НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                                 КЕЗЕКТЕГИ XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  9 ТОКТОМУ

16—июль  2014-жыл                                                                                      Нарын шаары

 

Нарын  шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын           10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

            Кыргыз Республикасынын  Президентинин 25- июнь 2004- жылдагы  №25  Мыйзамы менен  “Кыргыз Республикасынын  Нарын обусундагы Тяньшань  районун Нарын району деп кайра атоо жана Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Нарын районунун курамынан Нарын шаарын чыгаруу жөнүндө жана ага областык маанидеги шаардын статусун берүү тууралу”  Мыйзамы чыккан.

             Мыйзамга ылайык  6- июль 2004- жылдагы  Кыргыз Республикасынын Президентинин  №218 Жарлыгы менен   Нарын шаары облустук маанидеги шаардын статусун алып, Нарын шаардык Кеңеши түзүлүп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка Мыйзамдарын жетекчилике алуу менен шаарыбыздын уюштуруу, финансалык жана башка  жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү  боюнча  иштер жүргүзүлүүдө.

            2014-жылы Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын облустук маанидеги шаар статусун алгандыгына 10 жыл болгондугуна байланыштуу, 17-сентябрь Нарын шаарынын күнүнө карата 10 жылдыкты белгилөө үчүн атайын иш чара уюштуруу, өткөрүү шаардык Кеңештин депутаттарынын макулдугунун негизинде ишке ашырылмакчы.

Жогорудагылардын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Шаардык Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болгондуктан, Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын облустук маанидеги шаар статусун алгандыгына 10 жыл толгондугун белгилөө  17-сентябрь 2014-жылдагы  Нарын шаарынын күнүнө карата  өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.       Нарын шаардык Кеңешинин , Нарын шаардык мэриясынын 10 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш чараны уюштурууга  шаардык мэриянын жоопту кызматкерлеринен жана депутаттардын  курамынан  атайын комиссия түзүлсүн.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев Катоо№2014-26

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга , юстиция башкармалыгына  

Обсуждение закрыто.