Нарын шаарынын башкы планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Долбоор

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

Нарын шаарынын башкы планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-беренесинин, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү    өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Нарын облустук прокуратурасынын, Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, башкы планга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Р.Орозбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. 2021-жылдын 21-декабрындагы Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги VIII сессиясынын “Нарын шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө” №3 токтому менен кабыл алынган Нарын шаарынын башкы планындагы “борбордук аянт” деп көрсөтүлгөн жер, “Нарын облустук прокуратурасы, “Ата Түрк” балдар бакчасы, Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби” деген сөздөр менен толукталсын.
  2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте иш алып баруу аркылуу Нарын шаарынын мэрине, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                         А.Молдосалиев

Добавить комментарий