НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  ХII СЕССИЯСЫНЫН 

№ 1 ТОКТОМУ

21-ноябрь  2017-жыл                                                                                                                                                 Нарын шаары

Ж.Шералиев атындагы балдар искусство  мектебинин  жана Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планына ылайык,  Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин жана Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, маданият, спорт” боюнча туруктуу комиссиясы жеринде барып, алып барып жаткан иштери, ишмердүүлүгү, жетишкендиктери менен көйгөйлөрү туурасында таанышып келишкен.

Ж.Шералиев атындагы  балдар искусство мектеби Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 1-июлундагы №193 музыкалык мектептер, искусство мектептерге иштелип чыккан Жобонун негизинде жана 2016-жылдын 29-январындагы ГПЮ №0019511-юстиция тарабынан бекитилген Уставынын негизинде иш алып барат.

Кадрлар боюнча мектепте жалпысынан 26 мугалим эмгектенет,алардын ичинен “Маданияттын мыктысы”-5, “Билим берүүнүн мыктысы”-7, Катардагы мугалимдер-15, баардыгы жогорку билимдүү.Окуу жайда жалпысынан 220 окуучумузыкалык аспаптарда жана музыкага үйрөнүп билим алышууда.Окуучулар комуз,фортепиано, баян-аккордеон,чоор-сыбызгы бөлүмдөрүндө улуттук аспап боюнча 5 жыл, ал эми фортепиано бөлүмүндө 7 жыл окушуп, бүткөндөн кийин Маданият министрлигинин күбөлүгүнө ээ болушат.Ар бир бөлүмдөр боюнча окуу жыл башында мугалимдер кеңешмесинде каралып, жарым жылдык иш пландары бекитилет.Музыкалык мектеп толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Мектептин жаны имаратын 2016-жылдын 7-декабрында ишке берилген.

Курулуш иштери “Имарат Прогресс”  компаниясы тарабынан ишке ашырылып,  кеткен айрым кемчиликтер менен көйгөйлөрдү компаниянын  гарантиялык катынын  негизинде  оңдоп -түзөөдөн өткөрүлөт .

Комиссия барган учурда мектептин эмгек жамааты ата энелердин окуучулар үчүн айына төлөп туруучу төлөм каражат жыл  сайын финансы министрлигинин орточо айлык боюнча берген прогноздун негизинде көбөйгөндүктөн, нааразычылыктарын билдиришкен. Анткени бир үй бүлөдө 2ден 3төн балдарга төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыктар жаралууда.

Музыкалык аспаптар жетиштүү, окуу бөлмөлөрү жылуу жана ыңгайлуу. Негизги шарттар толугу менен түзүлгөн. Ал эми Нарын шаарындагы Маданият бөлүмүнүн алып барып жаткан иштери боюнча комиссия жеринде барып карап, таанышып, төмөндөгүлөрдү билдирет:

Тиешелүү комиссия барган учурда шаардык маданият бөлүмүнүн имараты бек турган, жетекчилик менен кызматкерлер иш ордунда жок болгондуктан , комиссия экинчи ирээт барууга туура келген. Ал эми бөлүмдүн ишке болгон жоопкерчиликсиз мамилеси боюнча иш алып баруу жана чара көрүү жагын тиешелүү комиссия шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнө тапшырууну чечкен.

2016-жылдын сентябрь -октябрь айларында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан мэрия менен макулдашылып, Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн Жобосу бекитилди.Ошондой эле жогорудагы Жобонун негизинде мекеме Нарын облустук юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары каттоодон өткөрүлүп, жаңы күбөлүк алынган. Мурунку Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин эски имаратына киришип, оңдоп -түздөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок,имараттын эскилиги жетип, авариялык абалга келип калгандыктан,  канчалык ремонт иштери жүргүзүлсө деле акыбалы оор бойдон. Жылуулук берүү жагы борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу үчүн иштер жүргүзүлүп баштагандыгына күбө болдук. Ар бир кызматкер өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча иш алып барышат. Нарын шаардык маданият бөлүмү шаардык маданий иш чараларга өздөрүнүн концерттик программалары менен чыгышып, музыкалык аппаратуралар менен камсыз кылып келишет.

Кадрлардын сапатын жакшыртуу максатында адистиги туура келбеген 3 кызматкер жумуштан бошотулуп,алардын орду на тиешелүү адистиги менен кызматкерлер кабыл алынган. Маданият министрлиги тарабынан бекитилген.  Жобого ылайык  кызматкерлер үчүн ар бир кызмат орду боюнча квалификациялык талаптар иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө бөлүмдө иштеген чыгармачыл кызматкерлердин жогорку билимдүүсү-3, дагы 3 кызматкер жогорку окуу жайларында сырттан окушат, калгандары атайын жана жалпы орто билимдүүлөр.

Нарын шаардык маданият бөлүмүнө Нарын шаардык Кеңеши тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген 185 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатына музыкалык аспаптар жана кызматкерлерге улуттук кийимдер сатылып алынган.

Мындан сырткары, шаардык маданият бөлүмүндө алгылыктуу деле алып барылып жаткан иштер жокко эсе десек болот. Нарын шаардык Кеңеши тарабынан талап кылынган маданият бөлүмү тарабынан берилүүчү маалымат баракчасы дагы өз убагында берилбей, кечиктирилип, сессиянын токтомун жазууда  тоскоолдуктарды жаратты. Ал эми мекеме-жетекчилиги байланышка чыкпай, жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгын комиссия билдирет.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
  2. Нарын шаардык маданият бөлүмүндөгү айрым кемчиликтер белгиленсин жана көзөмөлдүктү күчөтүү жана тиешелүү чара көрүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышы боюнча Нарын шаардык мэриясы тарабынан 2017-жылдын декабрь айына чейин маалымат берилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                                                   Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, Ж.Шералиев мектебине, шаардык маданият бөлүмүнө;

Добавить комментарий