Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясы тууралуу Жобонун долбоору

ДОЛБООР

 

ЖОБО

  1. Жалпы жоболор
  2. Бул Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиялары тууралуу убактылуу жобо (мындар ары-Жобо) Кыргыз Республикасыныи Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасыньш Башкы прокуратурасынын Кылмыштардын бирдиктуу реестрин жана Укук бузуулардын бирдиктуу реестрин жургузуунун убактылуу эрежелерин бекитуу жөнүндө буйругунун негизинде Нарын  шаарынын аймагында таштандыларды башкаруу, абаттоо эрежелери, коомдук жайларды санитардык жактан тейлөө жана шаардын компетенциясына кирген башка маселелер жаатында бузууларды аныктайт жана бөгөт коюу боюнча иштерди тартипке келтируу жана натыйжалуу уюттуруу болун саналат.
  3. Бул Жобо укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүң жана ишинин тартибин, анын ичинде алар тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана түзүүнүн, укук бузган жеке жана юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуунун тартибин жөнгө салат.
  4. Укук бузуулар жөнүндө комиссиялар (мындан ары-Комиссиялар) Кыргыз Республикасыньш Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча туруктуу коллегиялдуу орган болуп саналат.
  5. Комиссиянын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин. күнөөсүздүк, укук бузуулар учун жоопкерчиликтин сөзсүз болушун, адилеттүүлуктүн, жазаларды жекелештирүүнүн, гуманизмдин принциптерине нетизделет.
  6. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасыньш Конституциясын, Кыргыз Республикасыньш Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

2.Комиссиянын ыйгарым укуктары жана милдеггери

  1. Комиссиянын негизги ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:

-ар бир иштин жагдайларын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдуу тактоо, аларды Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарына ылайык чечуу;

-чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле, укук бузууларды жасоого шарт түзгөн себентерди жана шарттарды аныктоо.

  1. Комиссия укук бузуу боюнча иштерди жана укук бузуулар учун Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган жаза чараларын карайт.
  2. Комиссия процессуалдык далилдер менен өз алдынча чечим кабыл алат. Комиссия кабыл алган чечимди Нарын шаарынын аймагындагы жеке жана юридикалык жактар аткарууга тийиш.

3.Комиссия тузүүнүн тартиби.

  1. Комиссия Нарын шаарынын  мэриясыиын алдында түзүлөт.
  2. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекегтик органдын чечими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары учүн — жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет (451-бер. 2-бөл, 2-п.).
  3. Укук бузуулар жөнүндө иш Комиссия тарабынан укук бузуу женүндө протокол жөнүндө токтому жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып он кундук мөөнөттө карала.

Укук бузуулар жөнүңдө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнүч келип түшкөн же болбосо иш жагдайларын кошумча аныктоо зарыл болгон учурларда ишти кароо мөөнөтү, ишти караган Комиссия тарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мумкун (535-берене 1-2-бөл.)

4.Комиссия курамынын кызматтык милдеттери

  1. Комиссиянын ишин комиссиянын төрагалары, төраганып орун басары жана катчысы уюштуpaт.
  2. Комиссиянын төрагасы жана тең төрагасы:

— Комиссиянын ишин пландаштырат уюштурат жана башкарат;

— Комиссиянын жыйналышынын күнүн, убактысын дайындайт;

— төpaгалык кылат жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;

-иш боюнча Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларга, токтомдорго, жана Комиссиянын иши үчүн зарыл болгон актыларга жана докумеиттерге кол коёт;

-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз иштейт жана мамлекегтик бийлик органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын таламдарын коргойт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары:

-Комиссиянын жыйналыштарында кароо үчүн укук бузуулар боюнча материалдарды (иштерди) алдын ала даярдоону уюштурат;

-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

-Комиссиянын төрагасы убактылуу жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

  1. Комиссиянын катчысы:

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген талаптарга ылайык укук бузуулар боюнча Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын долбоорлорун даярдоону уюштурат;

