НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ    XVIII СЕССИЯСЫНЫН                                                             

№2 ТОКТОМУ

            22-октябрь 2014-жыл                                                                         Нарын шаары

2014-2015-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын  шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым өкүлүнүн 23.05.2014-жылдагы №148-б буйругу аткарууга алынып, Нарын шаардык мэриясынын 3.06.2014-жылдагы №230-б буйругунун негизинде күзгү кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча шаардык штаб түзүлүп, иш алып барылууда.                                                                                                                                   Бюджеттик мекемелерге көмүр отун тартуу иштери боюнча бүгүнкү күндө 100 пайызга аткарылган.Шаар боюнча 7 жерге элге көмүр сатуучу базалар  уюштурулуп, бүгүнкү күндө 1000 тоннадан ашык көмүр топтолгон.Шаар тургундарына 1 тонна көмүрдүн баасы 3500 сомдон сатылууда.Облустук штабдын көчмө жыйынынын  протоколунун негизинде “Турук” кениндеги “Кенч-строй” ЖЧКсы жана “Кара-Кече” көмүр кениндеги “Шарбон” ЖАКсу менен келишимдер түзүлүп көмүр тартылууда.Шаарда 5 жерде жана борбордук базарда жеке менчик автоунааларда “Турук” жана “Кара-Кече” көмүрлөрү сатылууда.                                                                                                                        Нарын  райондор  аралык  жылуулук   камсыздоо   өндүрүштүк  бирикмесинде   бардыгы   22 откана бар.  20 откана   электр энергиясы ал эми 2 откана   көмүр  менен  иштейт.  Мекеме  82  көп  кабаттуу үйдү, 31 менчик  үйлөрдү, Республикалык   бюджеттеги  19 мекемени, жергиликтүү  бюджеттеги  17 мекемени, 4  башка  керектөөчүлөрдү   жана  1560   абонентти  жылуулук   менен   камсыз  кылат.                                                                                                                                              2014-2015-жылга карата  ишканага  караштуу  отканалардагы  ремонт  иштери  1- участок  боюнча «Московская» отканасында  Нарын  суусунан  отканага  өз  алдынча суу  тартып  чыгаруу  үчүн     7,5 кВт  насос  коюлуп,  дм -76  мм  болгон      80   метр  труба  коюлду  жана    125 метр   кабель  тартуу   иштери  жазалып,  көлөмү 50м3  болгон  эки  аккум.бакка  дм 100 мм болгон  труба  кошулуп    буткөрүлүп,  текшерилген. № 2 «Чебурашка»  бала-бакчасынына  келүүчү  жылуулук   трубалары  ремонттолуп, жаңыртылган.№18 «Ак-Дил»  бала- бакчасынын,  №  10  мектептин   отканаларынын   ичин  актап — сырдоо  иштери  буткөрүлүп, № 10  мектептин   запастагы    отказаны  ремонттолуп  даярдалган.   Мындан сырткары  Раззакова № 2, №2г  үйлөрүнө  кетүүчү  жылуулук  трассаларында  24 метр  труба  алмаштырылып,  откананын  ичиндеги   отказандардын  жараксыз тетиктери алмаштырылган. Азыркы  учурда  Раззакова № 10, №8а, №23, №1а, №2д, Ленин№2  үйлөрүнүн  ички системаларын  ремонтоо   иштери  жүргүзүлүп жатат.                                                   2  участок   боюнча «ЦРК»  отканасында —  Е-1/9  маркасындагы   2    көмүр  отказандарынын  демонтаж    иштери   жазалып   жаны  Россия өндүрүшүнөн чыккан КВм-2,5   Мв  болгон    көмүр  отказаны  алынып  келинген жана   отказанды  орнотуу   үчүн   монтаждоо  жумуштары  жазалып, бүгүнкү  күндө  суу  жиберилип,  текшерүүдөн өткөрүлгөн.   Обладминистрация, Ленин-63,  №2  Чкалов мектеп  гимназиянын, №1,№ 9 орото мектептердин, Райондор аралык соттун,  Облустук китепкананын,  Облустук соттун жана  Ленин №75,№ 102, №79, №16 «Ыйман» бала бакчасынын    отканаларынын   ички  ремонттору   бүткөрүлгөн.Бүгүнкү күндө №4 мектептин   отказандарын  ремонттоо  жумуштары  жасалууда.                                                                                                                 3  участок  боюнча    «Ипподром»  отканасында  —  Ленин   №99, №101,№103№ 103г  жылуулук  трассаларынын жараксыз жерлерине жаны  труба  коюлуп,  55  метр жерге     жаңы   тартылып   канализацияга  кошулган.Мындан сырткары  Ленин №121,190 жана   № 5 Э.Ибраев орто мектебинин    отканаларынын    ичин  актап — сырдоо иштери  жазалып  бүткөрүлгөн жана  жылуулук  трассалары  өтүүчү  люктардын   ичиндеги  задвижкалардын  жараксыздары    алмашылып,  көп кабаттуу  үйлөрдүн  ички  жылуулук  системасынын   ондоп-түзөө  жумуштары  жазалууда.                        