НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ                     XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  1 ТОКТОМУ

16-июль  2014-жыл                                                                                                                              Нарын шаары

     

Шаар элин паспорт менен камсыз кылууда  Нарын шаардык жана райондук паспорттук  визалык калкты каттоо бөлүмүнүн  аткарып жаткан иштери жөнүндө

            Нарын шаарынын жана Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо иштер бөлүмүндө  5 кызматкер эмгектенет. Паспорттук визалык каттоо бөлүмү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.06.2011-жылдагы №332 токтомун жетекчилике алуу менен элге кызмат көрсөтүп келишет. Нарын шаарынын жана Нарын районунун аймагында атуулдарды паспорттоштурууда үзгүлтүксүз тушундүрүү иштери жүргүзүлүп,  бөлүмдөрдүн ишин ачык көрсөтүү максатында стенддер, паспорт алуу үчүн керектүү документтердин үлгүлөрү, паспорт алуунун  баалары, ишеним телефондору көрсөтүлүп илинген. 2013-жылы калкка 10819, 2014-жылдын 6 айында  2853 жарандык паспорт,  2013-жылы 1212, 2014-жылдын 6 айында 729 жалпы жарандык паспорт берилсе,  2013-жылы жашы 60 тан жогорку 679, 2014-жылдын 6 айында 93 жарандын паспортторунун мөөнөттөрү узартылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31-декабрь 2012-жылдагы №875 токтомунун негизинде Нарын шаардык билим берүү болумү менен биргеликте 2013-жылы  16 жашка толгон 1318, 2014-жылдын 6 айында 321 жаран кайтарымсыз негизде паспорт менен камсыз болушкан.

Мындан сырткары паспорт бөлүмү карылар күнүнө карата кары адамдарга, аз камсыз үй бүлөлөргө  жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга паспортко түшүүчү сүрөттөрүн бекер тартууга, паспорт үчүн банкка төлөнүучү акча каражаттарына жардам берилет.

2013-жылы паспорттору жоголгон  1400 жарандын арыздары жөнөтүлүп,  өздүк документтери даярдалып кайрадан паспорт алышса, 2014-жылы паспорттору жоголгон  527 жаран кайрадан паспорт алышкан.

            2013-жылы 1974-жылкы үлгүдөгү СССРдин кызыл түстөгү паспортторун алмаштыруу үчүн 36 арыз кабыл алынып, документтерди персонификациялаштыруу башкармалыгына жиберилсе, 2014-жылдын 1-июлуна карата 15 арыз жиберилген.1994-жылдагы Кыргыз Республикасынын көк түстөгү  паспорттуна  2013-жылы  1433 жарандын, 2014-жылдын 6 айында 1197 жарандын арызы кабыл алынып алмаштырылган.

Нарын шаарынын жана Нарын районунун аймагынын атуулдарына паспорт алууда керектүү маалыматтарды элге жеткирүү максатында массалык маалымат каражаттары аркылуу жарнамалар берилип турат.

Паспорт режими боюнча Нарын шаарынын паспорттук визалык каттоо бөлүмү жана милициянын аймактык тескөөчүсү тарабынан 2013-жылы  паспорту жок 781 атуулга, 2014-жылдын 6 айында 527 атуулга, 2013-жылы жашаган жеринде учету жок  130 атуулга, 2014-жылдын 6 айына карата 89 атуулга административдик протокол түзүлүп, 2013-жылы 84600сом айып ,  2014-жылдын 6 айына карата 55370 сом айып акы салынып жергиликтттүү бюджетке түшүрүлгөн.

            Башка аймактардан келип каттоого отурган жарандардын  саны 1584 болсо, 2014-жылдын 6 айына карата 429 адамды түзөт.2013-жылы 1014 адам каттоодон чыкса, 2014-жылдын 6 айына карата каттоодон чыккандардын саны 559 адамды түзөт. 2013-жылы атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү боюнча 20 атуул паспорт алса, 2014-жылдын алты айына карата 22 атуул паспорт алган. Ал эми жарандык паспорт алууда ,алмаштырууда төлөнүүчү каражаттын суммасы евро акча бирдигинин курсу менен эсептелинет.

Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылга карата бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы Нарын шаарынын жана Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн аткарып жаткан иштерин жеринде көрүп таанышкан мезгилде бөлүмдүн иш бөлмөлөрүндө инвентарлардын жетишсиздигине   жана иш бөлмөлөрүнө  капиталдык ремонт талап кылынаарына күбө болушкан.

            Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык  шаардык  Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын  Нарын шаарынын жана Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери  боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаарынын жана Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн жүргүзүп  жаткан иштери боюнча шаардык КенештинМыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Балбаевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.      Шаар элин паспорттоштуруу иштерин жургүзүүдө, калкты маданияттуу жана сапаттуу тейлөөгө, кемчиликтерге жол бербөө, коррупцияга каршы иш жүргүзүүнү колго алуу Нарын шаарынын жана Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн башчысы А.Байгелдиевага тапшырылсын.

3.      Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынан Нарын районунун паспорттук-визалык каттоо бөлүмүнүн иш бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө, калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында атайын инвентарлар менен камсыз кылууга акча каражатын чечүү райондук жана шаардык паспорттук визалык каттоо бөлүмү  (А.Байгелдиева ) тарабынан атайын сунуш кат жиберилсин, аткарууга алынсын.

 

 

   

                   Төрага                                                       Э.Турсуналиев         Каттоо№ 2014-18

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  Нарын шаардык жана райондук паспорттук  визалык калкты каттоо бөлүмүнүнө, юстиция башкармалыгына 

Обсуждение закрыто.