НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

                                                      НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ   

                                                                                КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН                                 

                                                                                                  № 2 ТОКТОМУ                                            

 

                      2 -июль 2019-жыл                                                                                                                      Нарын шаары 

 

                                                               Нарын шаардык Кенешинин депутаттарынын Этикалык

                                                                                  Кодексин кабыл алуу жөнүндө

 

 

Нарын шаардык Кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн токтомдоруна жана Жоболоруна, Нарын шаардык Кенешинин Регламентине ылайык, Нарын шаардык Кенешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин талкуусунун жыйынтыгынын негизинде Нарын шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Нарын шаардык Кенешинин депутаттарынын этикалык Кодекси тиркемеге ылайык кабыл алынсын.

 

  1. Нарын шаардык Кенешинин депутаттарынын этикалык Кодексинин аткарылышын камсыз кылуу       баардык депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                        Ж.Ботоканов

_______________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  облустук юстиция башкармалыгына, КРнын ЖОБ союзуна, туруктуу комиссияга;

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН      ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ

 

Бул Кодекс Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.

Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.

Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО

 

  • Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
  • Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
  • Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
  • Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгъүнө,анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептъълък нормаларды жетекчиликке алуу керек.
  • Депутаттар депутаттын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
  • Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
  • Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.

 

  1. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

2.1.   Депутаттар Нарын шаардык Кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.

2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.

2.3.  Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.

2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууларга жол берилбейт. Нарын шаардык Кеңештин сессия жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.

2.5.   Депутаттар чыгып сүйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга Нарын шаардык Кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыюу салынат.

2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет.

2.7. Депутаттар Нарын шаардык Кеңештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.

Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей Нарын шаардык Кеңештин төрагасына маалымдап коюу керек.

Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, маанилүү үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.

2.8.Нарын шаардык Кещешинин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.

2.9. Депутаттар Нарын шаардык  Кеңешинин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка Нарын шаардык Кеңешинин иш-чараларына кечикпей келиши керек.

2.9.1.  Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.

2.9.2  Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана Нарын шаардык Кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.

2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.

2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан   белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.

2.9.5. Депутаттар сый- акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз

III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА     МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.

3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.

3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын  коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.

3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес  отчет берет, өзүнүн Нарын шаардык Кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга маалымдо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана объективдүү болушу керек.

3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.

3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.

  1. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

  • Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
  • Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
  • Депутаттар нарын шаардык Кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
  • Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
  • Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:

— мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;

— жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча  депутатка ишеним берилген болсо.

  • Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
  • Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
  • Депутаттар чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.

 

 

  1. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ

5.1. Депутаттар Нарын шаардык Кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, жалпыга малымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.

5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.

5.3. Депутаттардын эл алдына чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын  абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен  алардан кечирим суроого милдеттүү.

Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.

 

 

  1. ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

 

6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) көзөмөлдөйт.

Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.

6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга шаардын жошоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.

6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.

6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.

6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.

6.7. Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.

6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан Нарын шаардык Кеңешинин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата Нарын шаардык  Кеңешинин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

6.9. Нарын шаардык Кеңешинде депутаттын этикалык Кодексин бузган депутатка төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:

-депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.

-депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча мүчөлүгүнө жараша саясий партиянын фракциясынын жетекчилигине жана шаардык Кещешине маалымдайт.

6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо,  Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси  зарыл болгон учурда  Нарын шаардык Кеңештин сессиясына чыгарылат.

Нарын шаардык  Кеңеши депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси одоно бузулгандыгын Нарын шаардык  Кеңеши аныктайт.

6.9.2. Депутаттын Нарын шаардык Кенеши жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбаган учурда, Нарын шаардык  Кеңешинин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен Нарын шаардык Кещешинин депутаттарына, мүчөлүгүнө жараша саясий партиянын жетекчилигине  депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.

 

Добавить комментарий