НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 6/13ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ      КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 6/13ТОКТОМУ

                22-октябрь 2014-жыл                                                                                                        Нарын шаары

 

Аскаров Алмас Карыпбековичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

            Аскаров Алмас Карыпбекович 1978-жылы 26-февралда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1995-1998-жылдары Нарын педагогикалык окуу жайынын мугалимдик кесибин, 1999-2006-жылдары Кыргыз Улуттук Универститетинин юридика факультетин, 2009-2013-жылдары Нарын мамлекеттик универститетинин тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1999-2001-жылдары Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы М.Балбаков атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенүү менен баштаган. 2001-2004-жылдары М.Балбаков орто мектебинде  окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2004-2006-жылдары  Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айыл өкмөтүндө жоопту катчы, 2006-2009-жылдары Кызыл-Белес айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу, 2009-2010-жылы Нарын педагогикалык окуу жайында мугалим, сырттан окуу бөлүмунүн башчысы,2010-жылдан бүгунку кунгө чейин Нарын облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы, атайын өкүлү болуп эмгектенүүдө.

Иштеген мезгилде  Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн , Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн,     Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын мамлекеттик универститетинин, Нарын педагогикалык  окуу жайынын,  Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамоталары”, Кыргыз Республикасынын спорт жана туризм комитетинин 1-даражадагы диплому менен сыйланган. Муниципалдык кызматтын “Отличниги” тош белгисин алган. Мындан сырткары жогорку категориядагы мугалим, муниципалдык кызматттын 2-класстагы кеңешчиси.

            Аскаров Алмас Карыпбековичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын шайлоо  жана Референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                

                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Билим берүү тармагындагы,  муниципалдык кызматтардагы жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүдө, уюштурууда  көрсөткөн салымдары  үчүн Аскаров Алмас Карыпбековичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүлүк добушуна ээ болгондуктан,    Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Аскаров Алмас Карыпбековичке   атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

   

               Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга, А.Аскаровго   

Обсуждение закрыто.