НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/4ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/4ТОКТОМУ

                22-октябрь  2014-жыл                                                                                                     Нарын шаары

Турпанбаев Мадланбек Тураровичке  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Турпанбаев Мадланбек Турарович 1971-жылдын 27-февралында Нарын шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. 1979-жылы №4-В.И.Ленин атындагы орто мектепке кирип, 1987-жылы 8-классты бүтүрүп, ошол эле жылы Нарын шаарындагы №88-СПТУну  1989-жылы  аяктаган. 1989- 1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Билими жогорку.1996-жылы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин жогорку мектебин бүтүргөн.

            1991-1992-жылдары  Ош ИИБнун КККнын полкунун 5-ротасына милиционер. 1992-жылы Ош ИИБнун КККнын полкунун 1-ротасына милиционер,1992- 1996-жылдары  КРнын ИИМдин жогорку мектебинде угуучу.1996- 1997-жылдары  Нарын РИИБде тергөөчү. 1997- 1998-жылдары  Нарын РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер -өкүлү. 2003- 2004-жылдары  Нарын ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ага опер-өкүлү.2004- 2006-жылдары  Ат Башы РИИБнин начальнигинин өздүк курам боюнча орун басары.2006- 2011-жылдары Нарын ОИИБнин кадрлар бөлүмүнүн начальниги.

2011-жылдын февраль айынан 2011-жылдын сентябрь айына чейин Ат Башы РИИБнин начальниги. 2011-жылдын 23-сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаардык ИИБнин начальниги болуп эмгектенип келүүдө.

Турпанбаев Мадланбек Турарович Кыргыз Ресспубликасынын ички иштер министирлигинин 1-2-3 даражадагы “Азамат” медалдары жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.

            Ички иштер бөлүмү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү  эмгектери жана жетишкендиктери үчүн  Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн эмгек жэамаатынын сунушунун жана депутаттык  туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ                                                                                                       

 

  1. Ички иштер органдары тармагындагы үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Турпанбаев Мадланбек Тураровичке  Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан   Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  2. Жобого ылайык Турпанбаев Мадланбек Тураровичке атайын үлгүдөгү Нарын шаарынын   « Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

             Төрага                                                                                      Э.Турсуналиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, М.Турпанбаевге, шаардык ИИБге

Обсуждение закрыто.