VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин торагасын шайлоо жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  II УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫНЫН

 

                                                              № 1 ТОКТОМУ

 

29-ноябрь  2024-жыл                                                                                                                             Нарын шаары

 

 

       VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин торагасын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 33-беренесин жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин  4 -главасын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “ Нарын деми “ коалициясынын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы  № 2 Протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы 2-уюштуруу сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №1, №2 протоколдорунун чечимдери бекитилсин.
  2. “ Нарын деми “ көпчүлүк коалициясынан депутат  Муканбетжусупов Чынтемир Муканбетжусупович Нарын шаардык Кеңешинин 2-уюштуруу сессиясына катышкан 31 (отуз бир) депутаттын  16 ( он алты ) добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы  болуп  шайланды.

 

Сессиянын төрагасы                                                                                        А.Төрөгелдиев                                                                 

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына;

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий