НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/7ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 2/7ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                           Нарын шаары

 

Абдылдаев Райымбек Жумагуловичке  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

            Абдылдаев Райымбек Жумагулович 1963-жылы 24-сентябрда Учкун айылында туулган. Эмгек жолун 1985-жылы “Кыргызгазификация” ишканасында инженер болуп эмгектенүү менен баштаган.1986-1995-жылдары ушул эле ишканада башкы инженер, 1995-1997-жылдары “Уюк” ААКда жетектөөчү инженер,1997-1999-жылдары “Кыргызгазмунайзат” мамлекеттик ишканасында улук инженер,1999-2001-жылдары “Кыргызгаз” ААКда улук инженер,2001-2003-жылдары “Эстаунд” газ берүүчү ишканасында улук инженер, директордун орун басары, 2003-2005-жылдары “Газ-Жалын”, “Кыргызгаз”ААКда улук инженер, инспектор,2005-2009-жылдары “Кыргызгаз” ААКда начальниктин орун басары,2009-2010-жылдары Нарын региону боюнча “Эль Газ опт” ЖЧКда началник, ушул эле коомдун генералдык директорунун орун басары, “РААКе-кенч” ЖЧКда генералдык директор, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “РААКе-кенч” ЖЧКда директордун орун басары болуп эмгектенип келүүдө.

Мындан сырткары “Кыргызгаз”ААКда директорлор советинин төрагасы  болуп эмгектенет.

Газ берүү ишканаларындагы эмгектери үчүн  “Кыргызгаз” ААКнун “Ардак Грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин “Ардак Грамотасы”, “Кыргызгаз” ААКнун “мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

Газ берүү  ишканаларындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү “РААКе-кенч” ЖЧКнун эмгек жамаатынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                 

                                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Газ берүү  ишканаларындагы  эмгектери үчүн Абдылдаев Райымбек Жумагулович Жобого ылайык  сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан     Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Абдылдаев Райымбек Жумагуловичке   атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси  жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Р.Абдылдаевге

Обсуждение закрыто.