НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/5 ТОКТОМУ
22-октябрь 2014-жыл Нарын шаары
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович 1973-жылы 15-июлда Бишкек шаарында туулган. 1980- жылы мектепке кирип, 1990-жылы мектепти аяктаган.1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин бухгалтердик эсеп, өндүрүштүк ишмердүүлүктүн анализи факультетинде окуп 1995-жылы аяктаган.Өзүнүн эмгек жолун 2002-жылы «Асеин» жоопкерчилиги чектелген коомунда директордун орун басары болуп иштөө менен баштаган.Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы болуп иштеген. 2008-жылы «Спорт биримдиги» спортту өнүктүрүү фондун ачып, фондго директор болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2010-жылдары Кара Балтадагы спирт заводунда директордун орун басары болуп иштеген. 2011-жылдан 2012-жылга чейин "«Чакан ГЭС» ЖАКунун директорунун орун басары, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министринин орун басары болуп эмгектенүүдө.
Ишиндеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Мындан сырткары Жумал районунун “Ардактуу атуулу” наамынын ээси.
Нарын шаардык Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын сунушу жана туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Н.Сыдыгалиевге, «Ата Мекен» фракциясына;