Нарын шаардык Кеңешинин 10-ноябрь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVI сессиясынын №3 токтомуна тиркеме

Нарын шаардык Кеңешинин 10-ноябрь 2016-жылдагы  XXVI  чакырылыштагы                 кезексиз XXXVI сессиясынын №3 токтомуна тиркеме

 

Нарын шаарындагы турак  үйлөрдүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн таза жана ыплас суу түйүндөрүн калыбына келтирүү боюнча ички кызмат көрсөтүү тууралуу

Жобо

  1. Таза суу жана агынды тармактарынын ички кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн долбоору

                    Кыргыз Республикасынын «Турак жай менчиктештирүү жөнүндө», «Граждандык кодексине» ылайык жана «Ичүүчү таза суу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, суу менен камсыз кылуу мекемелерине көп кабаттуу турак имараттардын, батирлердин таза суу жана агындыларын тейлөө жагы каралган.

                    Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөр негизинен 1950-1990 жылдар ичинде курулган. Демек, ички суу менен жабдуу жана агынды тармактарынын эскилиги жеткен, кээ бир бөлүктөрү авариялык абалда турат. Үйлөрдө инженердик коммуникациялар боюнча иш алып барган жоопту адамдар дайындалган эмес, болсо дагы бугунку кундо эффективдуу иштешпейт.

                    2016- жылы январь айында Нарын шаарындагы үйлөрдүн ички таза жана ыплас сууларды техникалык жактан тейлөө «ТТБ” иштерин жүргүүзүү максатында НСК ишканасында атайын бөлүм ачылып,   бул бөлүмдү толугу менен өзүн өзү каржылаган чарбалык эсептеги бирдик катары чыгаруу зарыл. Учурда НСК ишканасында инженердик коммуникацияларда болгон аварияларды калыбына келтируу үчүн күнү- түнү иштеген диспетчердик кызмат иштейт. ТТБнын курамында 1 мастер, 4 слесарь сантехник бар. алар атайын транспорт, керектүү материал- шаймандар менен жабдылган. Жоопкерчилик аянты Нарын шаарын бүт камтыйт. Үйлөрдүн ички таза жана ыплас сууларын техникалык жактан тейлоо өз ара түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт. НСК ишканасы өзүнө тийешелүү  болгон баардык эксплуатациялык обьектилерде профилактикалык кароо, күнүмдүк текшеруу жана авариялык жактан тейлөө максатында кызмат көрсөтөт.

Тараптардын жоопкерчилик актыларына ылайык муздак суунун техникалык жактан тейлөө чек арасы төмөнкүдөй аныкталат:

— үйлөрдүн жер төлөсүндө (подвал) орнотулган суу эсептегичтен;

—  үйлөрдөгу кабаттардын ортосундагы муздак суунун түтүктөрүнөн.

Суу эсептегичи жок учурда техикалык тейлөө үйдүн дубалынын ички бетинен баштап жүргүзүлөт. Ыплас суу тармактары ТТБ тарабынан сырттагы кудуктан үйдүн ичиндеги биринчи кошулган жерге чейин тейленет.

 Менчик үй ээси  үйдүн ичиндеги авария болгон жерди кароого же ремонттоого мүмкүнчүлүк берүүго милдеттүү. Үйдүн ичиндеги авариялык иштерди жүргүзүүдөн кийин санитардык- техникалык жабдууларды (унитаз, раковина, ж.б.), дубал- шыптарды, жана башка конструкцияларды калыбына келтирүү үй ээлеринин  эсебинен жүргүзүлөт.

Үй ичиндеги санитардык- техникалык жабдууларды, суу түтүктөрүн алмаштыруу жана ремонт иштери турак жайдын менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт. Техникалык тейлөө үчүн тарифтер Нарын шаардык Кенеши тарабынан бекитилет.

Үй ичиндеги суу түтүктөрү жана агындылар түтүктөрү эскилигинен колдонууга жана техникалык тейлөөгө мүмкүн болбой калганда, Нарын суу- канал ишканасы менчик ээлерине эскирген түтүктөрдү алмаштыруу жөнүндө кабар берет. Түтүктөрдү алмаштыруу үйдүн ээсинин эсебинен жасалат. Ошол эле учурда үй ээси техникалык тейлөө үчүн мекемени тандоого жана келишим түзүүгө укуктуу.

