НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIII  СЕССИЯСЫНЫН

№  3  ТОКТОМУ

17 -июнь  2015-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

MSDSP KG КФ Дипеко — 8 долбоору боюнча  Нарын шаарындагы 3 мектептин  жана 1 бала бакчанын конструкциясын бекемдөө боюнча  жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымдар үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

            Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине кайрылуу жасап, кайрылууда 2014-жылдын сентябрь айынан баштап, 2015-жылдын ноябрь айына чейин MSDSP KG фонду «Алыскы тоолуу аймактардагы жергиликтүү коомчулуктун табигый кырсыктарга болгон туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшүү (ДИПЕКО) регионалдык долбоорун Нарын шаарында ишке ашырып жаткандыгы туурасында маалымдашкан.Долбоордун негизги максаты мектептердин, бала бакчалардын табигый кырсыкка болгон даярдыгын күчөтүү жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу болуп эсептелет.Бул долбоорго Нарын шаарынан 3 мектеп жана 1 балдар бакчасы сунушталып, КФнын куруучу инженери жана Нарын шаардык архитектурасынын адистери тарабынан ар бир обьектиге изилдөө жүргүзүлгөн.Изилдөөнүн жыйынтыгы менен дефект болгон жана бузулган жерлери аныкталып, дефект актынын негизинде болжолдуу смета түзүлүп, MSDSP KG КФ тарабынан Нарын шаарындагы №18-«Ак Дил» бала бакчасына жана№2-В.П.Чкалов,№7-М.Сыдыков жана №8-А.Буйлаш уулу атындагы орто мектептерге 2670, 4 миң сом ( эки миллион алты жүз жетимиш миң төрт жүз сом) бөлүнгөн.Ал эми,мектептердин дефектилерин оңдоп чыгууга өздүк салым үчүн 267,0миң сом , жана  РТС аймагына жаңы бала бакчанын курулушун баштоо үчүн 2000,0 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү үчүн каражатын бөлүп берүүнү өтүнүшкөн.

            Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын кайрылуусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарындагы жогоруда көрсөтүлгөн  3 мектептин дефектилерин оңдоп чыгууга  267,0 миң сом  акча каражатын жана РТС аймагына салынуучу жаңы бала бакча үчүн 2, 0 млн сом өлчөмүндөгү акча каражатын өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар статьясынан  бөлүнүп берилсин жана жетпеген акча каражаты 2016-жылдын бюджетинен каралсын.
  2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө

( Ж.Урустемов) тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                        Э.Турсуналиев Каттоо№2015-20

Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө, MSDSP KG фондуна

Обсуждение закрыто.