НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ
4-декабрь 2014-жыл Нарын шаары
Нарын шаарын көрктөндүрүүдө, тазалоодо, шаар элинин таштандылар үчүн жыйымдарын чогултууда муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жана 2014-жылга карата Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан аткарылып жаткан жана аткарылуучу иштери жөнүндө
Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасы үч багытта иш алып барат. Алсак, шаардын ички жолдорун талапка ылайык кармоо, шаарды көктөндүрүү жана түнкү жарык менен камсыз кылуу, шаардын санитардык тазалыгын сактоо.
Нарын шаарында жол белгилеринин саны 77 ни түзөт, шаар ичиндеги жолдордун жалпы узундугу 110 км, мунун ичинен 42 км шагыл жолдор, 68 км баллас жолдор. Кыш мезгилинде тайгак учурда иннерттик материалдар ар бир жол кесилишине даярдалып, мындан сырткары 150 тонна баллас жана 3 тонна туз кыш айларындагы тайгак мезгилдерге запасталып даярдалган.Шаар ичиндеги жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдүн саны 38. Жылына эки жолу жаз-күз мезгилинде өткөөлдөр сырдалып турат.Шаар ичине 10 даана жазалма дөңчөлөр асфальты куюлган.
Шаар ичиндеги түнкү жарык берүүчү фонарлардын саны 810, күйүп өчүүчү фонарлардын саны 350, борбордук көчөдө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр түнкүсүн күйүүчү дюралайт менен кооздолгон.
Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын балансасында жалпы 17 техника бар. Ушул техникалардын жардамы менен шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу боюнча иштер аткарылат. Шаар боюнча таштанды төгүлүүчү 225 точка бар, алардын ичинен 15 точкасына 295 контейнер коюлган.Таштанды чыгаруу боюнча 6 маршрутта кунүгө 2-3 каттам жүргүзүлөт. Мындан тышкары орчундуу жерлер ишканада эмгектенген жүктөөчүлөр менен КАМАЗ автомашинасы менен жумасына 2-3 жолу тазаланып алынып турат.Мындан сырткары атайын күзөт уюштурулуп Московский аймагынан ылдый, Жаңы –Жолдон өйдө көздөй жол жээгиндеги таштандыларды тазалап турушат.
Мекемеде иштеген таштанды чогултуп, жүктөгөн жумушчулар үчүн түшкүсүсүн түшкү тамагы берилип турат жана жумасына бир жолу сүт, айран менен камсыз болушуп, жумуштан кийин жуунууга ылайыкташтырылып душ уюштурулган.
2014-жылдын 9 айына карата 19070 метр куб тиричилик таштанды чыгарылып, Карга –Жойлоо участкасына тогүлүп, жумасына 2-3 жолу ДТ-75 бульдозери менен түрттүрүп түздөгөн.
2014-жылдын 1-ноябрына карата ишканага таштанды чыгарууга, кум шагыл түшурүп берүүгө, түнкү жарык коюуп берүүгө жана башка ар кандай маанидеги 41 арыз келип түшкөн. Бул тушкөн арыздардын баардыгы өз мөөнөтүндө аткарылып, арыз ээлери канааттандырылган.
Ишканананын финансылык абалы боюнча бекитилген атайын каражаттын (спец.счет) планы боюнча 2014-жылдын 9 айына карата 2470954 сом түшкөн, мунун ичинен 83230 сому мекеме ишканалардан таштанды учүн которулган, элден 1788794 сом таштанды үчүн чогултулган, справкадан 216730 сом, кызмат көрсөтүүдөн 83300 сом накталай, ал эми 298900 сом которуу жолу менен түшкөн. Бул түшкөн каражаттын 2471002 сому кайрадан мекеменин керектөөлөрүнө жумшалган. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясы бекитилген иш планга ылайык “Таза-Нарын” ишканасынын аткарып жаткан иштерин жеринде барып көргөн мезгилде, ишкананын аппарат кызматкерлери ишканада иштеген жумушчулардын жана кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгын айтышып 2015-жылга карата эмгек акыларга жогорулатуулар болсо деген сунуштарын айтышты. Мындан сырткары “Таза-Нарын” ишканасында техникалардын эскилиги жетип азыркы талапка жооп бербегендиги, өндүрүштө пайдаланууда улам бузулуп кайра оңдоого запастык бөлүктөргө акча каражаты көп жумшалып жаткандыгын айтып өтүштү.Акча каражаты жыл башында бекитилбегендигинин кесепетинен Карга-Жайлоо участкасындагы таштандылар рекультивациялоо жүргүзүлбөй талапка ылайык ирээтке келтирилбей жаткандыгын, ишкананын имаратына жылуулук системасынын жоктугу, шаардын борбордук көчөлөрүндө светафор аппаратынын эскилиги жетип, жаңыртүүга муктаждыгын жана Ленин, Мырзабеков жана Исаков көчөлөрүнө светафор койдурууга,брусчатка станогун иштетүүгө жумушчу күчүн тартуу, шаардын чет көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылууга жетишүү, 64 аймагынын оң тарабынан ДСУга чейинки тротуарына брусчатка жаткырууга 2015-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө акча каражатын каратуу боюнча сунуштарын беришкен. Тактап айтканда “Таза –Нарын” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги 2015-жылга карата жергиликтүү бюджеттен жетиштүү акча каражаты бөлүнсө, жогорудагы көйгөйлүү маселелер аткарылаарын айтышкан.
