НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№  6  ТОКТОМУ

10-ноябрь   2016-жыл                                                                                                                             Нарын шаары

Нарын шаарындагы Ак-Бечел суу алуучу жайы  жана Шаркыратма, Төш-Булак суу сактагычтарынын кайтаруусу жөнүндө

Нарын шаарындагы Ак-Бечел суу алуучу жайы  жана Шаркыратма, Төш-Булак суу сактагычтары Кыргыз Республикасынын Стратегиялык обьектилерине киргендигине байланыштуу 2016-жылдын  1-январынан баштап Өкмөттүн токтомунун негизинде  мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынган.  Нарын шаардык суу-канал ишканасы бүгүнкү күндө мамлекеттик күзөт кызматынын кайтаруусуна кеткен чыгымдар ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылууда. Буга  Нарын суу канал ишканасынын жана жергиликтүү бюджеттин акча каражаты жетишсиз болуп жаткандыгын билдирүү менен Ак-Бечел  суу алуучу жайын мамлекетттик адистештирилген күзөт кызматына калтырып, Шаркыратма жана Төш-Булак суу топтоочу жайларды жеке менчик, атайын сертификаттары бар күзөт кызматтар аркылуу кайтартууну  Нарын шаардык суу канал ишканасы сунуштаган. Сунуш шаардык Кеңештин кезексиз сессиясынын кун тартибине коюулуп, депутаттардын талкуусуна алынды.

Суу алуучу жана суу топтоочу жайларды кайтарууга алуу боюнча Нарын шаардык суу канал ишканасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарындагы Ак-Бечел суу алуучу жайы жана Шаркыратма, Төш-Булак суу сактагычтарын кайтарууда  мамлекеттик күзөт кызматынын кайтаруусуна кеткен чыгымдар ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылгандыктан жана  Нарын суу канал ишканасынын,  жергиликтүү бюджеттин акча каражатынын  жетишсиз болуп жаткандыгын эске алуу менен 2017-жылдын 1-январынан баштап Нарын шаарындагы Ак-Бечел суу алуучу жайы  мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кайтаруусуна  калтырылсын, ал эми Шаркыратма, Төш-Булак суу сактагычтарын кайтартуу маселелерин өз деңгээлинде уюштуруу жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык суу-канал ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын.

 

  Төрага                                                                                                                Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, суу-канал ишканасына

Добавить комментарий