НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН    XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXI  СЕССИЯСЫНЫН№  3 ТОКТОМУ

16-апрель 2015-жыл                                  Нарын шаары

Нарын шаарындагы Б.Жапаралиев паркын убактылуу ижарага берүү жөнүндө       

Нарын шаардык мэриясына Бишкек шаарынын тургуну С.Усеналиев Нарын шаарындагы “Бакыт Жапаралиев” паркына кыргыздын улуттук колоритин сактоо менен этно эс алуу борборун жана балдар ойноочу аянтчаларды салуу үчүн ижарага берүү жагын сурап 07.04.2015-жылы  арыз менен кайрылган.                                                                                                                             С.Усеналиевдин арызы боюнча  Нарын шаардык муниципалдык менчик  департаменти менен такташуулар болуп, шаардык муниципалдык менчик департаменти РТС аймагындагы “Бакыт Жапаралиев” паркы шаардын  муниципалдык менчиги болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин чечими менен ижарага бериле тургандыгы жөнүндө 08.04.2015-жылы кат менен жооп берген.                                                                         2015-жылдын 13-апрелинде Нарын шаардык мэриясы №03/533 сандуу чыгыш каты менен Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында карап бул маселени чечип берүү боюнча кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, комиссия өз отурумунда маселени жалпы депутаттардын талкуусуна коюуга, тактап айтканда сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.                        “Бакыт Жапаралиев” паркына кыргыздын улуттук колоритин сактоо менен этно эс алуу борборун жана балдар ойноочу аянтчаларды салуу үчүн ижарага берүү жагын сурап кайрылган С.Усеналиевдин арызы боюнча Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш каттарынын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

1.                  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Бишкек шаарынын тургуну С.Усеналиевге  Нарын шаарындагы “Бакыт Жапаралиев” паркы  кыргыздын улуттук колоритин сактоо менен этно эс алуу борборун жана балдар ойноочу аянтчаларды салуу үчүн 5(беш)  жылдык мөөнөткө  сессияга катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен  ижарага берилсин.

2.                  Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев, А.Суранов), Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов) тарабынан Бишкек шаарынын тургуну С.Усеналиевге  “Бакыт Жапаралиев” паркын ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык  эки тараптуу келишим түзүү, келишимге курулуш иштеринин мөөнөтүн көргөзүү менен тараптардын милдеттерин так көрсөтүү жагы тапшырылсын.

3.                  С.Усеналиев  тарабынан келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаса жана мөөнөтү сакталбаса ушул токтомдун 1-пункту күчүн жоготот.

4.                  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                    Э.Турсуналиев

________________________________________________________________

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,  ММДга, С.Усеналиевге

Обсуждение закрыто.

НАРЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕНЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ         КЕЗЕКТЕГИ    X СЕССИЯСЫНЫН    №  6   ТОКТОМУ      

                   18- декабрь 2013-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме           ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 9-июль 2010-жылдагы  XXV чакырылштагы IX сессиясынын  №5 токтому менен Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилген.

Нарын шаардык Кеңешинин  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча”  туруктуу комиссиясы 2013-жылдын     11-декабрындагы  отурумунда  Жобого өгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча суушун Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча комиссиянын протоколун кабыл алышкан.

Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме       ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүү-толуктоолорду  киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын жана сессияга катышкан депутаттардын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 9-июль 2010-жылдагы  XXV чакырылштагы IX сессиясынын  №5 токтому менен Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү толуктоолор киргизилсин.

·         1- бөлүмүнүн 1.4 пункутундагы “Ардагерлер маселелери жаштар саясаты, спорт жана туризимди өнүктүрүү, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” деген сүйлөм “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча”  деген сүйлөм менен алмаштырылсын.

 

·         1-бөлүмүнүн 1.6 пункутундагы Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме            ишканаларына, окуу жайларына ат берүү маселеси деген  сөздөн кийинки  жылына бир гана жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта берилетдеген сүйлөм  депутаттык Туруктуу комиссиянын сунушу менен Жобого ылайык берилет деп өзгөртүлсүн

 

·         3-бөлүмүнүн 3.1 пункутундагы Ал эми көчөлөрдүн аттары жашап жана иштеп жаткан көзү  тирүү адамдарга берилбесин деген сүйлөм  толугу менен алынып салынсын.

 

2.      Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна киргизилген өзгөртүү, толуктоолорду “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине  киригизүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

 

          Төрага                                                                        Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга

Обсуждение закрыто.