-Комиссиянын мүчөлөрунө жана иштер боюнча өндүрүшкө  катышкан адамдарга иштерди кароонун  убактысы жана орду жөңүндө билдирет, аларды укук бузуулар боюнча каралуучу маселелер менен тааныштырат;

-Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жургузөт жана белгиленген тартипте тариздейт жана кол коёт;

-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышын көзөмөлдөйт:

-Комиссиянын токтомдорунун  көчүрмөлорүн  тиешелүүлөргө белгиленген мөөнөттө жеткирүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат:

-айып пул түрүндө өндүрүлгөн акча каражаттардын түшүүсүн көзөмөлдөйт;

-Комиссиянын ишинин чөйрөсүндө статистикалык эсепти жургузөт;

-иш кагаздарын жүргүзүүнү жана Комиссияда каралган иштердин сакталуусун камсыз кылат;

-өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги астында жузөгө ашырат;

-Комиссиянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт:

-Комиссиянын ишине тиешелуу маалыматтык иштерди жүргүзөт;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарам укуктарды жүзөгө ашырат;

-Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда Комиссиянын мучөлөрүнүн бири ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

5 Комиссиянын иштөө тартиби

  1. Отурумдар Комиссиянын ишинин негизги тартиби болуп саналат. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөтөрүнун сакталышын камсыз кылууга тийиш.
  2. Комиссиянын жыйналышына, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болуп эсентелет.
  3. Комиссиянын жыйналышы Нарын шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн, укук бузуу боюнча каралган материалдарга тиешеси бар адамдардын катышуусунда ачык өткөрүлөт.
  4. Комиссиянын жыйынын төрага алып барат, эгер төрага жок болгон учурда төраганын орун басары алып барат.
  5. Эгерде экөө тең жок болуп калган учурда катышкан комиссиянын мучөлөрүнүн тандоосу менен комиссия мучөөлөрунун бири жыйналышты өткөрөт.
  6. Комиссия тарабынан укук бузуулар боюнча ишти кароого даярдоонун алкагында төмөнкү маселелер такталат:

-бул ишти кароо анын компетенциясына кирээр-кирбесин;

-ишти Комиссияда кароо мумкунчулугун жокко чыгарган жагдайлар барбы;

-укук бузуу боюнча протокол туура түзүлгөнбү, иштин материалдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык түзүлгөнбү;

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 496-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча;

-иш боюнча кароо учун  жетиштүү материалдар барбы-жокпу?

-өтүнүч баш тартуу барбы.

  1. Комиссия Укук бузуу боюнча ишти кароодо төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ишти кароонун  убактысын жана ордун белгилөө жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суроо, экспертиза дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону  кийинкиге калтыруу;

4) ишти кароодо  укук бузуулар боюнча туура эмес, толук эмес толтурулган протокол, же ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан түзүлбөгөн протоколду кайтаруу;

5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясьна кирбесе, укук бузуу боюнча толтурулган протоколду уч жумушчу күндүн ичинде кароого беруу жөнүндө;

6) ыйгарым укуктуу органдын өкүлү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин бузган учурда ишти кароодон четтетет;

7) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 508 беренесинде каралган жагдайлар болгон учурда ишти токтотот.

Аныктама КР Укук бузучлар жөнүндөгү кодексинин 533-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пунктарында каралган чечимдер аныктама турундө чыгарылат. Ушул берененин 1- бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

  1. Укук бузуулар боюнча ишти кароодо Комиссиянын терагалары:

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринии негизинде ким жоопкерчиликке тартылып жатканын, ишти ким карап жатканын, кандай иш каралууга тийиш экендигин жарыялайт;

-протокол түзүлбөгөн учурларды кошпогондо, жоокерчиликке тартылган жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышкан башка адамдардын катышуусун кубөлөндүрөт;

-жыйынга катышкан жеке жана юридикалык жактардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн ыйгарым укугун, ким экендигин тастыктаган документтерин текшерет;

-жыйынга чакырылгандардын келбей калгандардын себебин аныктайт жана ишти алар жокто кароо же кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим чыгарат;