Нарын шаардык жашылдандыруу мекмесинде 5 парк, 5 сквер жана 1 питомник бар, алардын жалпы аянты 168,3 гектарды түзөт.2014-жылга мекемеге 4405,0 миң сом каралган.Бул каражаттын 3259,0 миң сому эмгек акы жана социалдык төлөмдөр үчүн каралган, ал эми 26,0 миң сому иш сапар чыгымдарына 130,0 миң сом, байланыш кызматы жана электр энергия үчүн 105,0 миң сом, ар кандай чыгымдар үчүн 885,0 миң сом. Бул каражаттардын ичинен “ар кандай чыгымдар” үчүн каралган акча каражаты жашылдандыруу мекемесинин ишмердүүлүгү үчүн каралат. 2014-жылдын 1-декабрына карата мекеменин “ар кандай чыгымдарына” 1488,8 миң сом акча каражаты сарпталган. Бул каражаттардын оорчундуу бөлүгү Б.Жапаралиев паркын тосууга кеткен.
2014-жылга карата мекеменин атайын каражатынын планы 100,0 миң сомго бекитилген.Бүгүнку күндө бул каражат 132,6 миң сомго аткарылган. Аткарылган пландын 50 пайызы спонсордук жардамдардын эсебинен түшүп, тактап айтканда атайын каражаттын планын аткарууга карата мекеме тарабынан алгылыктуу иштер аткарылган эмес.
Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин 2014-жылга карата аткарылган корунуктүү иштеринин бири болуп шаардын чыгыш аймагында жайгашкан Б.Жапаралиев паркын тосуп, отургучтарын орнотуп жана түнку жарыгы менен камсыз кылынган.Мындан сырткары парктын ичине 30 карагай, 2835 тал-теректердин, газон чөп, гүлдордүн көчөттөрү отургузулган. Балдар кирип ойноого шарт тузүү үчүн ичине ар кандай оюнчуктар коюлган. Мындан срткары 2014-жылы шаардын Жаңы –Жол аймагында бир катар жумуштар аткарылып, көпүрөнүн жанына 42 карагай тигилип, айланасы тосулуп корулган. Бул аткарылган иштерге жалпы 3013,9 миң сом акча каражаты жумшалган. Жумшалган каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан каржыланмак, бирок бул каражаттар бүгункү кундө бериле элек.
Мекеме тарабынан Тайлак Баатырдын эстелигинин айланасы, С.Жакыпов паркынын түнкү жарык берүүчү фонарлары, отургучтары толугу менен оңдолуп чыккан.Алма Бак паркынын түнкү жарык берүүчү фонарлары туура эмес жазалгандыктан, кайра толугу менен жазалган.
Туруктуу комиссиянын депутаттары Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине жеринде барып көргөн мезгилде, мекеме жетекчилиги тарабынан мекеменин Ш.Мамбетов көчөсү тарабында жайгашкан бөлүгүн толук капиталдык ремонттон өткөрүп гүл уруктарын өстүрүучү жай жазоо иштерине каражат бөлүнүп берилсе деген сунуштарын айтышкан. Бул иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150,0 миң сомго сметасы түзүлүп берилген, бирок бул жумуштарды аткарууга акча каражаты чечилип берилген эмес.
2015-жылга карата шаардык жашылдандыруу мекемеси акча каражат жеткиликтүү деңгээлде бөлүнсө Б.Жапаралиев, Ж.Акималиев парктарына фонтан чыгаруу жана парктын ичине балдар көңүл ачуучу ар кандай оюнчуктарды орнотууну, Тайлак Баатырдын эстелиги орнотулган аянттын ичине суу киргизип, гүл жана жашыл чөптордү айдоо, Чабандес сквери шаардын ортосунда болгондугуна байланыштуу айланасын тосуп ичине газон чөп, гүл айдоо, Сүрөт-Булак скверин тосуу жана ичтерин жасоо, Жаңы-Жер аймагына сквер куруу, Нарын шаарынын кире бериш аймагына карагай көчөттөрүн отургузуу иштерин аткарабыз деген сунуштарын беришкен.
Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жана шаардык жашылдандыруу мекемесинин аткарып жаткан иштерин жеринде барып көрүп жогорудагы мекемелердин иш алып баруусуна шарт түзүүдө, шааррдын тазалыгын сактоодо, шаарды көрктөндүрүүдө жыл башында шаардык Кеңештин бюджет комиссиясына берилген сунуштардын негизинде акча каражатын жыл башында бекитип берүү натыйжалуу болоорун белгилешти.
