НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№4 ТОКТОМУ
2-июль 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы көрнөк-жарнак такталардын ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө.
Нарын шаарындагы 2 көрнөк-жарнак такта Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына тиешелүү, ал эми 20 көрнөк-жарнак тактасы турган жер аянттары жеке адамдарга ижарага берилген. Бүгүнкү күндө шаардагы жайгашкан көрнөк-жарнак такталары шаардын элине кызмат көрсөтүүдө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана шаардык Кенештин Регламентине, тиешелүү туруктуу комиссиянын чечимине ылайык Нарын шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы көрнөк-жарнак такталардын бир айлык ижара акысынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Нарын шаарындагы Муниципалдык менчиктеги көрнөк-жарнак такталардын бир тарабын, бир айга 4,0 сомго;
- Жеке адамдарга тиешелүү көрнөк-жарнактардын такталардын бир чарчы метрин, бир айга 50 сомго;
- Ал эми май куйуучу бекеттердин, коммерциялык уюумдардын (банк, мейманкана, ресторан ж.б.) алдында турган стеллалардын бир чарчы метрин, бир айга 150 сомго.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, ММИге .