Таблица 1. Үй ичиндеги суу жана агынды түтүктөрүн техникалык тейлөөнун баасы (налогду эсепке албаганда)

Имараттын тиби Орточо жалпы аянт (м2) Бир айга (сом) Бир жылга (сом)
Бир бөлмөлүү батир 33    
Эки бөлмөлүү батир 45    
Үч бөлмөлүү батир 60    
Төрт бөлмөлүү батир 85    

Төлөмдөрдү эсептөө эмгек чыгымдарды (адам-саат) эсептөөнүн негизинде жасалган, анын ичинде бардык чыгымдар, камсыздандыруу үчүн чыгымдар (эмгек акыга жана чегерүүлөрдү, материалдарды жана запастык бөлүктөргө кеткен чыгымдарды; отун чыгымдар жөнүндө, ж.б., ошондой эле статистикалык маалыматтардын негизинде суу менен жабдуу жана агындылоо ички тармактары, ошондой эле пландаштырылган, пайданы эсепке алуу менен.

  1. ТТБ тарабынан үй ичиндеги суу жана агынды түтүктөрүн техникалык тейлөө алдын алуу жана авариялык иштер тизмеси

Алдын алуу жана авариялык иштердин тизмеси

 Суу түтүгү

  • Диаметри 20, 32, 50 мм түтүктөрдүн туташтырмаларын алмаштыруу
  • Туташтырмаларды ордунан алуу менен ажыратуу;
  • Жаны туташтырманы комплекттөө;
  • Жаны туташтырманы кошуу.
  • Түтүктөрдө, диаметри 32,50 мм болгон, иштеп жаткан линияга резьба менен же ширеткич менен орнотуу

— Болоттон жасалган түтүктү линияга патрубок менен орнотуу, кыска жана узун резьба менен, иштеп жаткан түтүкторду кесүү менен жана түтүктөрдун аягын ордунда кесүү менен фасондук бөлүгүн орнотуу

— Түтүктөрдү газ менен кесүү

— Болот түтүктөрдү линияга резьба менен же ширеткич менен орнотуу

  • Иштеп жаткан түтүктөргө диаметри 32, 50 арматураларды орнотуу

— Болоттон жасалган түтүктү линияга патрубок менен орнотуу, кыска жана узун резьба менен, иштеп жаткан түтүктөрдү кесүү менен жана түтүктөрдүн аягын ордунда кесүү менен арматураны орнотуу

  • Түтүктөргө диаметри 100 мм бекиткичтерди орнотуу

— Прокладкаларды жасоо. Бекиткичтерди прокладкаларды коюу менен жасоо

  • Арматураны ремонттоо: жылдыргычтарды алмаштыруу жана диаметри 100 мм жылдыргычтарды ордунан алмаштырып, коюп ремонттоо

— Арматураны түтүктөн ажыратуу. Арматураны жеринен чечүү. Арматураны толугу менен ажыратуу. Чечилген арматураны жана анын бөлүктөрун кароо жана тазалоо. Арматураны сальниктерди коюу менен куроо. Куралган абалда бөлүктөрдүн байланышын текшерүү. Арматураны ордуна коюу. Туура коюлганын текшерүү.

  • Ички түтүктөрдү суу жана газ куурларынан жана чоюн диаметри 32, 63, 100 мм сырткы түтүктөрдү ажыратуу

— Түтүктөрдү жана бекиткичтерди, арматура, фасондук жана бекитүүчү бөлүктөрүн жарактууралын тандоо менен чечүү .                

— Арматураны жана түтүктүн фасондук бөлүгүн ороо

— Түтүктөрду жана фасондук бөлүктөрун расчеканкалоо

— Чоюн түтүктөрдү толугу менен афыратуу

  • Суу түтүк арматурасын чыгаруу

— Суу бөлүштүрүүчү вентильдерди чыгаруу

— 50, 100 мм кабыл алуучу фланец клапандарды алып салуу

— 50, 100 мм кайра жиберүүчү клапандарды алып салуу

— Диаметри 50, 100 мм суу ченегичтерди алып салуу 

— Диаметри 100, 200 мм суу жылдыргычтарын алып салуу

  • 50мм чейин диаметрдеги кошкуч вентильдерди алмаштыруу

— Арматураны түтүктөн ажыратуу

— Арматураны коюуга даярдоо

  • Жаны арматураны ордуна чактап коюу жана бекитүү

— Болот түтүктөрдүн, диаметри 25, 50 мм болгон,айрым бөлүктөрүн алмаштыруу, узундугу 2 м чейин 

