НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫНЫН №6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫНЫН

№6 ТОКТОМУ

                                  3-апрель 2014-жыл                                                                                         Нарын шаары

            Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебинин директору А.Жанбоевге карата жазылган арыз боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 14-март 2014-жылдагы №10-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдирүүсү жөнүндө

           

 

Нарын шаарындагы № 5-К.Жакыпов атындагы орто мектебинин мугалими А.Арзыматова ушул эле мектептин директору А.Жанбоевге нааразычылыгын билдирүү менен атайын  арыз менен кайрылган.                                                                                                          Арыздын негизинде атайын депутаттардан жана тиешелүү адистерден турган комиссия түзүлүп,  жеринде барып эмгек жамааты менен жолугушуп, арызда көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактылары жана туура эмес иш алып баруулары боюнча  мектептин иш кагаздарын жана башка тиешелүү документтерин карап чыгып, төмөндөгүдөй фактылар аныкталган.                                                                                                                       Мектептин 1-кабатына келишим түзбөстөн теннис, эркин күрөш  боюнча машыктыруучу жайларды ачып алышып, бул бөлмөлөрдү колдонгон тараптардан  ижарага  түшкөн акча каражаттарынын кириш чыгышы боюнча эч кандай маалымат жок.  Ал эми ушул  эле учурда мектептеги окуучулардын өздөрү дене тарбия  сабагын өтүүдө кире алышпай кыш айларында окуучулар дене тарбия сабагын эшикте өткөн учурлар болгон.                                                                                                                                     Ал эми «О» мобилдик компаниясынын антеннасы мектептин чатырында жамааттын уруксатысыз коюлуп, бул маселе боюнча директордун өзүнүн да маалыматы жок. Болгону ММДнин мурунку начальниги К.Жакыпов келип орноттуруп кеткендиги жөнүндө гана маалымат берген.                                                                                                  №1- Токтогул атындагы орто  мектебинин шамал алып кеткен чатырын жабуу үчүн жардам катары ар бир мугалимден 100 сом өлчөмүндөгү акча каражатын бухгалтер чогултуп алган , бирок Токтогул мектеби ЮСАИД аркылуу чатырчаланып, чогултулган акча  каражаттарынын чыгымдалганы боюнча жалпы эмгек жамаатка  отчету берилген эмес.                                                                                                                                           ЮСАИД коомдук уюму тарабынан мектептин айланасы тосулуп, пластик терезелер коюлган, ал эми эски дубалдын кирпичтери жана эски терезе, эшиктери сатылган жана жардам катары ар кайсы мекемелерге берилген.Атайын түзүлгөн актынын негизинде 13,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты ошол кездеги шаарыбыздын вице-мэри Ч.Абдраимакуновага Кытайдан келген делегацияны тосуу үчүн, 2,0 миң сомду мэриянын адиси Г.Султаналиевага берилгендиги далилденген. Устав боюнча мектептин негизги каражаттарына, чарбачылык иштеринин аткарылышы   боюнча бухгалтер иш жүргүзүш керек болсо, жогорудагылар боюнча эсепчинин эч кандай маалыматы жок.                                                          Билим берүү Мыйзамынын 44-беренеси боюнча бюджеттен  сырткары  каражаттарынын сарпталышы тууралуу директор жылына 1 жолу мектептин жамаатына 1-августка чейин отчет бериш керек болсо буга чейин бир да жолу маалымат берилген эмес.Мектепте өтпөгөн кружок үчүн 10 күнгө табель түзүлүп, 400 сом акча каражаты мектептин мугалими, кружоктун жетекчиси Мукашова Гүлназга кол койдуртуп беришкен.Директордон сураганыбызда  бул каражатка картридж алганбыз деп жооп берген.                                                                                                                                             Ал эми мектептин мугалими , Жакыпбекова Розанын эмгек китепчеси оңдолуп, мугалимдик жумуш ордунан бошотулса дагы 7 жылдык эмгек стажыны кошуп, эмгек китепчесине жазып, кол коюп, печать басып бергендиги аныкталган.

            Комиссия мүчөлөрү  мектеп директору А.Жанбоев тарабынан иш кагаздарды жүргүзүүдө, бухгалтердик эсеп кысаптарды жүргүзүүдө,  бюджеттен сырткары түшкөн акча каражаттарына көзөмөлдүк жүргүзүлбөй, өз ишине кайдыгер карап, шалаакылык мамиле кылгандыгына байланыштуу бир катар Мыйзамга туура келбеген фактылар аныктаган .                 Буга чейин директор А.Жанбоевге билим берүү бөлүмү тарабынан 3-4жолу эскертүү жана сөгүштөрдү алган, бирок шаардык мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес.                                                                        Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебинин директору А.Жанбоевге карата жазылган арыз боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 14-март 2014-жылдагы №10-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдирүүсү сессиянын күн тартибине депутат А.Молдосалиев тарабынан кошумча киргизилип, комиссия мүчөлөрү,  шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынып бир катар сунуштар айтылды.Жогорудагыларды белгилеп,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1.  Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебинин директору А.Жанбоевге карата жазылган арыз боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 14-март 2014-жылдагы №10-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.
  2.   Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебиндеги,  тактап айтканда билим берүү  тармагындагы  айрым кемчиликтерге  убагында көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн  соц тармактар  боюнча Нарын шаардык мэриясынын вице мэри С.Эсенаманованын ишиндеги кемчиликтер  белгиленсин.
  3. Өзүнүн персоналдык милдети болгон билим берүү тармагындагы, анын ичинен Нарын шаарынын №5 К.Жакыпов орто мектебиндеги Мыйзамсыз иштерди убагында көзөмөлдүкө алып, чара колдонбогондугу учун шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  У.Турсуновго “сөгүш ” берүү жагы Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.
  4.  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебинин  директору А.Жанбоев   тарабынан иш кагаздарды алып барууда, бухгалтердик эсеп кысаптарды жүргүзүүдө,  бюджеттен сырткары түшкөн акча каражаттарына көзөмөлдүк жүргүзүлбөй, өз ишине кайдыгер карап, шалаакылык мамиле кылгандыгына, бир катар Мыйзам бузуулар белгиленгендигине байланыштуу мектеп директору А.Жанбоевдин кызмат абалын чечүү жагы Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге , шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  У.Турсуновго милдеттендирилсин.
  5. Нарын шаарындагы билим берүү тармагындагы негизги каражаттарды тактоо,  бухгалтердик эсепти  жүргүзүү шаардык билим берүү бөлүмүнүн борбордоштурулган бухгалтериясына тапшырылсын.   К.Жакыпов орто мектебинин негизги каражаттарын тактоодо кириш, чыгыш кагаздарын көзөмөлдүкө алынбагандыгы үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн борбордоштурулган бухгалтериясынын бухгалтери М.Калдашеванын  кемчилиги  белгиленсин.
  6. Бул токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге , ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык Кеңешинин 14-март 2014-жылдагы    №10-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
  7.  Токтомдун аткарылышы боюнча 2014-жылдын 1-июнуна чейин  шаардык Кеңешке кагаз жүзүндө маалымат берүү  Нарын шаарынын мэри Б.С.Жээналиевге милдеттендирилсин.  

 

Төрага                                                                       Э.Турсуналиев Каттоо№2014-11

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, туруктуу комиссияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө

Comments are closed.