Нарын шаарын көрктөндүрүүдө, тазалоодо, шаар элинин таштандылар үчүн жыйымдарын чогултууда муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жана 2014-жылга карата Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан аткарылып жаткан иштер мекеме жетекчилеринин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарын көрктөндүрүүдө, тазалоодо, шаар элинин таштандылар үчүн жыйымдарын чогултууда муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жана 2014-жылга карата Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан аткарылып жаткан иштер мекеме жетекчилеринин билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Шаардын санитардык тазалыгын сактоого карата алгылыктуу иш аракеттер жасалып, таштанды үчүн чогулуучу акча каражаттарды өз убагында жыйноо жана чогулган акча каражаттарын өз багытында жумшоо Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жетекчиси Б.Жакиев тарабынан колго алынсын.
3. “Таза-Нарын” ишканасында техникалардын эскилиги жетип азыркы талапка жооп бербегендиги, өндүрүштө пайдаланууда улам бузулуп кайра оңдоого запастык бөлүктөргө акча каражаты көп жумшалып жаткандыгын жана жаңы техникаларды сатып алууда Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражатынын тартыштыгын эске алуу менен өндүрүшкө пайдаланууга жаңы техникаларды сатып алуу боюнча Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев), “Таза-Нарын” ишканасы (Б.Жакиев) тарабынан долбоорлорду жазуу менен, же спонсордук жардамдар аркылуу каражаттарды тартуу жагы милдеттендирилсин.
4. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасында жана жашылдандыруу мекемесинде эмгектенген жумушчулардын (кароолчу, тазалоочу, жүктөөчү, айдоочу) эмгек акысын көтөрүү боюнча иш аракеттерди көрүү мекеме жетекчилери (Б.Жакиев, М.Токонов) милдеттендирилсин.
5. Карга-Жайлоо участкасындагы таштандыларды рекультивациялоого, шаардын борбордук көчөлөрүндө светафор аппараттарын жаңыртууга Ленин, Мырзабеков жана Исаков көчөлөрүнө светафор койдурууга,брусчатка станогун иштетүүгө чарбалык эсептик негизде жумушчу күчүн тартууга, шаардын чет көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылууга, 64 аймагынын оң тарабынан ДСУга чейинки тротуарына брусчатка жаткырууга Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев), “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы (Б.Жакиев) тарабынан алгылыктуу иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин жана бул иштерди аткаруу боюнча Нарын шаардык мэриясынын 2015-жылдын аткарылуучу иш планына киргизилип бекитилсин.
6. Нарын шаарынын көчөлөрү аркылуу инерттик материалдарды, таштандыларды ташууда автоунаалардын үстүн тиешелүү жабдуулар менен жаап ташуу жагын автоунаа ээлерине түшүндүрүү менен иш алып баруу шаардык мэрияга (Р.Адиев), шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев), “Таза-Нарын” ишканасына (Б.Жакиев) тапшырылсын.
7. Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине 2014-жылга карата атайын каражаттын (спец счеттун) коюлган планын аткарууда спонсордук жардамдар үчүн берилген акча каражаттын эсебинен планды аткарылгандыгын эске алуу менен 2015-жылда атайын каражатка коюлган планды мекеме жетекчиси тарабынан өз багытында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
8. Шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан Нарын шаарынын парктарындагы бак дарактарга, жашыл аянттарга зыян келтирген шаар тургундарынын мал-жандыктарына, бак дарактарды кыйган жеке жана юридикалык жактарга айып акы салуу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XII сессиясынын №4 токтому тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы белгиленсин жана 2015-жылы бул токтомду аткаруу жагы колго алынсын.
9. Нарын шаарындагы Б.Жапаралиев, Ж.Акималиев парктарына фонтан чыгаруу жана парктын ичине балдар көңүл ачуучу ар кандай оюнчуктарды орнотууну, Тайлак Баатырдын эстелиги орнотулган аянттын ичине суу киргизип, гүл жана жашыл чөптөрдү айдоону, Чабандес скверинин айланасын тосуп ичине газон чөп, гүл айдоо, Сүрөт-Булак скверин тосуу жана ичтерин жасоо, Жаңы-Жер аймагына сквер куруу, Нарын шаарынын кире бериш аймагына карагай көчөттөрүн отургузуу иштерин аткарууга карата Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси (А.Токонов) жана Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев) биргеликте иш план түзүлүп 2015-жылга карата аткарылуучу иштерге гана сметалык наркы менен шаардык Кеңешке сунуштарды берүү жагы тапшырылсын.
10. 2015-жылы Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин имаратынын бир жагындагы ремонту жок бөлүгүн толук капиталдык ремонттон өткөрүп гүл уруктарын өстүрүучү жай жазоого каражат бөлүп берүү жагы шаардык Кеңештин алдындагы Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.