НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХХХII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
19-март 2020 жыл Нарын шаары
Нарын шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын тизмесин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана Нарын шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, жаңы курамынын тизмесин кайрадан түзүү жана бекитип берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча өкүлүнүн сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын курамы 5 жылдык мөөнөткө бекитилсин (тизмеси тиркелет).
- Бекитилген тизме КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча өкүлүнө жиберилсин.
- Токтомдун аткаруу жагы Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж. Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, облустук юстиция башкармалыгына, БШКнын Нарын облустук өкүлүнө, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына.
НАРЫН ШААРДЫК УЧАСТКАЛЫК ШАЙЛОО КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ_ТИРКЕМЕ