2014- 2015-жылдагы  кыш мезгилине  карата  керектелүүчү    2700   тонна   жергиликтүү көмүргө,   12-май 2014 –жылы  ишкана  тарабынан тендер өткөрүлүп,   «Турук»   ОсОО  «Кенчстрой»  фирмасы    менен  келишим  түзүлгөн.   2014-жылдын    9- октябрга  карата      ишкана   аркылуу   2140 тн.    79%       көмүр  тартылып  келинген.                                                                                    Нарын РЭТи Нарын шаарындагы 10500 жеке кардарлар  жана 1056 мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, жалпы 11556 кардарды электр энергиясы менен камсыз кылат. 2014-жылдын ушул мезгилине чейин пайдаланылган электр энергия 108688,5 мин кВт саат же 81690,9 миң сомго электр энергиясы сатылган.(2013-жылы 97384,5 мин кВт саат же 72837,6 миң сомго сатылган). Бул көрсөткүч өткөн жылга  салыштырмалуу 2014-жылы11304 мин кВт саатка көп пайдаланылган.                         Кабыл алынган электр энергиянын ичинен жалпы коромдор 18396,0 мин кВт саат же 16,9 пайызды түзөт.                                                                                                                                           Нарын шаарында жалпы 288 ТП бар, мунун ичинен Нарын ЭТРнун балансасында 186 ТП, ал эми калган 102 ТП кардарлардын балансасында.Нарын ЭТРне 2014-жылдын 9 айына карата  накталап оңдоого 1420 миң сомго план берилип, берилген план 2777,6 миң сомго жазалган же 195,6%ке аткарылган.Учурдагы оңдоо 2014-жылдын 9 айына 885 миң сомго пландашылып, 926,1 миң сомго жазалып 104,61%ке аткарылган. Нарын шаарында 10500 кардар болсо мунун ичинен 6953 кардардын электр эсептегичи сыртка чыгарылган. Нарын ЭТРне караштуу 288 даана ТП 10/0,4 кВ трансформаторлорунун 202 даанасында кулпулар салынып, жазуулары жаңыртылган.                                    Мекемеменин дебитордук карызы 33232,3 миң сом, мунун ичинен элдики 4952,0 миң сом, мекеме ишканалардын карызы 28280,3 миң сомду түзөт.Мунун ичинен  Республикалык бюджеттен каржыланган мекемелердин карызы 1146,29 миң сом, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин карызы 142,5  миң сом, комерциялык структуралардыкы 5345,80 миң сом, башка структуралардын карызы 21645,7 миң сом. Сатылган электр энергиясынан 106759,6 миң сом жыйналган же 132 %га. 2013-жылы бул көрсөткүч 92927,9 миң сом же 127 % болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу, 2014-жылы 13,443 миң сомго көп жыйналган.                                                  Сатылган электр энергиясынын жана андан келип түшкөн акча каражатын эсептөө, кардарлар менен эсептешүү автоматташтырылган.100 пайыз жеке кардарларга жана мекеме ишканаларга счет таркатылып турат.                                                                                                                       Электр энергиясын кардарлар тарабынан уурдалышын (комерциялык жоготууларды) азайтуу жана төлөмдөрдү жогорулатуу максатында ай сайын рейддик иштер уюштурулуп турат. 170 рейддик иш жүргүзүлүп электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузган 289 кардарга акт протокол тузүлүп, эсепке кирбей калган 2525,765 миң сом кайрадан эсепке алынып, дебитордук карызы бар 1586 кардардын электр энергиясы өчүрүлгөн.                                                                                                              Нарын шаардык “Суу-канал” ишканасынын балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миң   метр куб, 4 ( Ак-Бечел, Батыш, Теке-Секирик, Кирпичный) суу алуучу жай бар, алардын жалпы узундугу 108,79 км түзөт.Мекеменин карамагында 119 даана суу алуучу колонка, кубаттуулугу 6,0 метр куб ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34км канализациялык түтүкчөлөр бар.Жыл башында бекитилген иш планга ылайык жана пландан тышкары жыл башынан бери шаарда суу берүүчү 47 жарылуу болуп 45и оңдолуп кайра калыбына келтирилген.Суу алуучу колонкалардын баардыгы нормага ылайык эки жолу учурдук оңдоодон өтүш керек болсо, көпчүлүгү 4-5 жолудан бузулуп, учурдук оңдоодон өткөн.Ленин көчөсү№75,148,190, Раззаков көчөсү №8, С.Орозбак көчөсү №19,Кыргыз көчөсү №31 үйлөрүнүн подвалдык тейлөөлөрдөгү суу-канализация системалары оңдолду.Мындан сырткары СНБдан Токтогул мектеби , С.Орозбак көчөсүнө чейин, Ленин көчөсү №102, №98, №4, Раззаков көчөсү №12, №14 үйлөрүнүн тушундагы борбордук ыплас суу агуучу түтүкчөлөрүндөгү канализациялык тыгылуулар толук тазаланып ишке киргизилген. Планда каралган капиталдык оңдоодон өтүүчү суу кудукчаларынын ичиндеги тетиктер жаңыртылып айрымдары оңдолгон.

