НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXIV  СЕССИЯСЫНЫН

№  1   ТОКТОМУ

30-август  2016-жыл                                                                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү, толуктоо  киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин  муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” №4 токтомунун 1 пунктуна өзгөртүү,  толуктоо киргизип берүү сунушу менен Нарын шаардык Кеңешине сунуш кат менен кайрылган.

17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин  муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” №4 токтомунун 1 пунктуна толуктоо киргизип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын  биринчи вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. 17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин  муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” №4 токтомунун 1 пункту “өндүрүштүк бирикмеси” деген сөздөрдөн кийин “жогорудагы токтомдордун жана буйруктардын негизинде Республикалык бюджеттен айырма сумманы субсидиялоо маселеси чечилген шартта”, деген сөздөр менен   “карамагына өткөрүп” деген сөздөн кийин  “алууга макулдук берилсин” деген  сөздөр менен толукталсын.

  Төрага                                                                                       Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга,  Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине

 

 

,

Добавить комментарий