НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
XII СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
3-апрель 2014-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2014-жылга жергиликтүү бюджети жана 2015-2016- жылдарга болжолу жөнүндө
Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2015-2016-жылдардын долбоору «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга Республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 74211.0 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 60769,0 миң сом жана салык эмес жыйымдары 13442.0 миң сом өлчөмүндө жана 2015-жылдын долбоору 80819.0 миң сомго, 2016-жылдын долбоору 89055.0 миң сомго бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)
2.Чыгашалар бөлүгү боюнча 74211.0 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 12635.0 миң сом, маданият тармагына 5229.0 миң сом, социалдык өнүгүү тармагына 7202.0 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 12702.0 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 25033.0 мин сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 11410,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№3,4 тиркемелер тиркелет)
3.Нарын шаардык ,билим берүү тармагына келишим менен кошумча штаттык бирдиктер үчүн 592,3 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жана шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. (№ 5 тиркеме тиркелет)
4. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен шаардык финансы бөлүмү тарабынан бекитилсин.
5.Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 2600,0 (эки миллион алты жүз миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаменттин директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин. (№ 6 тиркеме)
7.Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 60769,0 (алтымыш миллион жети жүз алтымыш тогуз миң) сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин (К.Насирдинов) персоналдык милдети деп белгиленсин.
8.Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү 2800,0 (эки миллион сегиз жүз миң ) сом акча каражаты толук чогултуу ишкананын директоруна (Б.Жакиев) милдеттендирилсин.
9. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын айлык акы жана социалдык фондун чегерүүлөрүнө 9000,0 миң сом, күйүчү, майлоочу майына жана запастык бөлүктөрүнө 3900,0 миң сом жана башка чыгымдарына 2280,0 миң сом жана Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин айлык акы жана социалдык фондун чегерүүлөрүнө 3259,0 миң сом, күйүчү, майлоочу майына жана запастык бөлүктөрүнө 130,0 миң сом жана башка чыгымдарына 1015,0 миң сом акча каражаттары каралсын.
10.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекеме-ишканалардын сууга болгон кызмат көрсөтүүнүн акысын мекеме-ишканалар суу көлөмүн өлчөөчү приборлорду койдурушкандан кийин прибордун көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылана тургандыгы белгиленсин.
11.«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын 1 пайызга чейинки 740,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 200,0 миң сом Нарын шаардык Кеңешине бекитилсин.
12.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына (К.Насирдинов), шаардык муниципиалдык менчик департаментине , Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына (Б.Жакиев), Нарын регионалдык казына бөлүмүнө (Ж.Окенова) жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.
13. 2014-жылдын 9 айынынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча киреше салыгы жана ыктыярдуу патент салыгынын планын аткарууда, Нарын шаардык салык кызматынын кайчы пикири эске алынып, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен бекитилген планга өзгөртүү киргизүү жагы суралсын.
13.Нарын шаарынын 2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2015-2016-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев Каттоо№2014-7
____________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине, Нарын шаардык мэрияга, Нарын шаардык финансы бөлүмүнө, Нарын шаардык салык кызматына,ММДне, регионалдык казына бөлүмүнө, “Таза- Нарын” ишканасына, шаардык билим берүү бөлүмүнө,жашылдандыруу мекемесине