Московский, Адек, Кермакунов, Кирпичный, ДСУ, Ак-Кочкор, Мирный, №8 орто мектеп, УОС, МДС аймактарына Д=80, 150, 200, 250 болгон баардыгы болуп  дагы 10 даана задвижкалар керек, алардын наркы  200 мин сомду талап кылат,  каражат жетишпегендиктен ондолбой коп маселелерди  жаратууда. Ушул акча каражаты шаардык Кенештин экономикалык чыгымдарынан чечилип болүнсө бир топ маселелер чечилет эле деген сунуштарын беришүүдө. Мындан сырткары тереңирээк эксковатор менен казыла турган райондук оорукана аймагындагы негизги суу түтүгүнүн ачып жабылуучу задвижкасы бүгүнкү күндо авариялык абалда турат (борбордук Мончого, городок аймагынан РОВД аймагына чейинки аралыкты камсыздайт) толук  ремонттоого ишкананын кышка карата даярдык планында турат.

          Акыркы убактарда жер алдындагы суу түтүктөрүнүн эскилигинен жарылуулар болуп, шаар тургундарына билдирүү берилбестен таза суу өчүрүлүп келүүдө.Тактап айтканда суу канал ишканасынын жетекчилиги тарабынан ишке болгон көш көңүл мамилесинин негизинде ишти алга жылуусу начар.Эски РТСтын скважиналарынын курулушуна шаардык мэрия тарабынан 474,0 миң сом бөлүнүп, 250 метрге диаметри 100мм трубалар тартылып, насос орнотулуп, хлорлоочу бөлүгү, оператордук, кароолчулук жайлары, шиттик башкаруу системасы курулууда дегени менен учурда толук бүтпөй, иштин жыйынтыгы белгисиз болууда  кышка карата даярдыгын толук бүткөрүүгө 478,0 миң сом талап кылынууда.                                                                                                Мекеменин бүгүнкү күндө дебитордук карызы  8010,3 миң сомду түзөт. Мунун ичинен бюджеттик мекемелердики 4145,8 миң сом, чарбалык эсептеги мекемелердин карызы 77,4 миң сом, жылуулук берүү ишканасынын карызы 749,3 мом, элдики 3037,8 миң сом.

            Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңшинин сессиясында  2014-2015-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын  шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      2014-2015-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча  мекемелердин жетекчилеринин  берген маалыматтары эске алынсын.

 

2.      2014-2015-жылдарга от жагуу сезонуна    «Турук»   ОсОО  «Кенчстрой»  фирмасы    менен    түзүлгөн келишимдин негизинде  2014-жылдын 1-декабрына чейин  көмүр тартып бүткөрүү  Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине (У.Айтиев)  милдеттендирилсин.

 

3.       Нарын шаардык мэриясы  тарабынан (Р.Адиев) жылуулук берүү ишканасына (У.Айтиев) жалпы окуу жайларга, бала-бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, эл жашаган көп кабаттуу үйлөргө нормага ылайык, үзгүлтүксүз жылуулук менен  камсыз кылуусуна,  көп кабаттуу үйлөрдү  жылуулоого,   Нарын суу канал ишканасына     суу түтүкчөлөрүнүн  жана суу алуучу калонкалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга  жана электр тармактар ишканасына   ( Т.Алымбаев)  электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо,  ТПлардын абалын кайрадан карап чыгуу, керектүү жерлердин ТПларын, линияларын  алмаштыруу, Нарын шаарынын  кыш мезгилиндеги оор климаттык шартын эске алуу менен электр жарыктарын өчүрбөөгө  жана дебитордук карыздарды өндүрүүгө карата тапшырмалар берилсин жана  тиешелүү чараларды көрүү жагы тапшырылсын.

 

4.      Нарын шаарынын жеке менчик турак үйлөрүнө  таза суу киргизүүдө шаар тургундары тарабынан  баш аламан казылган  туура жана асфальт төшөлгөн жолдорду кайра калыбына келтирүү шаардык мэрияга, суу канал  жана “Таза-Нарын” ишканаларынын жетекчилерине тапшырылсын.

            Таза суу киргизүү үчүн шаардын жолдоруна, суу өтүүчү  жана жылуулук өтүүчү трассаларга  зыян келтирип, өзүм билемдике салып, суу киргизип жаткан шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана аларга чара көрүү, санын тактоо, өз ара эки тараптуу келишим түзүү шаардык суу канал ишканасына тапшырылсын.

 

5.       Нарын шаарынын элин, айрыкча калктын аярлуу катмарларын сапаттуу, арзан көмүр менен камсыз кылуу жана 2014-жылдын 10-ноябрына чейин  көмүр тартуу иштерин уюштуруу шаардык мэрияга ( А.Суранов) милдеттендирилсин.

 

6.      Электр энергиясы боюнча Нарын шаарына берилген лимитин көбөйтүү боюнча сессиянын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жиберилсин.

 

7.      Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаевага депутаттардын ишенбестик көрсөтүүсүнүн  негизинде  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын  31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнө ылайык  ээлеген кызмат ордунан чететтүү  шаардык мэрияга (Р.Адиев) милдеттендирилсин.

 

8.      Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын акими  Т.Алымбаевге,  Нарын жылуулук берүү ишканасынын директору У.Айтиевге, Нарын  суу канал ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаевага дебитордук карыздарды өндүрүү  жана электр, жылуулук энергиясынын, таза суунун коромдорун кыскартууга өзгөчө көңүл буруу,   тиешелүү  деңгээлде ишти жүргүзүү тапшырылсын.

 

9.      Токтомду аткарууга алуу , жеткиликтүү чараларды көрүү жагы Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиевге) жана мекеме жетекчилерине (У.Айтиев, Т.Алымбаев, Г.Бактыбаева) милдеттендирилсин.

 

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алууну өзүмө калтырамын.

                   Төрага                                                                                Э.Турсуналиев  

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  шаардык электр тармактар ишканасына,            Нарын  райондор  аралык  жылуулук   камсыздоо   өндүрүштүк  бирикмесине, Нарын “Суу-канал” ишканасына   

Обсуждение закрыто.