НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 3/2ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ              КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 3/2ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы №8 орто мектебине   Арстанбек Буйлаш уулунун ысымын официалдуу берүү жөнүндө

 

            Нарын шаарындагы №8 орто мектеби 1988-жылы 800 орунга ылайыкташтырылып курулган. Мектептин курулушу аяктап ишке берилгенде, мектеп №8 деген ат менен аталып, 1994-жылы октябрь айында Нарын шаарынын тургуну Найманбаев Мукаш мектепке Арстанбек Буйлаш уулунун ысымын берүү демилгесин көтөргөн. Демилгени мектептин мугалимдер коллективи, шаардык мэрия жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан колдоого алынып, улуу акын, комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун ысымы берилген. Бирок, белгисиз себептер менен шаардык Кеңештин чечими чыкпай калган, тактап айтканда бүгүнкү күндө “Арстанбек Буйлаш уулу” официалдуу деп эсептелинбейт.

            Шаардык Кеңешке шаардык мэрия жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибинде “Арстанбек Буйлаш уулу” деген атты официалдуу кылып токтом чыгарып берүү сунушу менен кайрылышкан.Сунуш шаардык Кеңештин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна жиберилип, комиссия өз отурумунда маселени сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

            Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунуш каттарынын негизинде Нарын шаарындагы №8 орто мектебине  “Арстанбек Буйлаш уулу”атындагы мектеби деген официалдуу ысым берилсин. (Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр баяны тиркелет)  

 

 

   

                   Төрага                                                                                Э.Турсуналиев  

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө  

Обсуждение закрыто.