Нарын шаарындагы паркттарга, скверлерге, айкелдерди жана бюсттарды коюуга чектөө киргизүү жөнүндө

долбоор

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

ТОКТОМУ

 

Нарын шаарындагы паркттарга, скверлерге, айкелдерди жана бюсттарды коюуга  чектөө киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине  жана «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары,  наамдарды ыйгаруу боюнча»   туруктуу комиссиясынын отурумун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

1.Нарын шаарындагы  парктарга, скверлерге, бакчаларга инсандардын айкелдерин, эстелик-бюсттарын  коюуга ушул токтом кабыл алынган күндөн баштап чектөө киргизилсин.

2. Өзгөчө учурларда Нарын шаарынын парктарынын, скверлеринин, бакчаларынын ысымын алып, курман болгон инсандарга гана мемориалдык тактасын илүүгө (орнотууга)    макулдук берилет.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча»   туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

Добавить комментарий