НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI I СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        КЕЗЕКТЕГИ  XVI I СЕССИЯСЫНЫН

№ 1 ТОКТОМУ

                8-сентябрь  2014-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы №102 токтомуна    ылайык  Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө

 

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу     жөнүндөгү»      Мыйзамынын  43-беренесинин негизинде      жана   Кыргыз   Республикасынын    Борбордук шайлоо комиссиясынын   2014-жылдын 20-августундагы №102 токтомунуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык  Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнүн угуп  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча   Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1,№2 протоколдору бекитилсин.

 

2.       Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1,№2 протоколдорунун негизинде   Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн  жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан  17 депутаттын    добушун алган талапкер  Адиев Рахат Нурдинович   Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. 

Төрага                                                                                                                        Э.Турсуналиев

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,   Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясына, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө , шаардык мэрияга

Comments are closed.