шаар ичиндеги парктарда 5000 даана балмуздактар бекер таратылган.
“Бай түшүм жана партнерлор” банкы 12000 сом, “Республика” партиясынын шаардагы өкүлчүлүгүнөн 2000 сом, Нарын шаардык мэриясынан 1500 сом акча каражаты бөлүнүп, “Салкын Тор” эс алуу комплексинде А.Үсөнов мектеп-лицей интернатында окуган 10 томолой жана социалдык жетим балдарга таттуу белектер берилип, кызыктуу оюндар уюштурулган.
2014-2015-жылдын кыш айларына карата таш көмүрдүн ордуна жергиликтүү бюджеттен 546 үй бүлөгө ар бирине 1000 сомдон, жалпысы 546000 сом акча каражаты каралып, ведомостор почта байланыш бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, төлөөлөр жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы оорунун 63 жаранына дарыгердин жолдомосунун негизинде КРнын социалдык өнүгүү министрлигине курорттук-санаторияларга заявка берилип, мунун ичинен 22 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 310704 сомдук жолдомо акысыз берилип дарыланып келишкен. Нарын шаардык социалдык коргоо башкармалыгынында үй-бүлөнү жана балдары коргоо боюнча бөлүмүндө иштеген адистердин саны 3: 1-бөлүм башчы, 1 -башкы адис, 1- жетектөөчү адис. 2014-жылдын 1-октябрына карата балдарга тиешелүү 66 ( 2013-ж. 3 кв. – 35) арыз түшүп, керектүү документтер топтолуп, тиешелүү буйруктар жана корутундулар берилип, тиешелүү органдарга каттар жазылган. Алар бала асырап алуу, камкорчу болуп дайындалуу, көзөмөлчү болуп дайындалуу, убактылуу камкордукка алуу, убактылуу камкордуктун мөнөтүн узартуу, менчик үйүн сатууга жаш өспүрүмдүн атынан макулдук берүү, жаш өспүрүмдүн атынан үйүн күрөөгө коюга макулдук берүү, балдардын туруктуу жашаган жерин аныктатуу, интернатка убактылуу 6 айга жайгаштыруу, балдар үйүнөн бала багып алуу боюнча, көзөмөлсүз калган балдар, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүү, ата-энесинин көзөмөлсүз калган баланын укугун коргоо,өз балдарын алуу ,жашоо турмуштун оор кылдалына туш болгон үй-бүлөөгө, уул –келини ата-энелик укуктан ажыратылбагандыгы, жатак мекемеге турукту жайгаштыруу ,өз баласына жолугуу, бөлүмдө каттодо тургандыгы боюнча, баланы жатак мекемеден алуу , баласына пособие токтотуу , баласына пособиесин токтотпой туруп балдарын алуу , жаш курагы боюнча никеге туруу боюнча арыздар.Мындан тышкары соттун тапшырмасы менен баланын туруктуу жашаган жерин аныктоо боюнча 6 тапшырма берилип, жеринде жашаган жерлерин текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү 6 корутунду берилген. 2014-жылдын 1-октябрына карата 48 жалпы иш боюнча (2013-ж. 2 кв. – 39) соттук отурумга катышуулар болгон. Мындан тышкары кылмышка шектүү деп кармалган 11 жаш өспүрүмгө бөлүмдүн адиси мыйзамдуу өкүлү болуп дайындалып, тергөө иштерине жана сот отурумдарына катышкан, 1 каршы пикир берилген. Жашоо турмуштун оор кырдалына туш болгон балдарга үй-бүлө менен жеке иштөө 12 , балдарды коргоо боюнча 9 жеке пландары түзүлүп, көзөмөлгө алынган. Ата-энеси каза болуп, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн өз учурунда алынбай калган 5 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бөлүм тарабынан алынып, камкорчу дайындатуу боюнча тиешелүү документтердин тизмеси берилген. Ошондой эле Нарын облустук бириктирилген ооруканасында каттодо турган, ар кандай себептер менен өз учурунда балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк албаган 128 эненин тизмелери алынып, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алдыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Нарын шаардык