НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН№  8 ТОКТОМУ

 19-март  2015-жыл                                        Нарын шаары    

Нарын суу канал ишканасынын таза суу жана канализация  кызматы үчүн жаңы тарифин жана Нарын шаарында суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Нарын суу канал ишканасы толук чарбалык эсепте иш алып барат. Мекемеде иштеген кызматкерлердин жумушчулардын эмгек акысы , күйүүчү жана майлоочу майларга кетүүчү чыгымдар, жабдууларды алуу, электроэнергия үчүн төлөмдөр толугу менен мекеменин өздүк каржылоосунда.Мекеменин техникалары 80-90-жылдары таандык. Ал суу жана канализация трубаларынын курулмалары 1950-1960-жылдары курулган. Тактап айтканда бүгүнкү күндө эскилиги жеткен трубалар улам жерден жарылуу болуп, ишкана улам пландлбаган чыгымдарга дуушар болууда.Шаар ичинде жогорку өндүрүштөгү завод, фабрикалар жок болгондугуна байланыштуу таза суу жана канализация кызматы үчүн толөмдөрдү бюджеттик мекеме ишканалар жана шаар тургундары  кафе, чач-тарачтар, дүкөндөр жана мончолор төлөшөт. Эмгек акынын аздыгынан ишканада кесипкөй адистер башка жакка которуп кетишүүдө. Ишканадагы инженерлердин орточо эмгек акысы 6000 сом, ал эми слесарь-сантехниктердин айлык акылары 4950 сом.                                                                                                                              Ишкананын 2015-жыллга карата негизги иш аландарынын бири болуп РТС аймагындагы насос скважинасын жана Ак-Бечел суу алуучу жайындагы чыпкалоочу курулушун, резервуары электр жабдуулары менен ишке киргизилет.                                                                                            Европалык Банктын техникалык экономикалык изилдөөсүнүн негизинде суу канал ишканасынын финансылык оор абалына байланыштуу абоненттерден таза-суу жана канализация кызматы үчүн толөнгөн жыйым томонкү дэңгээлде болгондугуна байланыштуу, тарифти көтөрүү милдетин койгон. Шаардык суу канал ишканасы Нарын шаарында таза сууга жана канализация кызматы үчүн тарифтерди жогорулатуу боюнча шаардын аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрүп, чогулушта шаар тургундары тарабынан бул маселе колдоого алынып протоколдор түзүлгөн.                                                                                                                  Нарын шаардык Кеңешине жана шаардык мэриясына  Нарын шаардык суу канал ишканасы тарифтерди бекитип берүү жана Нарын шаарында суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу эрежелерин бекитип берүү боюнча 2015-жылдын 29-январында сунуш кат менен кайрылышкан.

Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, туруктуу комиссия бул маселени сессиянын күн тартибине киргизүү сунушун беришкен.

Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиевдин  тарифтерди бекитип берүү жана Нарын шаарында суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу эрежелерин бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

   ТОКТОМ КЫЛАТ                                                                                            

1.    Нарын суу канал ишканасынын таза суу жана канализация  кызматы үчүн жаңы тарифи бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2.    Нарын шаардык суу канал ишканасынын суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу эрежеси бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3.    Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиев тарабынан Нарын суу канал ишканасынын финансылык абалын оңдоого, коллектив ортосунда ынтымакты сактоо менен ишти алга жылдырууга аракеттер көрүлсүн.

4.    Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинини тартыштыгын эске алынып  инвестиция тартуу, долбоорлорду жазуу менен Нарын шаардык суу канал ишканасынын өндүрүшүнө пайдаланууга жаңы техникаларды сатып алууга аракеттерди көрүү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге, Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиевге тапшырылсын.

5.    Шаар тургундарынан, мекеме ишканалардан, комерциялык мекемелерден таза суу жана канализация үчүн төлөнүүчү жыйымды өз убагында чогултуу,  дебитордук карыздарды жоюу боюнча Нарын шаардык суу канал ишканасы тарабынан  ыкчам аракеттер көрүлсүн.

6.    Нарын шаарына курулуучу ыплас сууларды кабыл алуучу жайдын курулуш иштерин баштоого жана Ак-Бечел суу сактоочу жайдын курулуш иштерин бүткөрүүгө Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев), шаардык суу канал ишканасы (Н.Максуталиев)  тарабынан аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.

7.    Нарын шаардык суу канал ишканасына  Монополияга Каршы Күрөшүү Агенттигинин Нарын облустук бөлүмү менен такташылып, макулдашылгандан кийин бекитилген жаңы тарифтерди колдонуу жагы тапшырылсын.

8.    Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына ( Р.Адиев)жана Нарын шаардык суу канал ишканасына (Н.Максуталиев) тапшырылсын.

Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык суу канал ишканасына

Обсуждение закрыто.