НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/17ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 2/17ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                           Нарын шаары

 Мааткеримов Жолдубайга  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

Мааткеримов Жолдубай  1949-жылы 8-мартта Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. 1963-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Нарын медициналык окуу жайына кирип аталган окуу жайды 1968-жылы бүтүргөн.1968-1970-жылдары Советтик Армиянын катарында болгон.1970-1991-жылдары Тянь_Шань райондук санэпидстанциясында эпидемиологдун жардамчысы болуп иштеген.1991-2002-жылдары Улуттук кызыл крест жана Кызыл ай коомунун Нарын облустук комитетинин төрагасы болуп иштеген.2002-2006-жылдары “айыл жериндеги санитария жана гигиена” долбоору  менен тренер болуп эмгектенген.2009-2012-жылдары Нарын медициналык колледжинде “Сүрөтчү-оформитель”, 2012-жылдын март айынан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле колледждин административдик чарбалык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенүүдө.

Өнөрлүү кесипкөй адам катары коомдук иштерге облустук, райондук, шаардык  конкурстарга катышып алдыңкы орундарды коллектив менен чогуу алып келишкен. Облустук Кызыл Ай коомунда иштеп турганда,  Нарын облустук Кызыл ай коому  республикада эмес Орто Азия  малекеттеринин ичинен, элге керектүү долбоорлорду жазып жеңишке жетишкен коомдордун катарына кирип,  бөлөк мамлекеттин делегациялары келишип үлгү алып турган.

            “Өнүгүү”долбоорунун негизинде облустагы 127 айыл жериндеги ФАПтарга врачтык амбулаторияга керектелүүчү дары-дармектердин 60 пайызын 3 жыл боюу камсыз кылган.Мындан сырткары  долбоорлордун негизинде Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондоруна УАЗ маркасындагы медициналык  автомашиналарды бекер алып бергенге жетишкен. Кийинки айыл жериндеги мектептерге талапка ылайыктуу дааратканаларды салып берген.

            Республиканын калкын социалдык жактан коргоо жаатындагы жигердүү жана үзүрлүү иш-аракети үчүн Кызыл жарым Жарым Ай Улуттук  коомунун кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият министрлигинин “Ардак Грамотасы” менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Мааткеримов Жолдубайдын медицина тармагында жана Улуттук Кызыл Ай коомунундагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Медицина тармагында жана Улуттук Кызыл Ай коомунундагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн  Мааткеримов Жолдубайга Жобого ылайык  сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан    Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Мааткеримов Жолдубайга    атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Ж.Мааткеримовго    

Обсуждение закрыто.