-ишке катышкан жеке жана юридикалык жактарга укук, милдеттерин түшүндүрөт;

-баш тартуу жана өтүнүч арыздарын кабыл алат:

-укук бузуу боюнча чечимди ал эми зарыл болгон учурда иштин материалдарын жарыялайт;

Комиссиянын жыйынында өзүнө карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткам жеке жана юридикалык жактын түшүндүрмөлөрү, укук бузуулары жөнүндө өндүрүшкө катышкан башка адамдардын корсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү жана экеперттин корутундусу угулат, далилдер каралат.

  1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 568-беренесинин негизинде укук бузуу үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамдар менен каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептее жөнүндө өз токтомун сот аткаруучусуна жөнөтөт.
  2. Укук бузуу боюнча ишти кароодо Комиссия төмөнкүлөргө милдетгуу:

-укук бузууга жол берилгенби;

-укук бузуу боюнча протокол тузулгон жак күнөөлүбү;

-укук бузуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчилик тартабы же жокпу;

-жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;

-материалдык зыян келтирилгенби;

-ишти туура чечүү үчүн маанилуу болгон башка жагдайлар барбы.

  1. Укук бузуулар боюнча каралып жаткан иштин чечимдери жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде добуш тең болгон учурда Комиссиянын торагасынын, же тераганын орун басарынын чечими чечүүчү болуп саналат.

  1. Укук бузуу боюнча ишти карап. Комиссия темонкудой чечим чыгарат:

1) Айып салуу жөнүндө;

2) Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө.

Эгерде жеке жана юридикалык жактар айып төлөөдөн  баш тартса жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жонүндө кодексинин 35-беренесинде көрсөтулгөн жазанын максималдуу чегине жетсе, Комиссия айыпты өндүрүү жөнүндө чечим чыгарат.

  1. Укук бузуу жөнүндө токтом томөнкүлөрдү камтууга тийиш:

-чечимди чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

-ишти кароо датасы;

-озунө карата иш каралып  жаткан адам жөнүндө маалыматтар;

-ишти кароодо аныкталган жагдайлар жөнүндө билдируу;

-Кыргыз Республикасыньш Укук бузуулар жөнүндө кодексинин бул укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган беренесин көрсөтүүсү;

-иш боюнча кабыл алынган чечим;

-токтомдун көчүрмөсүн алгандыгы гууралуу кол коёт;

-укук бузуучунун  укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу кол коёт.       Укук бузуулар жөнүндө кабыл алынган чечимге комиссиянын терагасы жана мүчөөлөрү кол коёт.

Эгерде Укук бузуу жөнүндө чечимге карата даттанылбаса, даттануу мөөнөтү өткөндөн киййи мыйзамдуу күчүне кирет.

  1. Кабыл алынган чечим ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыяланат. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичииде ал чыгарылган жакка, ошондой эле жабырлануучуга талшырылат же жөнөтүлөт же почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт.

Токтомдун, чечимдин көчүрмөсү кол коюлуп тапшырылыи, делого тиркелет.

  1. Укук бузуулар боюнча иштерди кароодо Комиссиянын жыйналышынын протоколу жургүзүлөт, ал Комиссиянын катчысы гарабынан түзүлөт. Катчы жок болгон учурда (кызматтык иш сапары. өргүүсү. оорусу, себептери) протоколду Комиссиянын төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жүргүзөт.      16. Укук бузуулар боюнча ишти кароо боюнча комиссиянын жыйналышьшын протоколунда төмөнкүлер көрсөтүлөт:

-Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;

-Комиссиянын аталышы жана курамы;

-укук бузуулар боюнча каралуучу ишгердин тизмеси;

-иштерди кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө, келбеген жактарды белгиленген тартипте кабарлоо жөнүндө маалымат (ар бир иш боюнча);

-баш тартуу өтүнүчтөр жана аларды кароонун жыйынтыгы ( ар бир иш боюнча);

-укук бузуулар боюнча ишти кароого катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү, өтүнүчтөрү жана корутундулары (ар бир иш боюнча);

-ар бир ишти кароодо изилденгеи иш кагаздар.

