2014-жылдын 22-октябрында Нарын шаардык Кеңшинин 18-сессиясы болот

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары 2014-жылдын 22-октябрында Нарын шаардык Мэриясынын жыйындар залында Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы болот. Сессиянын күн тартибине төмөндөгү маселелер сунуш кылынат.

                                                                                               долбоор

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКЕГИ   XVIII СЕССИЯСЫНЫН

КҮН ТАРТИБИ

  22-октябрь   2014-жыл                                                                                                               Нарын шаары

  1. Нарын шаардык Кеңешинин “Ак шумкар”  фракциясынын депутаты Р.Адиевдин депутаттык мандатын токтотуу боюнча берген арызын кароо жөнүндө
  2. Туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Балбаев жасайт
  3. 2014-2015-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын  шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө
  4. Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк  бирикмесинин директору У. Айтиев , Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Т.Алымбаев, Нарын суу канал ишканасынын башкы инженери А.Орозобаев  жасайт.
  5. Нарын шаарында айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан  иштери жөнүндө
  6. : туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Балбаев жасайт

Кошумча билдирүүнү: Нарын облустук транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн башчысы Б.Абдылдаев жасайт.

  1. Нарын шаарындагы бала –бакчалардын балдарга окуу тарбия берүүдө аткарып жаткан иштери жана  шаардын орто мектептериндеги 1-4-класстарга чейинки окуучуларга , бала бакчадагы   балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалдын сакталышы жөнүндө
  2.  туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Исмаилов жасайт
  3. 2014-жылдын 9 айына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
  4. : Нарын шаардык финансы болүмүнүн башчысы Ж.Урустемов жана Нарын шаардык салык башкармалыгынын башчысы К.Насиридинов жасайт.
  5. Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин 10 жылдыгына карата Нарын шаарынын айрым атуулдарына Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

    •  туруктуу комиссиянын төрагасы С.Эсеналиев жасайт.

Обсуждение закрыто.