Нарын шаарынын “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү тарифин көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Долбоор

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

  ТОКТОМУ

Нарын шаарынын “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү тарифин көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине,Нарын шаарынын аймактарында өткөрүлгөн коомдук угуулардын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү тарифин ар бир жашоочуга 12 (он эки) сомдон 20 (жыйырма) сомго көтөрүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,юстиция башкармалыгына ;

Добавить комментарий