НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ     КЕЗЕКТЕГИ                                       XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  7  ТОКТОМУ

16—июль  2014-жыл                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 11-июль 2012-жылдагы XXV  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №4 токтому аткарылбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын “Чыгыш бажысына” мөөнөтсүз пайдаланууга берилген “Ден соолукту чыңдоо борборунун” (ФОК) аймагындагы  муниципалдык жер аянтын кайрадан муниципалдык менчике кайтарып алуу жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин  11-июль 2012-жылдагы XXV  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №4 токтому менен  Нарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун  (ФОК) аймагындагы 1050,0 чарчы метр жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын “Чыгыш бажысына” мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилген.

           Бүгүнкү  күндө “Чыгыш бажысы” токтомдо көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай, тактап айтканда курулуш иштери арадан 2 жыл убакыт өтсө дагы  башталган  эмес. Шаардык Кеңештин токтомунда “Чыгыш бажысы” тарабынан курулуш иштери  18 айда бүткөрүлбөсө жер  аянтына берилген макулдук токтому  күчүн жоготот деп көрсөтүлгөн.    Шаардык муниципалдык департаменти “Чыгыш бажысына”  токтомдун талаптарын аткарууга алуу жөнүндө кат менен кайрылган, бирок тиешелүү жооп алган эмес.

               Нарын шаардык Кеңешине 2014-жылдын 30-июнунда  “Ала –Тоо –Нарын” спорт клубу  жогорудагы жер аянтына  үстү жабылган,  муз аянтчасын курууга макулдук берүү сунушу менен кайрылышууда. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынынкароосуна коюлуп, комиссиянын отуруму бул маселени сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                               ТОКТОМ   КЫЛАТ

1.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын “Чыгыш бажысына” Нарын шаардык Кеңешинин  11-июль 2012-жылдагы XXV  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №4 токтомуна ылайык  Нарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун  (ФОК) аймагындагы 1050,0 чарчы метр  жер аянты  токтомдо көрсөтүлгөн талаптар аткарылбагандыгына байлануштуу  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө “ Мыйзамынын 19-беренесине ылайык кайрадан муниципалдык менчикке кабыл алынсын.

 

2.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын “Чыгыш бажысына” Нарын шаардык Кеңешинин  11-июль 2012-жылдагы XXV  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №4 токтомунун негизиНарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун  (ФОК) аймагындагы 1050,0 чарчы метр  жер аянты  токтомдо көрсөтүлгөн талаптар аткарылбагандыгына байлануштуу шаардык мэрия (А.Суранов),  шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов)  тарабынан сот  органдарына кайрылуу менен эки тараптуу тузүлгөн  келишимди бузуу жана башка иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы тапшырылсын.

  

3.      Шаарыбыздын өсүп келе жаткан жаш муундарын сергек жашоого үндөө максатында,  Нарын шаарында спорттук оюундарды ойноочу заманбап спорт имараттарынын  жоктугун эске алуу менен  Нарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун  (ФОК) аймагындагы жер аянты   үстү жабылган,  муз аянтчасын курууга “Ала –Тоо –Нарын” спорт клубуна ижарага  берүүгө макулдук берилсин.

4.      Нарын шаарындагы “Ден соолукту чыңдоо” борборунун  (ФОК) аймагындагы жер аянты   үстү жабылган,  муз аянтчасын курууга “Ала –Тоо –Нарын” спорт клубуна ижарага берүүдө жер аянтынын өлчөмүн, муз аянтчасын курууга сметалык долбоорун тактоо жана Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык курулуш иштерин бүткөрүү  мөөнөтүн көрсөтүү менен эки тараптуу келишим түзүү, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш курруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын отурумунда кароо  Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине(М.Мамбетакунов) тапшырылсын.

 

5.      “Ала Тоо-Нарын” спорт клубу тарабынан келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаса жана мөөнөтү сакталбаса ушул токтомдун 3-пункту күчүн жоготот.

 

6.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

                   Төрага                                                                    Э.Турсуналиев   Каттоо№2014-24

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  шаардык муниципалдык менчик департаментине,   “Ала –Тоо –Нарын” спорт клубуна, “Чыгыш бажысына” , юстиция башкармалыгына

Обсуждение закрыто.