— Түтүктөрдү ордунан кесүү

— Түтүктөрдүн бекиткичтерин алып салуу

— Айрым бөлүктөрдү ордунан ийуу менен даярдоо

— Түтүктүн бөлүгүн деталдарды коюу менен чогултуу жана коюлган түтүккө кошуу

— Гнездолорду тешүү жана түтүктөрдүн бекиткичтерин коюу

  • Түтуктөрдү жаны суу менен камсыз кылуучу системаларды орнотууда имараттарга айрым бир бөлүктөрүн жана деталдарын даярдоо менен тошоо, түтүктөрдүн диаметри 15 – 20 мм, 25 – 32 мм, 40 – 55 мм
  • Түйүндөрдү жана деталдарды даярдоо

  • Түтүктөрдү бекитүү үчүн дубалдарда тешиктерди даярдоо
  • Түтүктөрдү төшөө (жаткызуу)
  • Батирдик суу ченөөчү түйүндүн түзмөгү 50 мм ге чейин
  • Патрубок жасоо менен иштеп жаткан болот түтүктөрдү кошуу, узун жана кыска резьба менен, иштеп жаткан түтүктү жана түтүктүн аягын кесүү менен ордунда суу ченегичтерди жана бекитчү арматураларды коюу

  • Батирдик суу ченөөчү түйүндүн түзмөгү 100 мм ге чейин
  • Патрубок жасоо менен иштеп жаткан болот тутукторду кошуу, узун жана кыска резьба менен, иштеп жаткан тутукту жана тутуктун аягын кесуу менен ордунда суу ченегичтерди жана бекитчу арматураларды коюу

  • Жалпы колдонуудагы суу өткөргүч түтүктөрдү профилактикалык кароодон өткөрүү.

  1. 3. Ыплас суу

  3.1 .Ички чоюн диаметри 50 мм, до 100 мм, до 150 мм тутукторду жана фасондук    бөлүктөрдү ажыратуу

  • Түтүктөрдү жана фасондук бөлүктөрдү расчеканкалоо
  • Түтүктөрдү, фасондук бөлүктөрдү жана бекиткичтерди ажыратуу

3.2.Чоюн түтүктөрдүн айрым бөлүктөрүн имараттардын дубалдары аркылуу алмаштыруу, диаметри 50 мм,  100 мм, 150 мм, 1 м 

  • Бекиткичтерди алып салуу
  • Түтүктөрдү жана фасондук бөлүктөрдү расчеканкалоо
  • Эски түтүктөрдү жана фасондук бөлүктөрдү ажыратуу
  • Түтүктөрдүн жаны комплектин ченөө, кесүү
  • Фасондук бөлүктөрү менен түтүктөрдү төшөө
  • Түтүктөрдүн бекиткичтерин коюу

 3.3.Агынды тармагын тазалоо

  • Ревизия крышкаларын ачуу, бир ревизиядан экинчисине чейинки аралыкты болот шетка менен тазалоо, түтүктөрдү санитардык приборлор менен жууп тазалоо, прокладкаларды коюу менен ревизия крышкаларын жабуу
  • Ички агынды тармагын тазалоо

            3.4. Ички агынды системасын суу жиберуу менен гидравликалык текшерүү

  • Түтүктөрдүн сырткы бөлүгүн текшерүү
  • Ревизия крышкаларын алуу жана бүтөгүчтөрдү орнотуу
  • Агындынын стояктарын толугу менен суу менен толтуруу, 10-15 мин кармап туруу
  • Бүтөгүчтөрдү алып салуу, сууну жиберүү жана ревизия крышкаларын орнотуу
  • Дефекттерди жоюу
  • Системаны акыркы текшерүү
  • Түтүктөрдү кароо жана дефект бар жерлерди прибор менен белгилөө

   3.5.Дубалдарда гнездолорду кол менен жана балка менен тешүү, көлөмү  250 мм – түтүктөрдү алмаштырууда 1.

  • Тешиктерди тешүү жана көсөө
  • Тешиктерди тазалоо

3.6. Жалпы колдонуудагы агынды тармактарын профилактикалык кароодон өткөрүү.

Жоопту катчы                                                                                                         А.Абдыкеримов

 

Добавить комментарий