НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/8ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/8ТОКТОМУ

22-октябрь 2014-жыл                                                                                                                                           Нарын шаары

Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичке Нарын шаарынын «Ардактуу  атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

                Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович 1970-жылы 16-октябрда Ат Башы районунун Ат Башы айылында туулган.1989-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетине тапшырып, студент болуп кабыл алынып, 1994-бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана анализ кесибине ээ болуп жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаган.                                                           2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук  Университетинин юридикалык факультетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.

            1994-жылы Нарын облусунун Ат Башы айылындагы райПОсунда башкы бухгалтер кызматында эмгектенген.1995-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик салык инспекциясында инспектор, 1996-жылдан 2003-жылга чейинки аралыкта 1-Май райондук мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор, сектор башчысы кызматында иштеген. 2003-2006-жылдары Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук мамлекеттик салык инспекциясында бөлүм башчы, 2006-2008-жылдар аралыгында ушул эле шаардын Свердлов райондук мамлекеттик салык инспекциясында бөлүм башчы кызматында иштеп келген.                    2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана өнөр жайды кайра иштетүү министрлигине караштуу спирт жана алкоголь продукцияларын өндүрүү, сактоо жана жүгүртүү боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директору болгон.2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу этил спиртин жана алкоголь продукцияларын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик инспекциясынын директору болуп эмгектенген.

            2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине « Республика» саясий партиясынан депутат болуп шайланып, 2010-2012-жылдар аралыгында Эл Аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы  жана 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп иш алып барууда.

Салык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси жана Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Кайра иштетүү өнөр жайынын отличниги, салык кызматынын отличниги жана КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык Ассамблеясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

            Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичтин үзүрлүү эмгектери жана Нарын шаарына көрсөткөн жардамдары үчүн Нарын шаардык Кеңешинин «Республика» фракциясынын сунушу менен туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Депутат катары көрсөткөн кызматтары жана жетишкендиктери үчүн Баатырбеков Алмаз Баатырбековичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Баатырбеков Алмаз Баатырбековичке атайын үлгүдөгү жазалган Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу»  төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

Төрага                                                                                                             Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, А.Баатырбековго, «Республика» фракциясына;

Обсуждение закрыто.