мэриясынын , бөлүмдүн кызматкерлеринин , Нарын ШБББү, Нарын ШИИБнун ЖӨИИсынын инспекторлору, ҮМБнун гинекологдору, Нарын шаардык прокуратурасынын жана «Адеп башаты» коомдук уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык мектептерде жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жана эрте жыныстык катнашка барбоо боюнча мектептердин 8-9-10-11-класстардын кыздарына жана балдарына өзүнчө жолугушуулар өткөрүлгөн. Жаш өспүрүм баласына көзөмөл жазабагандыгы жана баласын Нарын шаарындагы туугандарына таштап салгандыгы үчүн Чолпон-Ата шаарынын тургунун энелик укуктан ажыратуу боюнча Ысык-Көл райондук сотуна бөлүм тарабынан доо арыз жөнөтүлүп, доо арыз канааттандырылып, жаш өспүрүм Нарындагы интернатка жайгаштырылган.2014-жылдын 1-октябрына карата бөлүмдүн көзөмөлүндө 142 бала турат, мунун ичинен 36 көзөмөлгө алынган, 74 камкордукка алынган жана 26 асыроого алынган балдар, 6 бала убактылуу камкордукка алынгандар.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга жана жашаган жери аныкталбаган жактарга социалдык кызмат корсотуу боюнча сектору жүргүзгөн иштер боюнча 2014-жылдын 1-октябрына карата Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар боюнча маалымат базасы түзүлгөн. Учурда 1668 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат жана ай сайын база такталып толукталып турат. Мунун ичинен 478 адамдын үй-турмуш шарты текшерилип, акты түзүлгөн. 18 жашка чейинки ден соолугунун мумкунчулугу чектелген 1 бала энесинин берген арызынын негизинде Сокулук райондук кары жана майыптар жатак уйуно жолдомо берилип жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын Социалдык онугуу министрлигинин 09.04.2014-жылдагы №1/1916 катынын негизинде кары, ден соолугунун мумкунчулугу чектелген жарандардын, жашоо шарттын оор кырдалына туш келген уй-булөлөр жана аз камсыз болгон уй бүлөлөргө улуттук база түзүш учун социалдык паспортторду толтуруу жана туура так алып барууда 420 уй булөлөргө социалдык паспорттор толтурулуп түзүлгөн. 2013-жылыКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Союздун ортосундагы каржылык келишимдин негизинде Нарын шаары тандалып алынган. КРнын социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан мамлекеттик социалдык заказдарды аткаруу максатында конкурс жарыяланып бул сынакка “Нарын билим беруу агенттиги” коомдук бирикмеси катышып женуучу деп табылып Нарын шаарынын №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратында “Оор турмуштук кырдаалга кабылган жана 8 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар” үчүн реабилитациялык борбору ачылып КРнын социалдык онугуу министрлиги тарабынан 947778 сом болунуп каржыланып бүгүнкү күндө иш алып барылууда. 2014-жылдын 1-октябрына карата Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында улгайган жарандарды 100жаштан ашкан 3 улгайган жаран, 90-100жашка чейинки 22улгайган жаран , 80-90жашка чейинки, 70-80жашка чейинки 102улгайган жарандардын маалымат базасы түзүлдү. Учурда үйүнөн тейленген 38 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү улгайган жалгыз бой кары жарандар каттодо турат жана ай сайын такталат. 2014-жыл ичинде башкармалыкта жургузулгон чарбалык иштер боюнча башкармалыктын имараты ичи сырты кызматкерлердин кучу менен акиленип сырдалып косметикалык ремонттоодон өткөрүлгөн.Башкармалыкка кируу жагы ынгайлуу кун чыгыш жагына которулуп , 28 метр жерге цементтен дорожка тошөлүп түнкү жарыктар менен камсыз болуп, көрктөдүрүү иштерине көңүл бөлүнгөн.