  1. Укук бузуу боюнча иштин протоколуна Комиссиянын төрагалары, комиссиянын бардык мүчөөлөрү жана катчы кол коет.
  2. Укук бузуулар боюнча чечимдерди аткаруу Кыргыз Республикасыньш Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-главасында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
  3. Укук бузууларды каттоо
  4. Укук бузуу жасагандыгы жөнүндө протокол түзүлөт. Карап чыгуу Комиссиясына тиешелүү укук бузуллар жөнүндө протокол түзүү укугу Нарын шаарынын  мэриясы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарына жүктөлөт.
  5. Протоколду түзүүнүн өзгөчө учурларын жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөгөн учурларды тариздөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 517, 519 жана 520-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.

7 . Комиссияны иш кагаздарын жүргүзүү

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Комиссиянын төрагасы жетекчилик кылат жана жоопкерчилик алат.
  2. Каттоо жүргүзүлгөн журналдардын өз убагында  аткарылышын жана маалыматтар боюнча катчы жоопкерчилик алат.
  3. Укук бузуулар боюнча жыйындын катышуучуларына бардык зарыл болгон документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы ишке ашырат.
  4. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча билдирүүлөр ишти кароо күнү дайындалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Жөнөтүлгөн билдирүү дарек ээсине жеткирилбеген учурда, Комиссиянын катчысы анын берилбей калган себептерин токтоосуз түрдө аныктоого, бул. жөнүндө Комиссиянын торагасына билдирүүгө милдеттуу.

Комиссиянын жыйналышына келбеген адамдар үчүн кабарлоо бланкынын айрып алуу белугу ишке тиркелет.

  1. Эгерде тартип бузуучуга карата айып пул салуу түрүндөгү жаза колдонуу жөнүндө Комиссиянын чечими кабыл алынса, катчы тартип бузуучуга токтомдун көчүрмөсүн, анда белгиленген үлгүдөгү ажыратуучу штрихти көрсөтүү менен банк, эсептик счет, коюлган берене менен берет.
  2. Комиссиянын катчысы укук бузуулар боюнча каралган ишке тиркелген бардык документгерди хронологиялык тартипте, келип түшкөн тартипте ирээттейт.

Бардык документгер текстти көрүнүп тургандай файлга киргизилет.

  1. Комиссия тарабынан каралган баардык документгер катталууга тийиш. Укук бузуу жөнүндө иштин  номери каттоо журналы боюнча иштин катар номери менен келип тушкон куну, айы, жылы менен жазылат.
  2. Укук бузуу боюнча протокол түзүүчү ыйгарым укуктуу органдар ай сайын Комиссия менен каралгаи иштер боюнча маалыматтарды салыштырууну жүргүзөт. Комиссия ай сайын шаардык казынага айып пулдан түшкөн акча каражаттарын салыштырып текшерип турат.
  3. Комиссия төмөнкүдөй журнал жргүзөт:

-укук бузуулар жөнүндө  иштердин реестри;

-айып салынган адамдардын реестри;

-аларга карата укук бузуу жөнүндө иш козголгои адамдарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн реестри.

Журналдар номерленген, тигилген, мөөр басылган болуу керек. Реестрдеги бардык жазуулар ачык кок же кызгылт кок боёк (фиолетовый) менен жасалат.

Журналдардын сактоо мөөөотү-3 жыл, укук бузуулар боюнча иштер -5 жыл.   Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар инвентаризация боюнча архивге өткөрүлүп берилет.

Каттоо журналдары ички колдонууда болгондуктан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары Комиссиянын төрагасынын уруксаты менен берилет.

  1. Комиссия Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бирдиктуу реестрине ылайык укук бузган жеке жана юридикадык жакгарды каттоого алат жана кошумча укуктук жыйынтык чыгарат

Добавить комментарий