НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

7-май 2014-жыл                                                                                                                                Нарын шаары 

Кыргыз Республикасынын Гербинин автору Нарын шаарынын тургуну Абдраев Асейиндин жашаган үйүнө мемориалдык тактасын илүүгө  макулдук берүү жөнүндө

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Гербине карата жарыяланган Республикалык конкурска Нарын шаарынан А.Абдраев, С.Дубанаевдер барып катышып, 2 жылдык аракеттеринин негизинде конкурстан 1 орунду жеңип, Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлору болуп калышкан. Ал эми 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Герби Парижде өткөрүлгөн көргөзмөдө атайын медалга татыктуу болгон. 2000-жылы Польшада саясий плакаттардын ичинен биринчиликти алууга жетишкен. Кыргыз Республикасынын Гербинин 20 жылдык мааракесине карата Гербтин автору А.Абдраевдин жашаган үйүнө мемориалдык тактасын илүү боюнча   Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Гербинин 20 жылдык мааракесине карата, анын автору Абдраев Асейин жашаган Раззаков №10 “А”  үйүнө мемориалдык тактасын  илүүгө макулдук берилсин.
  2. Мемориалдык тактаны жазатып илүүнү көзөмөлдөө Гербдин авторуна  тапшырылсын.

 

           Төрага                                                                                           Э.Турсуналиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, А.Абдраевге.

Обсуждение закрыто.