НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН  

       № 3 ТОКТОМУ   

27-апрель 2018-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Нарын шаардык Кеңешинин  «КСДП» жана «Кыргызстан» фракцияларынын сунуш каттарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 1-февраль 2017-жылдагы IVчакырылыштагы III сессиясынын №1-токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамы тиркеменин (тиркеме тиркелет) негизинде бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.

         

Тиркеме

       

Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары

1.     Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясы
1 Өмүракунов Нарынбек Нурдинович -“Республика-Ата Журт” фракциясынан төрага
2 Жолдошбеков Максат Жолдубаевич-“Кыргызстан” фракциясынан орун басары
3 Кубатбеков Сади Кубатбекович- “КСДП” фракциясынан катчысы
4  Мукамбетов Сталбек Бейшебаевич -“КСДП” фракциясынан мүчөсү
5 Усубалиев Бакытбек Дюшекович-“Ала-Тоо Ынтымагы” фракциясынан мүчөсү
6 Бошубеков Сүйүнбек Карыбекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан мүчөсү
2.    Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
1 Сакыбаев Майрамбек Сыдыкович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан төрага
2 Токошев Айбек Муратбекович- -«Ала- Тоо ынтымагы» фракциясынан орун басары
3 Мамытканов Жыргалбек Шамшыбекович -«КСДП» фракциясынан катчысы
4 Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич -«Республика — Ата Журт» фракциясынан мүчөсү
5 Курманов Давид Усенбекович -«Кыргызстан» фракциясынан мүчөсү
6 Ибраимова Ырысбүбү — «КСДП» фракциясынан мүчөсү
3.   Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясы
1   Аскарбеков Айбек Аскарбекович -“КСДП”  фракциясынан төрага
2  Токторалиев Алтынбек Ысмаилович- «Ала- Тоо ынтымагы» фракциясынан орун басары
3 Казиева Элмира Муктаровна -“Республика Ата-Журт” фракциясынан катчысы
4 Иманкулов Адилет Кайратбекович-« Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан мүчөсү
5 Мидинова Назира Төлөмүшовна-«КСДП» фракциясынан мүчөсү
4.   Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу  боюнча туруктуу комиссиясы
1  Асанова Динара Иманакуновна — «Кыргызстан» фракциясынан төрайым
2 Абдыкеримов Бакытбек Намазбекович-« КСДП»  фракциясынан орун басары
3 Жолдошев Алмаз Жамгырбаевич -« Республика Ата-Журт» фракциясынан катчысы
4 Чоробек кызы Айзат-«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан мүчөсү
5 Исаков Талантбек Өмүрович—« Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан мүчөсү
6 Сыдыгалиев Максат Кумарбекович -« КСДП » фракциясынан мүчөсү
5.   Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы
1  Жумаканов Мустафа Бейшебаевич -«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан төрага
2 Сопакунов Уланбек Моңолдорович-«Республика – Ата Журт» фракциясынан орун басары
3 Жумакадырова Назира Мамытовна-«КСДП» фракциясынан катчысы
4 Байышов Камчыбек Байышович-«КСДП» фракциясынан мүчөсү
5  Адиев Рахат Нурдинович «КСДП» фракциясынан мүчөсү
6 Алимова Рашида Журабаевна-«Кыргызстан» фракциясынан мүчөсү

 

Жооптуу катчы                                                                                                                                        А.Абдыкеримов

                   

Добавить комментарий