НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                 

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

№  2 ТОКТОМУ

29-май 2014-жыл                                                                                                                              Нарын шаары

Нарын шаарынын Зоярко көчөсүндө,  мурунку кирпич заводдун аймагында жайгашкан жер аянтын рекультивациялоо үчүн ашыкча тополорду сыртка чыгаруу жана бул топурактарды курулуш материалы катары колдонулуп,  ар бир топо ташуучу автоунаалардан  акы  алып сатуу жөнүндө

            Нарын шаардык мэриясы жана шаардык муниципалдык менчик департаменти  шаардык Кеңешке   Нарын шаарынын Зоярко көчөсүндө же мурунку кирпич чыгаруучу заводдун аймагында жайгашкан жер аянтын рекультивациялоо иштерин жургүзүп, бул жер аянтынан ашыкча тополорду сыртка чыгаруу сунушу менен кайрылышкан. Мындан сырткары сунушта  бул топурактардын курулушка жарактуусун курулуш материалы катары  шаар тургундарына  ар бир топо ташуучу автоунаалардан ГАЗ 53 -100 сом, ЗИЛ- 130-100 сом, Камаз жана МАЗ -150 сом, ХОВО-300 сомдон акы алуу,  андан түшкөн акча каражатын муниципалдык менчик департаменти аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүрүү жагын сессияда карап, бекитип  берүү жагы айтылган.

            Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп комиссия,  маселени сессияда жалпы депутаттардын талкуусуна коюуну сунуштаган.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 1-вицэ мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаарынын Зоярко көчөсүндө,  мурунку кирпич заводдун аймагында жайгашкан жер аянтын рекультивациялоо үчүн ашыкча тополорду сыртка чыгаруу жана бул топурактарды курулуш материалы катары колдонулуп,  ар бир топо ташуучу автоунаалардан  акы  алып сатуу төмөндөгүдөй бекитилсин.

·         ГАЗ-53 автоунаасы — 100( бир жүз) сом

·         КАМАЗ, ЗИЛ жана МАЗ автоунаасы -150 сом( бир жүз элүү) сом

·         ХОВО автоунаасы -300 (үч жүз) сом

2.      Бекитилген баага ылайык  топурактарды курулуш материалы катары колдонулуп, сатуудан түшкөн акча каражаты Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин атайын эсеп счетуна кириштелип, түшкөн акча каражатынын кириш чыгышына көзөмөл кылуу шаардык мэрия (А.Суранов), шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов) тарабынан көзөмөлдүкө алынсын.

 

3.      Бул токтомдун аткаруу Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.

 

   

               Төрага                                                                              Э.Турсуналиев   

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык ММДга

Обсуждение закрыто.