НАРЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
18- декабрь 2013-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы №18 “Ак Дил” бала-бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Бүгүнкү күндө Нарын шаарында мектепке чейинки балдардын саны көбөйүүдө, тактап айтканда жалпы бакчага тартылуучу баланын саны 6465 болсо, анын 1708же 26,4 пайызы гана бала бакчага тартылган. Шаарда муниципалдык бала-бакчалар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, көптөгөн мектеп жашына чейинки балдардын бала бакчага тартылуусу кыйынчылыктарды жаратууда. Шаардын Чыгыш аймагында ушул көйгөйлүү маселе жаралып “Ак Дил” бала бакчасына келүүчү балдардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, РТС аймагынында жашоочу ата-энелер шаар жетекчилигине кошумча тайпа ачып берүү маселеси менен кайрылышкан. Аймактагы калктын санынын өсүүсү менен катар, балдардын саны көбөйүп, “ Ак Дил” бала бакчасында бүгүнкү күндө 120 бала тарбияланууда. Жогорудагы маселелерге байланыштуу Нарын шаардык мэриясы жана №18 “Ак Дил” бала бакчасы Нарын шаардык Кеңешине кошумча бир тайпа ачуу маселесин сессияда карап чечип берүү боюнча кайрылышкан.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майында “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу Республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө №302 токтому чыккан.Бул боюнча билим берүү тармагынын айрым статьяларын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы каралууда. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1 –бөлүмүнүн 20-пункутуна жана 20-берененин 6-бөлүмүнүн 4-пункутуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна жана Нарын шаардык мэриясынын, №18 “Ак Дил” бала бакчасынын сунуш каттарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарында мектепке чейинки балдардын саны өсүп жаткандыгына жана шаарда муниципалдык бала-бакчалар жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу көптөгөн мектеп жашына чейинки балдардын бала бакчага тартылуусуна шарт түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1 –бөлүмүнүн 20-пункутуна , 20-беренесинин 6-бөлүмүнүн 4-пункутуна ылайык шаардагы №18 “Ак Дил” бала бакчасына кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык №18 “Ак Дил” бала-бакчасына кошумча ачылган бир тайпасынын штаттык бирдиктерин жана башка чыгымдарын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинен суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына (С.Эсенаманова), шаардык билим берүү бөлүмүнө (У.Турсунов) жана шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
____________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, КР билим берүү жана илим министирлигине, шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө, шаардык финансы бөлүмүнө, “Ак Дил” балдар бакчасына