НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН  

   №7  ТОКТОМУ   

   31-октябрь 2018-жыл                                                                                                                                             Нарын шаары

 Нарын шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын жана резервинин тизмесин бекитүү жөнүндө

           “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана  Нарын шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, жаңы  курамын  жана резервинин тизмесин  кайрадан түзүү жана  бекитип берүү  боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча өкүлүнүн сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы жана резервин түзүү боюнча тизмеси бекитилсин (тизмеси тиркелет).
  1. Бекитилген тизме КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча өкүлүнө жиберилсин.
  1. Токтомдун аткаруу жагы Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                               Ж. Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, облустук юстиция башкармалыгына, БШКнын Нарын облустук өкүлүнө, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына.

 

7-токтомго тиркеме_УШК курам 2018

 

Добавить комментарий