НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ

27-апрель 2018-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

 Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана  Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө салым кошкон өзгөчө эмгектерин эске алып, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
  • Бактыгулов Султан Абдыкеримович;
  • Жумакадыров Мамыт;
  • Кадырманов Мааткерим Турдукулович;
  • Канапиев Халил ;
  • Мидинова Назира Төлөмүшовна;
  • Токтогулова Аймира Кедеевна;
  • Сулайманова Төлөбүбү Аденовна;
  • Исагалиев Мирлан Исагалиевич.
  1. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, С.Бактыгуловго, М.Жумакадыровго, М.Кадырмановго, Х.Канапиевге, Н. Мидиновага. А.Токтогуловага, Т.Сулаймановага, М.Исагалиевге туруктуу комиссияга.

Добавить комментарий