НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 10 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ          XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  10 ТОКТОМУ

16-июль 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

Нарын шаарынын Төш-Булак, Интернат аймагына бала бакча курууга жер аянтын чечип берүү жөнүндө.

Нарын шаардык Кеңешинин сессиясынын  күн тартибине  Нарын шаарынын Төш-Булак, Интернат аймагына бала бакча курууга жер аянтын чечип берүүгө  макулдук берүү жөнүндө  кошумча маселе киргизилип, маселе депутаттардын талкуусуна коюлган.        

  Нарын шаардык Кеңешине  шаардын Төш-Булак, Интернат аймагынын тургундары  ушул аймакта мурунку  май куйуучу жайдын жер аянтына бала-бакча курууга жана жер аянтын  сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын чечип берүү  сунушу менен атайын кайрылуу жазышкан.  Кайрылууда бул жер аянты архитектура кызматкерлери менен такталгандыгын, буга чейин да Батыш чөлкөмүнүн тургундары тарабынан шаардык Кеңешке  бакча курууга жер аянтын сурап кайрылып келишкендигин билдирүү менен сунушталган жер аянты депутаттар тарабынан колдоого алынбай,  мектеп интернатка тиешелүү жер аянтына бала-бакча куруу маселеси айтылып жаткандыгын, бул жер аянты мектепке  ыңгайлаштырып салынгандыктан    башка курулуш иштери үчүн берүүгө болбой тургандыгын белгилешкен.                                                                     Сессияда айрым депутаттар архитектуралык талапка жооп берген мектеп интернаттын жер аянтына бакча куруу ыңгайлуу болоорун, жер аянтын сатып алууга кеткен акча каражатына бакчага керектүү башка жумуштарды аткарууга болот  деген ойлорун  айтышса, айрым депутаттар бул жер социалдык обьект болгондуктан бакча курууга мүмкүн эмес,   мурунку май куйуучу жайдын жер аянтына бакча куруу Төш-Булак, Интернат аймагынына ыгайлуу экендигин белгилөө менен   жер аянтын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты  бөлүнсө  деген ойлору ортого салынып талкууга алынды.                                                                                     Депутаттар тарабынан маселени шаардык мэриянын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу”  комиссиясынын кароосуна коюу жагы сунушталып, жер  комиссиясына  депутаттар тарабынан сунушталып жаткан  эки жер аянты боюнча жеринде тактоолорду жүргүзүп  шаардык Кеңештин кийинки сессиясына билдирүү берүү жагы тапшырылды.                                                Нарын шаардык Кеңешинин сессиясынын   күн тартибине  Нарын шаарынын Төш-Булак, Интернат аймагына бала бакча курууга жер аянтын чечип берүүгө  макулдук берүү маселеси боюнча депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Сессияга катышкан депутаттардын сунуштарын эске алуу менен  Нарын шаарынын Батыш аймагына бала бакча курууга Нарын шаарынын Батыш аймагындагы   мектеп интернатка тиешелүү жер аянтын жана мурунку май куюуучу жайдын жер аянтын тактап, курулуш жана архитектуралык талаптарга туура келээрин аныктап берүү  Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясына (А.Суранов) милдеттендирилсин.

2.      Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын  сунушунун негизинде, тандалган жерди сатып алуу же муниципалдык менчике кабыл алуу Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”    туруктуу  комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

 

                       Төрага                                                          Э.Турсуналиев Каттоо№2014-27

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, жер комиссиясына, юстиция башкармалыгына

Обсуждение закрыто.