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын ишмердүүлугү менен жеринде таанышкан мезгилде Башкармалыктын кенсеси 1951-жылы курулуп, 1994-жылдан бери ремонттоодон өтпөгөндүктөн, бүгүнкү күндө капиталдык ремонттоону талап кылат жана бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын чечип берүү, даталуу күндөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган жарандарды өтүп жаткан иш чараларга катышууга, 9-Май Жениш күнүнө карата согуш ардагерлерин салтанаттуу иш чараларга катышууга алып келүүгө жана турмуштун оор кырдаалына кабылган кылмыш ишине катыштыгы бар жаш өспүрүмдөрдү алып келип, алардын укук коргоо органдарында сурак берүүдө укугун коргоо үчүн күнү-түнү кызматкерлерди үйүнөн алдырып келүүгө транспорт жана күйүүчү майга акча каражатын чечип берүү, өзүн-өзү камсыз кыла албаган 34 жалгыз бой кары майып адамдарды тейлеген социалдык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатууга, жол киресине жана бул социалдык кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө чыгууда дарылануу үчүн пособиесин төлөп берүүгө акча каражатын бюджеттик комитетте карап көрүп сессияга бекитүүгө сунуш кылууну,финансылык операцияларды учет жана башка финансылык отчетторду жүргүзүү үчүн жаны үлгүдөгү 1-С программасына өтүүгө программанын баасы 42000 сомду түзүп, бул ишке толук кандуу киришүү үчүн жаңы үлгүдөгү компьютердик техникаларды алуу үчүн баардыгы болуп 65000 сом акча каражаты талап кылынаарын билдиришкен.
Мындан сырткары Мыйзамга ылайык жөлөкпул алуучулар атайын маалымат актынын жана кирешенинин баардык түрлөрү катталган социалдык паспорттун негизинде берилиши керек. Нарын шаардык Кеңшинин алдындагы Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан шаардык Кеңештин бекитилген иш планына ылайык башкармалыктын бул багыттагы иштерин жеринде барып көргөн мезгилде социалдык өнүгүү башкармалыгынын жөлөкпулдарды алуучуларды жеринде баардык шартын карап, тактоочу даректүү бөлүмү тарабынан бул иштерди тактоо жагы жеткиликтүү деңгээлде жүргүзулбөй келет.
Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын жетекчиси Ж.Мамбетказиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңшинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын жетекчиси Ж.Мамбетказиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жөлөкпул алуучуларды атайын маалымат актынын жана кирешенинин баардык түрлөрү катталган социалдык паспорттун негизинде чектөөдө жөлөкпулдарды алуучуларды жеринде баардык шартын карап, тактоочу даректүү бөлүмү тарабынан бул иштерди тактоо жагы жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дарыгердин жолдомосунун негизинде КРнын социалдык өнүгүү министрлигинен атайын заявканын негизинде курорттук-санаторияларга берилүүчү акысыз жолдомолор бекитилген графике жана мөөнөткө жараша камсыз кылуу Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Ж.Мамбетказиевдин персоналдык милдети деп белгиленсин жана Мыйзам чегинде иш алынып барылсын.
4. Нарын шаардык социалдык коргоо башкармалыгынында үй-бүлөнү жана балдары коргоо боюнча бөлүмү тарабынан баардык корутундуларды берүүдө баардык керектелүүчү иш кагаздары такталып иш алып баруу жагы тапшырылсын.
5. Акчалай компенсация чектөөдө, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоодо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчилике алып иш алып баруу социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Ж.Мамбетказиевге милдеттендирилсин.
6. Нарын шаарынын 2015-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүүдө Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына күйүүчү майга жана социалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга берген сунуштары шаардык Кеңештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.