НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 22—сентябры №8
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун угуп, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Жалпы наркы – 9 918 407 (тогуз миллион тогуз жүз он сегиз миң төрт жүз жети) сом, анын ичинен өздүк салым – 495 920 (төрт жүз токсон беш миң тогуз жүз жыйырма) сомду түзгөн Нарын облустук “Теңир -Тоо” өнүктүрүү фондусу тарабынан жактырылган «Нарын шаарындагы Ак-Коргон чөлкөмүндөгү Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак, Чоң-Таш жана М.Сыдыков чөлкөмүндөгү Оттук, Оттук-2, Тянь-Шань (сел түшкөн) көчөлөрүндөгү тоо бетинен аккан сууларды коопсуз алып өтүүчү арыктарды оңдоп-түздөө аркылуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору тиркемеге ылайык бекитилип берилсин.
- Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
