2014-жылдын 3-апрелинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы болот. Сессия Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында саат 14-00 дө өтөт

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары 2014-жылдын 3-апрелинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы болот. Сессиянын күн тартибине төмөндөгү маселелер сунушталат

Долбоор

 

                НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

  КЕЗЕКТЕГИ    XII       СЕССИЯСЫНЫН

К Ү Н Т А Р Т И Б И

3-апрель 2014-жыл                                                                                     Нарын шаары

1.         Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү

Билдирүүнү: Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Урустемов жасайт.

 

2.     2014-жылдын    жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2015-2016-жылдардын жергиликтүү бюджеттин долбоорун    талкуулоо жана бекитүү

Билдирүүнү: Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Урустемов жасайт.

Кошумча билдирүүнү: туруктуу комиссиянын төрагасы У.Айтиев жасайт.

3.        Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, Нарын облусунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

 Билдирүүлөрдү:                                                                                                                                              а)

4.        Нарын шаарындагы парктардагы бак дарактарга,   жашыл аянттарга зыян   келтирген шаар   тургундарынын мал-жандыктарына айып акы салуунун тарифин бекитүү жөнүндө

Билдирүүнү: туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Балбаев жасайт

Обсуждение закрыто.