НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№3 ТОКТОМУ

22-октябрь 2014-жыл                                                                                                                                  Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы  айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан  иштери жөнүндө

            Нарын аймактык транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүндө 10 кызматкер иш алып барат. Мекеменин негизги ишмердүүлүгү болуп транспортторду каттоого алуу, айдоочулук күбөлүк  жана транспорттук номерлерди берүү. Бөлүмдүн бухгалтериясы борбордоштурулуп Бишкек шаарында жайгашкан. Республика боюнча баардык бөлүмчөлөрдүн кириш-чыгыш сметасы  борбодоштурулган бухгалтерия тарабынан  жүргүзүлүп, кириш-чыгыш акча каражаты борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан кетирилет.Нарын аймактык транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмчөсү автоунааларды каттоодо жана кайра каттоодо, айдоочулук күбөлүктөрүн алуудагы төлөмдөргө көзөмөл жүргүзөт. Баардык төлөмдөр РСК банкынын Нарындагы филиалынын көчмө кассасына төлөнөт.                                        Нарын облусу боюнча 2014-жылдын 1-октябрына карата жалпы 25170 автоунаа каттоодо турса, алардын ичинен 1843ү жеке менчик, 6739у мамлекеттик автоунаа. Транспортту каттоодо атайын монополияга каршы кызматы тарабынан бекитилип берилген тарифтин негизинде 5% , транспортту  кайра каттоодо 1% төлөм төлөнөт. Бул төлөмдөрдүн 90 пайызы Республикалык бюджетке, ал эми 10 пайызы Мамлекеттик каттоо кызматына которулат.Мындан сырткары автоунааларды каттоодо 83 сом, айдоочулук күбөлүк берүүдө 104 сом төлөм алынып, Республикалык бюджетке которулат.                                                                                                     2013-жылдын 9 айында Нарын шаарында  5% төлөмгө-1846989 сом төлөм алынып, Республикалык бюджетке 90 пайызы же 1662290 сом, ал эми 10 пайызы же 184698 сому мамлекеттик каттоо кызматына  которулса,  2014-жылдын 9 айында бул 5% төлөмдөн 4791441 сом алынып,  республикалык бюджетке 4312297 сому, мамлекеттик каттоо кызматына 479144 сому которулган.                                                                                                                                  Берилген  бланктар үчүн акы төлөнөт.Техникалык паспорт, техникалык талон, окуп бүткөндүгү тууралуу күбөлүк,  айдоочунун өздүк баракчасы,  улуттук айдоочулук күбөлүк,  эл аралык айдоочулук күбөлүк,  экзамендик карточка. Бул бланктарга төлөнүүчү төлөмдөр Бишкек шаарындагы ОсОО “Атлас-Крипт” фирмасына которулат.                                                       Мамлекеттик белгилер үчүн төлөнүүчү төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Маалымат кызматын көрсөтүү адистештирилген борбор” мамлекеттик мекемесине которулат.                        Транспортту каттоо бөлүмү  Нарын шаарындагы 4 автомектеп менен тыгыз иш алып барат. Алар: С.Нааматов атындагы универститеттин алдындагы автомектеби, Бишкек автомектебинин Нарын шаарындагы филиалы, Т.Акунов атындагы автомектеби-ОСТО, ОсОО Нарын автомектеби.Жогорудагы автомектептерден айдоочулук кесибине окутулган жарандар  Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнөн айдоочулук күбөлүк алышат.                                                             2013-жылы  шаардагы 4 автомектепте баардыгы болуп 1061 курсант ар кандай баскычтар боюнча окуп билим алышса, каттоо бөлүмү тарабынан 1061 айдоочулук күбөлүк берилген. Алардын ичинен “В” баскычын-224, “ВС” баскычын -687, “С” баскычын-60, “Д” баскычын-30, “Е” баскычын-60 жаран алган. 2014-жылдын 9 айына карата 4 мектепте 530 курсант           ар кандай баскычтар окуп билим алышса, каттоо болүмү тарабынан 530 күболүк берилген. “В” баскычын -225, “ВС” баскычын -245,  “Д” баскычы боюнча-60 жаран алган.

Нарын облусу боюнча 2014-жылдын 9 ай ичинде айдоо күбөлугунөн ажыратылган жарандардын саны 90 болсо, анын ичинен жол кырсыгына учурап айдоо күболуктөрүнөн ажыратылгандардын саны-8, ал эми мас абалында кармалып айдоо кубөлүгүнөн ажыратылгандардын саны 82.

            2013-жылы Нарын шаары боюнча баардыгы 871 транспорт каражаты катталса, 2014-жылдын 9 айына 668ди түзөт.Алардын ичинен чет мамлекеттен келген 348 таранспорт каражаты 2013-жылы  каттоодон өтсө,2014-жылы 358, оң рулдуу транспорт каражаты -2013-жылы148 болсо,2014-жылы-179.Каттоодон чыккан транспорт каражаттарынын саны 2013-жылы 213 болсо, 2014-жылы 120,  анын ичинен сатып алуу келишими менен каттоодон чыккандардын саны 2013-жылы-160, 2014-жылы-120.Кайра каттоого келген транспорттун саны 2013-жылы 165,2014-жылы 94, сатып алуу келишими менен келгендердин саны 2013-жылы -159, 2014-жылы 86.Жабдууга келгендердин саны 2013-жылы-18, 2014-жылы-8. Берилген мамлекеттик белгилердин саны 2013-жылы 970, 2014-жылы -719, тех талондун саны-2013-жылы 154, 2014-жылы-170,  тех паспорттун саны 2013-жылы-1095, 2014-жылы 798, берилген транзиттик номердин саны 2013-жылы-51, 2014-жылы 28.

            Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылга карата бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы Нарын шаарында айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан иштерин жеринде көрүп таанышкан мезгилде бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери өзүлөрүнө тиешелүү имараттын жоктугун, тактап айтканда азыркы имаратта ижара акы төлөө менен кызмат көрсөтүп жатышкандыгын билдиришкен.Мындан сырткары  Нарын шаарындагы автомектептердин жетекчилиги депутаттарга Нарын шаарында атайын  автоунаа айдап үйрөтүүчү  жер аянтынын жоктугун депутаттар тарабынан чечилип берилсе деген сунуштарын айтышкан.                                                                                                                    Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык  шаардык  Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын  Нарын шаарында айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан иштери  боюнча маалыматын угуп жана талкуулапНарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан иштери боюнча шаардык КенештинМыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Балбаевдин сессияга берген билдирүүсү эске алынсын.

 

2.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментине 

Нарын шаарында айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнө тиешелүү имарат жоктугун белгилөө менен атайын кат жолдоо, тиешелүү иш аракеттерди көрүү бөлүмдүн жетекчиси Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.

 

3.      Нарын шаарындагы мурдагы  атайын автоунаа айдап үйрөтүүчү жер аянты шаардын тургундарына жеке менчик үй салууга берилип кеткендигин эске алуу менен аларга жер аянтын караштырып көрүү жагы шаардык мэрияга жана шаардык мэриянын алдындагы тиешелүү мекемелердин жетекчилерине  тапшырылсын.

 

4.      Бул токтомдун аткаруу боюнча иш алып баруу Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнө  (Б.Абдылдаев), тапшырылсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев  

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,    Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнө          

Обсуждение закрыто.