ЖАРЫЯ!!!

ЖАРЫЯ!

Нарын шаардык Кеңеши улук жана кенже административдик кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

  • Улук кызмат ордуна  –  башкы адис (1 штаттык бирдик — У-Б),
  • Кенже кызмат орундары – жетектөөчү адис (1 штаттык бирдик — К-А), адис (1 штаттык бирдик — К-Б).

 

 

Нарын шаардык Кеңешинин административдик кызматтарынын бардык топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1)    Кыргыз Республикасынын жараны болууга,

2)   18 жаштан  жогору,

3)   Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө,

4)    Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык — экономикалык, гуманитардык, социалдык иштер, табигый илимдер, айыл чарба, архитехтура жана курулуш, техникалык, энергетика багытындагы).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 Кенже кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар:

  • кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку же болбосо орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык — экономикалык, гуманитардык, социалдык иштер, табигый илимдер, айыл чарба, архитехтура жана курулуш, техникалык, энергетика багытындагы)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер (делого тиркелген):

  • жеке өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • өздүк баракчасы;
  • 3*4 фото сүрөтү (2 даана);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Жарыя ММКга чыккан күндөн тартып сынакка катышуучулар 10 жумушчу күндүн аралыгында керектүү документтерди Нарын шаардык Кеңешине тапшыруу керек.

Дареги: Нарын шаары, Ленин көчөсү 74, 2-этаж, №4 кабинет, Нарын шаардык мэриясынын имараты. Кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: 0(3522)51438, 0(3522)56440. Документтер жумушчу күндөрү саат 18.00го чейин кабыл алынат.

Добавить комментарий