НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН №3/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ           КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

№3/1 ТОКТОМУ

29-август 2014-жыл                                                                                                              Нарын шаары            

                         Нарын  шаардык балдар уландар спорт мектебине  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаков Карганбек Сыдыковичтин атын берүү жөнүндө

                Самаков Карганбек Сыдыкович 1963-жылы  Нарын шаарында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтка тапшырып 1985-жылы инженердик курулуш факультетин бүтүргөн.1998-жылы КыргызУлуттук универститетинин юридикалык факультетин аяктаган.2008-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолун 1985-1986-жылдары Нарын автожолдорун эксплуатациялоо башкармалыгында инженер болуп эмгектенүү менен баштаган.1986-1991-жылдары Нарын жол-куруу башкармалыгында инженер куруучу, 1991-1992-жылдары Нарын автожолдорун эксплуатациялоо башкармалыгында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмунүн башчысы, 1992-1994-жылдары “Аман” фирмасынын директору, 1996-1998-жылдары “Эверест-ко ЛТД”комерциялык фирмасынын президенти, 1998-2001-жылдары Кыргызалко мамлекеттик ишканасынын Нарын областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп эмгектенген.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп  шайланган.2003-жылдан баштап Эл аралык, Тышкы экономикалык Парламенттер аралык Комитетинин торагасы жана КМШ ПАА Эл аралык иштер комитетинин мүчөсү.2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп кайрадан шайланган. Эл аралык иштер жана Парламенттер аралык байланыш комитетинин төрагасы.                                                                                                                                                                    2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ата Мекен” фракциясынан шайланган депутат. Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары жана Эл аралык иштер жана Парламенттер аралык байланыш комитетинин мүчөсү болуп турган.                                                                                                                                                                           2012-жылдын 8-ноябрынан баштап Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы.КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын эл аралык кызматташуу жана саясий маселелери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары. “Кыргызстан –Кагошима” Кыргыз-Япон уюумунун Президенти , Россиялык “Честь имею” медиа-холдингинин жана “Честь и мужество” фондунун Борбор азия боюнча төрагасы.                                                                                                                                Юридика илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.Россиянын коопсуздук коргонуу жана укук тартип Академиясынын “Ардактуу академиги”.  Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун ардактуу профессору. “Мустафа Кемаль (Ататүрк)” атындагы эл аралык  фондунун лаураты, ардактуу профессору жана алтын медал менен сыйланган.Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржысынын, Кыргыз Республикасынын маданиятынын “отличниги”төш белгисинин ээси. Нарын шаарынын жана Нарын облусунун “Арактуу атуулу”. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70-жылдыгы юбилейлик” медалы, КМШ ПАА “Шериктеш” ордени, күмүш медалы, “Ардак Грамотасы”, “Жапон- Кыргыз биримдиги” медалы, “Ардактуу ишкер” медалы, “Улуу Петрдун 2-даражадагы” ордени,”Столыпин” медалы, “Честь и мужество” ордени, “Боевое братство”, “Калашников” ордендер менен сыйланган.                                                                                                            Самаков Карганбек Сыдыковичтин Нарын облусуна жана Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө ,өзгөчө спорт тармагына  кошуп жаткан салымдары үчүн Нарын шаардык балдар уландар спорт мектебине Самаков Карганбек Сыдыковичтин ысымын ыйгаруу боюнча Нарын шаардык Кенешине шаардык мэрия жана Нарын шаардык балдар уландар спорт мектебинин эмгек жамааты атайын сунуш кат менен кайрылышкан.Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча”  туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, туруктуу комиссия өз отурумунун протолунун негизинде шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.                                                                                                                                                                      

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы                                                                                                                                 

                                                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

 Нарын облусуна жана Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө ,өзгөчө спорт тармагына  кошуп жаткан салымдары үчүн сессияга катышкан депутаттардын  добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Нарын шаардык балдар уландар спорт мектебине Самаков Карганбек Сыдыковичтин ысымы ыйгарылсын.

 

                   Төрага                                                                                                            Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга ,  Нарын шаардык балдар уландар спорт мектебине 

Обсуждение закрыто.