Нарын шаардык Кеңештин ачык сессияларын өткөрүү тууралуу ЖОБО

Нарын шаардык Кеңешинин 18-декабрь 2013-жылдагы                XXVI  чакырылыштагы  X сессиясынын №4 токтому                                                       менен бекитилди

Нарын шаардык Кеңешинин 18-декабрь 2013-жылдагы              XXVI  чакырылыштагы  X сессиясынын №4 токтому             менен бекитилди

 

Нарын шаардык Кеңештин ачык сессияларын өткөрүү тууралуу

ЖОБО

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарында жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык жергиликтүү калк жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маселелерин суроо талаптарын чечүүдө катышуу укугуна ээ. Шаардык Кеңеш жергиликтүү маанидеги маселелерди кароодо шаардын калкынын  катышуусун камсыз кылуусу зарыл. Шаардык Кеңештин ачык сессияларына жарандардын катышуусу ушул Жобо менен кепилденет жана шаардык Кеңештин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү жана ачык сессиялар тууралуу маалыматты таркатуу жол жоболорун жөнгө салат.

I.                   Жалпы жоболор

II.                Жер-жерлерде ачык сессияларды даярдоо жана өткөрүү жол жоболору

III.             Ачык сессиялар тууралуу маалыматтарды жайылтуу

 

I.Жалпы жоболор

1.1.      Бул типтүү Жобого шаардык Кеңеш тарабынан өзгөртүүлөр жана     кошумчалар  менен өзүнчө документ катары кабыл алынат же ачык  сессияларды өткөрүү үчүн бул Жобонун ченемдерин ишке ашырууда      айрым  учурда   өзгөртүүлөр          киргизилет.

1.2.      Жобо шаардык Кеңештин ишмердигинин негизги уюштуруу-укуктук формасы     болуп сессия эсептелет.

1.3.      Шаардык Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран           жергиликтүү Кеңеш бекиткен Жобого ылайык сессияларга катышканга      укуктуу.

1.4.      Шаардык Кеңеш сессиянын болоор күнү, анын күн тартиби тууралуу          жарандарга алдын ала маалымдоо, алардын сессияга катышуусуна шарт түзүү,          ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү    коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрөт.

1.5.      Шаардын жашоочулары жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына     жекече            жана топтук кайрылуу жасоого жана Кеңеш тарабынан кабыл          алынган токтомдор жана укуктук актылар менен таанышып турууга укуктук            кепилдикке ээ. Шаар          жашоочулары Кеңештин ачык сессияларына катышууга     укугу бар.

1.6       Ачык сессияга аткаруу органдарынын башчылары, кызматтагы жактар,      жашоочулар, уюмдун өкүлдөрү (юридикалык жактар), коомдук бирикмелер, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,    жергиликтүү             башкаруу органдарынын аймагында иш жүргүзгөндөр            жана            жалпыга         маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышуу  укугуна ээ.

1.7              Жабык сессиялар аларда каралган маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү болгон учурда өткөрүлөт.

 

II.Ачык сессияларды даярдоо жана өткөрүүнүн жол жоболору

 

2.1.      Мекемелердин, уюмдун өкүлдөрү (юридикалык жактар), коомдук бирикмелер,    мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, жергиликтүү   башкаруу органдарынын аймагында иш жүргүзгөндөр ж.б. ачык сессияга  катышууну каалагандар сессия болоор күнү өздөрүнүн паспортторун же            өздөрүн          тастыктоочу башка документтерин көрсөтүү менен бирге каттоодон            өтүүгө тийиш.

2.2.      Каттоону шаардык Кеңешин аппарат жетекчиси жана жоопту кызматкерлери        жүргүзөт. Каттоодон     өткөндөр        сессиянын материалдары менен    таанышып, баарлашышат.

2.3              Шаардык Кеңештин төрагасы сессия өтүлүүчү жайда отуруучу орундар тартыш болгон учурда ачык сессияга катышууну каалагандардын санын кыскартууга укугу бар.

2.4              Сессиянын катышуучулары атайын ыңгайлуу орундар менен камсыз болуусу керек.  Конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.

2.5              Шаардык Кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыктар тараптарды сессиянын ишине катышуу  үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.

2.6              Аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен шаардык Кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын тапшыруусу менен Кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.

2.7              Өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сеесия өткөрүү күнүнө 3 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, шаардык Кеңештин сайтына  (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат.

2.8              Ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.

2.9              Шаардык Кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.

2.10          Конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.

2.11          Катышуучулар үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиясынын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо шаардык Кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.

2.12          Шаардык Кеңештин сессиясынын учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тосколдук кылууга укугу жок.

2.13          Сессиянын ишине тоскоол кылган учурда Кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.

2.14          Сессияга чакырылгандардын жабык сессияга катышуусу жана сөз алып сүйлөөсү сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушу менен чечилет.

2.15          Сессияда сүйлөөчүлөр сөз алып сүйлөп жаткан учурда туура эмес, депутаттардын аброюна шек келтирген каалаган сөздөрдү айтып, негизсиз күнөөлөсө, жалган маалымат берип, этиканы бузса, төрага алдын ала эскертүү берет, эгер кайра кайталанса депутаттардын көпчүлүк добушу менен сессия өтүлүп жаткан жайдан четтетилет.

2.16          Сессинын катышуучулары сессиянын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, сүйлөп жаткан депутаттарга каршы сөз айтууга жана кемчиликтерин белгилөөгө укуксуз жана тартипти сактап, төрагалык кылуучунун алып баруусу менен болуп, ага баш ийүүсү зарыл.

2.17          Шайлоого укугу бар жарандардын демилгелүү тобу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын Ушул Жобого ылайык шаардык Кеңештин ченемдик – укуктук актыларынын негизинде гана сөз алып сүйлөөгө укуктуу.

III.Ачык сессиялар тууралуу маалыматтарды жайылтуу

3.1       Өткөрүлгөн сессияда кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтар шаардык          Кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо            каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат.

3.2       Кеңеш коомчулукка, шаардын жашоочуларына депутаттардын, туруктуу    комиссиянын алып барып жаткан иштери, өткөрүлгөн пресс-           конференциялар,      отурумдар тууралуу жергиликтүү радио, телевидение, ЖМК аркылуу маалымат  берип турат.

3.3              Кеңештин сессиясы эрежеге ылайык ачык-айкын өткөрүлүүгө тийиш. Өткөрүлгөн сессия телевидение,радио жана ЖМК аркылуу жарыяланып туруусу зарыл.

3.4              Жергиликтүү Кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат.

3.5               Жергиликтүү Кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.

3.6              Шаардык Кеңештин төрагасы өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалыматын айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.

3.7              Шаардык Кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активистерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.

3.8              Шаардык Кеңеш өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.

3.9              Депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен       жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.

3.10          Кызыктар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн ачык           сессиялар тууралуу маалымат алууга укуктуу.

3.11          Шаардык Кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле  маалыматты таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин        эсебинен жүргүзүлөт.

Нарын шаардык Кеңешинин             аппарат жетекчиси                                                                                           А.Абдыкеримов

Обсуждение закрыто.